Загрузка документа…
КАРА-КУЛЬ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-сентябрындагы №102/38-6
“ Кара-Көл шаардык кеңешинин 04.07.2016-жылдагы №94/34-6 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 30.08.2016-жылдагы чыгыш № 05-22/2041 сандуу кайрылуу катындагы К.Б. Хуриевдин эстелигин жылдырып, жаңы бөлүнгөн жерге куруу иштерине каражат бөлүү маселесин угуп жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 04.07.2016-жылдагы №94/34-6 сандуу токтомунун “Өнүгүү бюджетинин” РЕЕСТРиндеги “Каскад жана РЭС, ДЭП-30 мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга” каралган 1200,0 миң сом каражаттын эсебинен К.Б. Хуриевдин эстелигин жылдырып, жаңы бөлүнгөн жерге куруу иштерине 541,6 миң сом бөлүүгө макулдук берилсин.
2. Шаардык каржы бөлүмү (Осмонкулов Ж.Т.) бул токтомго ылайык 2016-жылдын шаардык бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча ШММБнын тиешелүү беренелерине тактоолорду киргизсин жана мыйзам чегинде каржыласын.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга (Еркеев И.М.), ШММБна жана шаардык каржы бөлүмүнө (Осмонкулов Ж.Т.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Жетешикова Г.С.) жүктөлсүн.
Төрага | М.К.Женбеков |