Загрузка документа…
КАРА-КУЛЬ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-сентябрындагы №104/38-6
“Завод “Достук” ААКнун балансында турган Серый көчөсүндөгү № 19 үйдү шаардын муниципалдык менчигине кабыл алуу жана чатырын жабуу жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 07.09.2016-жылдагы чыгыш № 06-9/2092 сандуу кайрылуу катындагы завод “Достук” ААКнун балансында турган Серый көчөсүндөгү №19 үйдү шаардын муниципалдык менчигине кабыл алуу жана чатырын жабуу маселесин угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш , архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын, бюджет, экономика, финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXХIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Завод “Достук” ААКнун балансында турган Серый көчөсүндөгү №19 үйдү шаардын муниципалдык менчигине акысыз кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Шаардык мэрияга ( Еркеев И.М.) Завод “Достук” ААКнун балансында турган Серый көчөсүндөгү №19 үйдү мыйзам чегинде кабыл алуу жүктөлсүн.
3. Серый көчөсүнүн № 19 үйүнүн чатырын жабуу үчүн материал алууга 704,9 миң сом каражатты Кара-Көл шаардык кеңешинин 04.07.2016-жылдагы №94/34-6 сандуу токтомунун “Өнүгүү бюджетинин” РЕЕСТРиндеги “Каскад жана РЭС, ДЭП-30 мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга” каралган 1200,0 миң сомдон ( 1200, 0 миң сом - 541,6 миң сомду кемиткенден кийин) калган 654,4 миң сом калдык каражаттын эсебинен 361,1 миң сом бөлүп берүүгө, ал эми калган жетпеген 343,8 миң сомдук каражатты шаардык мэрияга каралган 2016жылдын сметасындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга реаблитациялык борбор ачуу үчүн каралган каражаттын эсебинен каржылоого макулдук берилсин.
4. Шаардык каржы бөлүмү (Осмонкулов Ж.Т.) бул токтомго ылайык 2016-жылдын шаардык бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча ШММБнын тиешелүү беренелерине тактоолорду киргизсин жана мыйзам чегинде каржыласын.
5. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга (Еркеев И.М.), ШММБна, ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш , архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Кыргызалиев Б.Н.)жүктөлсүн.
Төрага | М.К.Женбеков |