Загрузка документа…
КАРА-КУЛЬ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-сентябрындагы №111/40-6
“Завод “Достук” ААКнун балансындагы “Кайыңды” балдар эс алуу борборун муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алуу жөнүндө»
Кара-Көл шаардык мэриясынын 2016-жылдын 24-августундагы чыг.№06-1/2004 сандуу каты, завод “Достук” ААКнун башкы директору А.А.Жолдошовдун 2016-жылдын 12-августундагы №48 сандуу кайрылуу каттарындагы “Завод “Достук” ААКнун балансындагы “Кайыңды” балдар эс алуу борборун муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берүү боюнча сунушу Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын жана бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын бул маселе боюнча билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХXXX сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Азыркы күндө завод “Достук” ААКнун Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине караштуу экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна болгон карызы 771,0миң АКШ долларын түзөт. “Кайыңды” эс алуу борбору техникалык кредит боюнча күрөөдө турат. Көз карандысыз эксперттердин корутундусу боюнча балдар эс алуу борборунун баасы 45млн сомдон ашык, бирок завод “ Достук” ААКнун директорлор кеңешинин протоколдук чечиминин негизинде “Кайыңды” эс алуу борборун 40млн сомго сатууга макул. “Кайыңды” эс алуу борбору жатаканалардан, ашканадан, жайкы ашканадан, медпункттан, кароолканадан, 2 бассейин, волейбол аянтчасы, от жагуучу аянтча жана башка инфраструктуралары менен биргеликте 4,8га жерди ээлейт. Мамлекет алдындагы карыздардан кутулуу максатында “Кайыңды” балдар эс алуу борборун муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берип, ошону менен эле бирге завод “Достук” ААКнун техникалык кредит боюнча ссудалык карызын ШММБгы өзүнө өткөрүп алып, жылына жергиликтүү бюджеттен 2 857,1миң сомдон каржы министрлигине төлөп, 14 жылдын ичинде ссудалык карыздан кутулуу графиги сунушталууда.
Жогорудагы жагдайларды эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Завод “Достук” ААКна караштуу “Кайыңды” балдар эс алуу борборунун имараттарын жана курулмаларын ичиндеги бардык инвентарлары менен 4290,1м2, инфраструктураларын (суу алуучу станция 6116,12 м2, тарнсформатор, столба линияларын, бассейиндер), аянты 4,8га болгон жер участогу менен кошуп шаардын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Шаардык мэрияга аталган обьектини шаардын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу боюнча мыйзам чегиндеги тиешелүү иштерди жүргүзүү жана баасын тактоо боюнча көз карандысыз эксперт чакыртуу милдеттендирилсин.
3. “Кайыңды” балдар эс алуу борборун муниципалдык менчикке өткөрүп алуу менен Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине караштуу экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна болгон ссудалык карыздын 40 000.0миң сомун төлөө графиги №1тиркемеге ылайык бекитилсин. Мэрия тарабынан чакыртылган көз карандысыз эксперт 40 000,0миң сомдон төмөн бааласа №1 тиркемедеги төлөө графиги өзгөртүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), ал эми көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитекура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Б.Н.Кыргызалиев) жана бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Г.С.Жетешикова) жүктөлсүн.
Төрага | М.К.Женбеков |
Тиркеме 1
Бекитилди:
Кара-Көл шаардык кеңещинин
27.09.2016-ж. №111/40-6
токтому менен
4,8га жери менен турган 40млн. сомдук “Кайыңды” балдар эс алуу лагерин өткөрүп алуу менен техникалык кредит боюнча ссудалык карызды төлөөнүнү графиги
Кредитор: Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги
Заемщик : Кара-Көл шаардык муниципалдк менчик башкармалыгы
Негизги карыздын суммасы 40 000,0миң сом. Төлөөнүн башталышы 01.01.2017-ж.
Төлөөнүн датасы
| Карыздын суммасы (сом менен) | Төлөө | Эскертүү |
2017-жыл | 2 857 143 |
|
|
2018-жыл | 2 857 143 |
|
|
2019-жыл | 2 857 143 |
|
|
2020-жыл | 2 857 143 |
|
|
2021-жыл | 2 857 143 |
|
|
2022-жыл | 2 857 143 |
|
|
2023-жыл | 2 857 143 |
|
|
2024-жыл | 2 857 143 |
|
|
2025-жыл | 2 857 143 |
|
|
2026-жыл | 2 857 143 |
|
|
2027-жыл | 2 857 143 |
|
|
2028-жыл | 2 857 143 |
|
|
2029-жыл | 2 857 143 |
|
|
2030-жыл | 2 857 141 |
|
|
Жалпы: | 40 000 000 |
|
|
Аппарат жетекчи : Нурматова К.И.