Загрузка документа…
КАРА-КУЛЬ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-августундагы №97/35-6
“Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө шаарчасынын статусун өзгөртүү жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары М.Халитовдун 2015-жылдын 12- ноябрындагы 01-32/458 сандуу катындагы поселок статусун алып жүргөн калктуу конуштар айыл же шаар статусун алуу шарт экендиги жөнүндө кайрылуусун, Кара-Көл шаарынын мэри М.Д.Койчиевдин 25.11.2015-жылдагы 05-23/2210 сандуу катындагы мыйзам талабына ылайык Кетмен –Төбө шаарчасына Кара-Көл шаарына караган айыл статусун алууга шаардык кеңештин тиешелүү чечимин чыгарып берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кетмен-Төбө шаарчасынын жергиликтүү жамаатынын протоколдук чечимин жана Кара-Көл шаардык кеңешинин мандат, регламент, укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 198 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 581 токтому менен өзгөртүүлөр киргизилген ыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын Концепциясын ишке ашыруу жана географиялык аталыштарды Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарынын талаптарына ылайыкташтыруу максатында Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө шаарчасынын статусун Кара-Көл шаарына караган Кетмен-Төбө айылы статусуна өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Кара-Көл шаарынын мэриясы (И.М.Еркеев) “ Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иш -аракеттерди жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын мэриясына ( И.М.Еркеев), ал эми аткарылышын көзөмлгө алуу шаардык кеңештин мандат, регламент жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына ( Ж.Ж.Орунова) жүктөлсүн.
Төрага | М.К.Женбеков |