Загрузка документа…
КАРА-КУЛЬ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-сентябрындагы №105/39-6
“Кетмен – Төбө шаарчасындагы шаардын муниципалдык менчигинде турган Өрткө каршы бөлүмүнүн имаратын ШММБнын балансынан Кара-Көл шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Н.С.Жекшеевдин 21.06.2016-жылдагы чыгыш № 05-12/1473 сандуу кайрылуу катындагы Кетмен – Төбө шаарчасындагы шаардын муниципалдык менчигинде турган Өрткө каршы бөлүмүнүн имаратын ШММБнын балансынан Кара-Көл шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш , архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXХIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен – Төбө шаарчасындагы шаардын муниципалдык менчигинде турган Өрткө каршы бөлүмүнүн имаратын ШММБнын балансынан Кара-Көл шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Шаардык мэрияга ( Еркеев И.М.) Кетмен – Төбө шаарчасындагы шаардын муниципалдык менчигинде турган Өрткө каршы бөлүмүнүн имаратын ШММБнын балансынан Кара-Көл шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн балансына мыйзам чегинде өткөрүп берүү жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга (Еркеев И.М.), ШММБна, ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш , архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Кыргызалиев Б.Н.)жүктөлсүн.
Төрага | М.К.Женбеков |