Загрузка документа…
КАРА-КУЛЬ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-августундагы №99/36-6
“ Кара-Көл шаардык кеңешинин 04.07.2016-жылдагы №94/34-6 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 03.08.2016-жылдагы чыгыш № 05-22/1828 сандуу кайрылуу катындагы маселелерди жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 04.07.2016-жылдагы № 94/34-6 сандуу токтомунун “Өнүгүү бюджетинин” РЕЕСТРиндеги “ Күрөш залын курууга” кол тийбес каражат катары калтырылган каражатты жер маселеси чечилгендигине байланыштуу күрөш залын курууга пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 04.07.2016-жылдагы № 94/34-6 сандуу токтомунун “Өнүгүү бюджетинин РЕЕСТРиндеги “ Шаардык мэрия сунуштаган жумуштарга”,- деп бекитилген 4000,0 миң сомдук кол тийбес каражатты шаардын ички жолдоруна ( М Сабиров көчөсү- 7-аянтчадагы 3 көчөнүн ичи) жана Серый көчөсүнүн башынан № 9, 11үйлөрүнө чейинки аянтчага асфальт төшөө иштерине каржылоого макулдук берилсин.
3. Кара-Көл шаардык кеңешинин 04.07.2016-жылдагы № 94/34-6 сандуу токтомунун “Өнүгүү бюджетинин” Реестриндеги ШММБнын имаратын оңдоо иштерине”,- деп бекитилген 70,0 миң сомду “ Мэриянын имаратынын 1-3 кабатындагы ажаатканалардын ремонт иштерине”,- деп алмаштырууга макулдук берилсин.
4. Кара-Көл шаардык кеңешинин 04.07.2016-жылдагы № 94/34-6 сандуу токтомунун “Өнүгүү бюджетинин” РЕЕСТРиндеги “ Кайыңды эс алуу лагерине баруучу жолду оңдоо, түзөө иштерине”,- деп бекитилген 200,0 миң сомдук каражатты ШММБнын тиешелүү беренеси аркылуу шаар ичиндеги көчөлөрдү жамоо иштерине күйүүчү май кароого макулдук берилсин.
5. Кара-Көл шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгын имарат менен камсыз кылуу максатында мурунку Эмгек жана миграция бөлүмү жайгашкан имаратты ижарага алууга 25,0 миң сом каражатты ( 5 ай х 5,0 миң сом) Кара-Көл шаардык кеңешинин 04.07.2016-жылдагы № 94/34-6 сандуу токтомунун “Өнүгүү бюджетинин” РЕЕСТРиндеги “ ПСД жасатууга”,- деп бекитилген 1133,1 миң сомдун эсебинен ШММБнын тиешелүү беренеси аркылуу каржылоого макулдук берилсин.
6. Тарых жана маданият жылына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган иш чараны жогорку денгээлде өткөрүү максатында Кара-Көл шаардык кеңешинин 04.07.2016-жылдагы № 94/34-6 сандуу токтомунун “Өнүгүү бюджетинин” РЕЕСТРиндеги “ ПСД жасатууга”,- деп бекитилген 1133,1 миң сомдун эсебинен 600,0миң сомду маданият бөлүмүнүн тиешелүү беренеси аркылуу каржылоого макулдук берилсин.
7. Шаардык каржы бөлүмү ( Осмонкулов Ж.Т.) бул токтомго ылайык 2016-жылдын шаардык бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча тиешелүү тактоолорду киргизсин жана мыйзам чегинде каржыласын.
8. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга ( Еркеев И.М.), ШММБна жана шаардык каржы бөлүмүнө ( Осмонкулов Ж.Т.) . ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Жетешикова Г.С.) жүктөлсүн.
Төрага | М.К.Женбеков |