Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабрындагы №7/15
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын “Ай-нуру” күндүзгү калыптандыруу борбору жөнүндө
Барпы айылдык кенешинин кезектеги VII сессиясы кун тартибиндеги «Ай-нуру» күндүзгү калыптандыруу борбору жөнүндөгү социалдык маселелер боюнча башкы адис: Г.Карабаеванын маалыматын угуп жана талкуулап төмөндөгудөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагынын “Ай-нуру” балдардын күндүзгү калыптандыруу борборунун толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн штаты менен Республикалык бюджетке киргизүүгө сунуш берилсин.
2. “Ай-нуру” балдардын күндүзгү калыптандыруу борборунун Республикалык бюджеттен каржылоосуна сунуш берүү үчүн Сузак райондук билим берүү башкармалыгынан суралсын.
3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы башкы адис: Г.Карабаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
WWW.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
Төрага | У.А. Абдыкулов |