Загрузка документа…
КАРА-КУЛЬ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-сентябрындагы №107/40-6
“Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын 2016-жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндө И.М.Еркеевдин маалыматы “
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 2016-жылдын 19-сентябрындагы чыг.№05-1/2179 сандуу катындагы Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын 2016-жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндө маалыматын, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып, шаардык кеңештин кезектеги ХXХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин Кара-Көл шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасынын 2016-жылдын 6 айында аткарылышы жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык салык кызматынын башкармалыгына тийешелүү салыктардын жана жыйымдардын 2 түрүнөн жана ШММБна тийешелүү салыктардын 3 түрүнөн толбой калган салыктарды ушул жылдын аягына чейин толтуруу боюнча тиешелүү иш алып баруу шаардык мэрияга жана ШММБна жүктөлсүн.
3. Кара-Көл шаардык мэриясына (И.М.Еркеев), мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгына (Т.Т.Муратов) комиссия түзүп соода-сатык жүргүзүүчү дүкөндөрдүн, эшиктерде отуруп соода жүргүзүп жаткан соодагерлердин патенттерин текшерип мыйзам чегинде бюджетке акча каражатын түшүрүп сатуудан түшүүчү салыктын ордун толтуруу боюнча иш алып баруу милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев) ал эми көзөмөлдөө шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жетешикова Г.С.) жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Бегалиева Ж.Ч.) жүктөлсүн.
Төрага | М.К.Женбеков |