Загрузка документа…
КАРА-КУЛЬ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-сентябрындагы №112/40-6
“Кара-Көл шаарынын аймагында “Евангелдик Христиан-Баптистер Чиркөөсү” диний уюмунун жүргүзүп жаткан иш-аракеттери тууралуу мэриянын кайрылуусу жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын аймагында “Евангелдик Христиан – Баптистер Чиркөөсү” диний уюмунун жүргүзүп жаткан иш-аракеттери тууралуу мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Кара-Көл шаардык бөлүмунун башчысы Б.М.Эргешовдун,шаардык кеңештин мандат, регламент,этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХXXX сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кара-Көл шаарынын Береговая №45 көчөсүндө жайгашкан “Евангелдик Христиан – Баптистер Чиркөөсү” 2005-жылдан 13-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча мамалекеттик агенттигинин каттоосунан өткөн. Ошол жылдан бери бул уюм Кара-Көл шаар аймагында “Евангелдик Христиан-Баптистер Чиркөөсү” диний уюмунунишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. 2010-жылдан бери бул диний уюм Мамытов көчөсүнүн №9 үйүнө көчүп келип өз ишин жүргүзүп келет. Чиркөө турак үйлөр жайгашкан көчөдөн орун алып, үн күчөтүүчү техникалык каражаттарды колдонуп ырдашып, жаш балдарга таттууларды , китептерди берип, үгүтөө иштерин жүргүзүп, кошуналардын, жалпы Кара-Көл шаарынын тургундарынын чоң нааразычылыктар жаратууда.
19-июнь 2016-жылы “Евангелдик Христиан – Баптистер Чиркөөсү” диний уюмунун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча рейд жүргөн. Анда сыйынууга 35-40 адам катышкан ал эми башка бир бөлмөсүнө ар кандай жаштагы 18 жаш балага дин боюнча окутуу жүргүзүлүп жаткан.
25-сентябрь 2016-жылы да “Евангелдик Христиан – Баптистер Чиркөөсү” диний уюмунун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча рейд жүргөн. Анда сыйынууга 21 чоң адам 30 жакын жашы жете элек балдар катышкан. Мындан сырткары башка бөлмөлөрдө 10 го жакын жаш балдарга ушул дин боюнча сабактар өтүлүп жаткан. Мында Кыргыз Республикасынын “Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдар жөнүндө“ мыйзамынын 4-беренесинин 5-пунктуна ылайык Жашы жетелектерди диний уюмдарга тартууга жол берилбейт жана 6-беренесине ылайык билим берүү диний окуу жайларда гана жүргүзүлүүгө тийиш. Мында да жогорудагы диний уюм мыйзам бузууларга барууда.
Кыргыз Республикасынын “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө“ мыйзамынын 10 беренесинин 3-пунктунун 3-абзасына ылайык диний уюмдун уставына толуктоолор жана өзгөртүүлөр диний уюмду эсепке алуу каттоосунун тартибинде жана мөөнөтүндө кайра эсепке алуу каттоосунан өткөрүлүүгө тийиш. Тилекке каршы, бул уюмдун уставынын 2-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилсе да кайра каттоодон өткөрүлгөн эмес.
Мамытов көчөсүнүн №9 үйү 23.10.2012-ж №614 сандуу сатуу жана сатып алуу келишиминин негизинде “Евангелдик Христиан Баптистери Чиркөөсү” диний уюмуна
катталып, серия Ч№324473 болгон жеке менчик укугу жөнүндөгү мамалекеттик акт мамлекеттик каттоо башкармалыгы тарабынан берилген. Бирок бул чиркөө катары эмес реестрге жеке менчик үй катары кирген.
Кара-Көл шаарынын шаар курулуш архитектурасы боюнча башкармалыгы тарабынан 2011-жылы 137 сандуу (ИТУ) кайра реконструкциялоого корутунду берилген. Бирок азыркы учурда берилген корутундуга тургузулган дубалдары ылайык келбейт.
Жогоруда белгиленгендерди эске алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги ХXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн башчысы Б.М.Эргешовдун “Евангелдик Христиан-Баптистер Чиркөөсү” диний уюмунун жүргүзүп жаткан иш-аракеттери тууралуу маалыматы эске алынсын.
2. “Евангелдик Христиан-Баптистер Чиркөөсү” диний уюму Мамытов көчөсүнүн №9 үйүнө катталбагандыктан бул үйдө иш-аракеттерди жүргүзүүгө тыюу салынсын.
3. Кара-Көл шаарынын аймагында “Евангелдик Христиан-Баптистер Чиркөөсү” диний уюмунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына дал келбеген иш-аракеттери боюнча КР мамлекеттик коопсуздук комитетинин Кара-Көл шаардык бөлүмү жана шаардык ички иштер бөлүмү тиешелүү профилактикалык иш-аракеттерди жүргүзсүн.
4. Кара-Көл шаарынын аймагында “Евангелдик Христиан-Баптистер Чиркөөсү” диний уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына дал келбеген иш-аракеттерин токтотпосо Кара-Көл шаарынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн дин иштери боюнча мамлекеттик органына диний уюмду жоюу боюнча кайрылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кара-Көл шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Ж.Ж.Оруновага жүктөлсүн.
Төрага | М.К.Женбеков |