Загрузка документа…
КАРА-КУЛЬ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-августундагы №101/38-6
“К.Б.Хуриевдин эстелигин шаардын муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 26.08.2016-жылдагы чыгыш № 05-22/2017 сандуу кайрылуу катындагы К.Б. Хуриевдин эстелигин “НГЭК” ААКнун балансынан шаардын муниципалдык менчигине кабыл алуу маселесин угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш , архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Б.Хуриевдин эстелигин “НГЭК” ААКнун балансынан шаардын муниципалдык менчигине акысыз кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Шаардык мэрияга ( Еркеев И.М.) Х.Б.Хуриевдин эстелигин тиешелүү деңгээлде кароо, коргоо иштерин мыйзам чегинде жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга (Еркеев И.М.), ШММБна, ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш , архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Кыргызалиев Б.Н.)жүктөлсүн.
Төрага | М.К.Женбеков |