Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабрындагы №7/13
Барпы айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фонддун жерлери жөнүндө
Барпы айылдык кенешинин кезектеги VII сессиясы кун тартибиндеги Барпы айыл аймагындагы Барпы Алыкулов урөөнчүлүк кооперативине ижарага берилген 87,0га жерден 40га жер аянтын кайтаруу боюнча Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевдин 06.12.2017-жыл №704 сандуу сунушун угуп жана талкуулап Барпы айылдык кенеши төмөндөгудөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагындагы Барпы Алыкулов урөөнчүлүк кооперативине ижарага берилген 87,0га жерден 40га жер аянтын Барпы айыл өкмөтүнүн тургундарына ижарага берүү максатында кайтарып алуу боюнча Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевдин сунушун чечүү маселеси 2018-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөткө калтырылсын.
2. 2018-жылдын 1-ноябрынан тартып Барпы Алыкулов үрөөчүлүк кооперативине ижарага берилген 87,0га жерр аянтынан 40га жер аянтын Барпы айыл өкмөтүнө кайтарып берүү жагы Барпы Алыкулов үрөөнчүлүк кооперативинин башчысы А.Юсуповго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап кучүнө кирет.
Төрага | У.А. Абдыкулов |