Загрузка документа…
КАРА-КУЛЬ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-сентябрындагы №108/40-6
“Кара-Көл шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2016-2017-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жөнүндө”
“Кара-Көл шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2016-2017-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жөнүндө” Кара-Көл шаарынын I вице-мэри Н.С.Жекшеевдин маалыматын, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципиалдык менчик жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Н.Кыргызалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXXX сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2016/2017-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” №215-токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 24-майындагы №52-кт-токтомун турмушка ашыруу, Кара-Көл шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2016-2017-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча шаардык мэриянын №213-б буйругу чыгарылып, шаардык штабдын курамы түзүлүп, иш-чара бекитилип, аны аткаруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.
Шаарды жылуулук менен камсыз кылуу боюнча 4 (“ЦТК”, А.К.Тавашаров, 7-аянтчадагы, “ДСР”, “Бекташ”) электр откана иштейт. Электр от казандарга капиталдык жана кезектеги жабдууларын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.
Шаардагы бардык социалдык объектилерди кышка даярдоо боюнча ММБ тарабынан аракеттери жүргүзүлүп, кышка даярдыктар көрүлгөн.
Кара-Көл шаарындагы “Келечек”, “Баластан” балдар бакчаларын, Д.Шопоков атындагы №4-орто мектебинин жылуулук түтүткчөлөрүн, Б.Хуриев атындагы №5-орто мектеби, Токтогул атындагы №1-орто мектебинин 12 эшигин алмаштыруу жана сырткы ажаткананын чатырын, Ч.Тулөбердиев атындагы №2, Т.Темиров атындагы №6-орто мектептеринин от казандары, трансформатор коюу жылытуу системасына кошуу чатырларын жабуу иштери жүргүзүлүүсү зарыл.
Электр энергияны колдонууда электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча калк арасында түшүшндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.
Калкка көмүр даярдоо боюнча иштерди күчөтүү керек.
ММБ тарабынан инерттик материалдар жетишерлик көлөмдө даярдалуусу зарыл.
Жогорудагы көрсөтүлгөндөрдүн негизинде Кара-Көл шаардык Кеңешинин кезектеги ХXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Көл шаарынын экономика тармактарын жана калкын 2016-2017-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүу жөнүндөгү” I вице-мэр Н.С.Жекшеевдин маалыматын, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Н.Кыргызалиевдин маалыматы эске алынсын.
2. КараКөл шаардык мэрияга:
- №4-орто мектеби, №5 – орто мектептеринин жылуулук түтүкчөлөрүн;
- “Келечек” балдар бакчасынын чатырчаларын;
- №1-орто мектебинин 12 эшигин алмаштыруу жана сырткы ажаткананын чатырын жабуу;
- №2-орто мектеби, №6-орто мектептеринин от казандары трансформатор коюу маселелерин көзөмөлгө алып, аткаруу боюнча тиешелүү иш-аракеттери жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Кара-Көл электр тармактар ишканасына:
- Кара-Көл шаарына бөлүнгөн лимитти сактоо;
- дебитордук карыздарды азайтуу;
- жалпы жоготууларды азайтуу милдеттендирилсин.
4. Муниципалдык менчик башкармалыгы менен, ДЭП-30 ишканасына :
- 2016-2017-жылдагы күз-кыш мезгилинде шаардын аймагындагы автожолундагы карларды, жолдун четиндеги муздарды таштарды (осыпь) тазалоо жана жолду кеңейтүү, кум туз чачуу иштерин аткаруу максатында жана үзгүлтүксүз транспорттук байланышты камсыздоо үчүн атайын техникалардын даярдыгын камсыз кылууну, тийиштүү инерттик материалдарды даярдоо иштерин жүргүзүүнү күчөтүү милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев) ал эми
көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Н. Кыргызалиев) жүктөлсүн.
Төрага | М.К.Женбеков |