Загрузка документа…
КАРА-КУЛЬ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-сентябрындагы №109/40-6
“Кара-Көл шаардык кеңешинин 04.07.2016-ж. №94/34-6 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 14.09.2016-ж. чыг.№03-7/2145 сандуу кайрылуу катындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңешмелеринин жыйындарынын басымдуу бөлүгү видеоконференцбайланыш аркылуу болуп жаткандыгына байланыштуу, системанын сапаттуу болушу үчүн “Кыргызтелеком” АКунун Кара-Көл шаардык бөлүмүнөн баштап шаардык мэрияга чейин ВОЛС кабелин тартууга, гидро куруучу З.Л.Серыйдын эстелигин реконструкциялоого, жетинчи аянтчага коюлган флаг-штоктун тосмосуна жана башка ремонт иштерине, материал сатып алууга каражат бөлүп берүү маселесин угуп жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, шаардык кеңештин кезектеги ХXХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 04.07.2016-ж. №94/34-6 сандуу токтомунун №3 тиркемесиндеги 2215-беренесиндеги сметчик технадзордун кызмат акысына коюлган 1153,4миң сомдон 682,4миң сом калдык каражаттын ичинен төмндөгү иш-чараларга 557,7миң сомдук каражатты бөлүп берүүгө макулдук берилсин:
“Кыргызтелеком” АКунун Кара-Көл шаардык бөлүмүнөн баштап шаардык мэрияга чейин ВОЛС кабелин тартууга 57,7миң сом
Гидро куруучу З.Л.Серыйдын эстелигин реконструкциялоого курулуш материалдарын сатып алуу үчүн 250,0миң сом
Жетинчи аянтчага коюлган флаг-штоктун тосмосуна, көрктөндүрүү иштерине курулуш материалдарын жана отургуч, урна, плафондорду сатып алууга 250,0миң сом
2. Шаардык мэрия (И.М.Еркеев) “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын эске алуу менен ишке ашырсын.
3. Шаардык каржы бөлүмү (Осмонкулов Ж.Т.) бул токтомго ылайык 2016-жылдын чыгаша бөлүгү боюнча ШММБнын тийешелүү беренелерине тактоолорду киргизсин жана мыйзам чегинде каржыласын .
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев) ал эми көзөмөлдөө шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жетешикова Г.С.) жүктөлсүн.
Төрага | М.К.Женбеков |