ТоктомКүчүндө

Барпы айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы №7/19 «Барпы айылдык кеңешинин иш кагаздарын малекеттик тилде жүргүзүү боюнча» токтому

Редакция21.12.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

чакырылышынын VII сессиясы

 

2017-жылдын 21-декабрындагы №7/19

 

Барпы айылдык кеңешинин иш кагаздарын малекеттик тилде жүргүзүү боюнча

Барпы айылдык кенешинин кезектеги VII сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнөндөгү” мыйзамынын 26-беренесинин 1-1-бөлүкчөсүнө, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы №114-токтомуна ылайык, Барпы айылдык кеңешинин кезектеги VII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Барпы айылдык кеңешинин иш кагаздары жана токтомдору мамлекеттик тилде гана жазылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Барпы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы; А.Салиевага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап кучүнө кирет.

 

Төрага

У.А. Абдыкулов