Загрузка документа…
КАРА-КУЛЬ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-сентябрындагы №103/38-6
“ Кара-Көл шаардык сотуна имарат курууга жер бөлүп берүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 30.08.2016-жылдагы чыгыш № 05-10/2042 сандуу кайрылуу катындагы Кара-Көл шаардык сотуна имарат курууга жер бөлүп берүү маселесин угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш , архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 30.08.2016-жылдагы чыгыш № 05-10/2042 сандуу кайрылуу катындагы Кара-Көл шаардык сотуна имарат курууга жер бөлүп берүү маселеси боюнча маалымат эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык сотуна имарат курууга 0,6 чарчы метр көлөмүндөгү жер тилкесин шаардык мэриянын имаратынын жанындагы (мэриянын гаражынын арт жагы) муниципалдык менчиктеги жерден бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Шаардык мэрияга ( Еркеев И.М.), ШММБга Кара-Көл шаардык сотуна имарат курууга бөлүнгөн жер тилкесин мыйзамдаштырып берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга (Еркеев И.М.), ШММБна, ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Кыргызалиев Б.Н.) жүктөлсүн.
Төрага | М.К.Женбеков |