Загрузка документа…
КАРА-КУЛЬ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-сентябрындагы №113/40-6
“Кара-Көл шаарынын мэриясы тарабынан акысыз көрсөтүлүүчү “муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин” бекитүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 08.09.2016-ж. чыг.№05-22/2100 сандуу кайрылуу катындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин КР “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана оптималдаштыруу боюнча шаардык мэрия тарабынан акысыз көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин бекитүү жөнүндө маселесин угуп жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, шаардык кеңештин кезектеги ХXХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык мэриясы тарабынан акысыз көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), шаардык ММБна (Э.Э.Бабаканов) ал эми көзөмөлдөө шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жетешикова Г.С.) жүктөлсүн.
Төрага | М.К.Женбеков |
Тиркеме 1
БЕКИТИЛДИ:
Шаардык кеңештин
27.09.16-ж. №113/40-6
сандуу токтому менен
Шаардык мэрия тарабынан акысыз көрсөтүлүүчү муниципалдык кыматтардын кошумча тизмеги
№ | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин бекитүү боюнча жергиликтүү кеңештин чечими (номуру, күнү)
| Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган | Кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык мекемелер | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарттары (акы төлөнүүчү, акысыз) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Кара-Көл шаары | |||||
1 | Ритуалдык тейлөө көрсөтүү: - Туруктуу жашаган жери жок өлгөн адамдарды жерге жашыруу - Мүрзө каздыруу
|
27.09.16-ж. №113/40-6 | Муниципалдык менчик башкармалыгы | Муниципалдык менчик башкармалыгы | Акысыз
|
2 | Мэриянын кабыл алган токтом, буйруктардын көчүрмөсүн керектүүлөргө берүү |
27.09.16-ж. №113/40-6 | Муниципалдык менчик башкармалыгы | Мэрия | Акысыз
|
3 | Муктаж жарандарды отун менен камсыз кылуу |
27.09.16-ж. №113/40-6 | Муниципалдык менчик башкармалыгы | Муниципалдык менчик башкармалыгы | Акысыз
|
4 | Муктаж жарандарга трактор, экскаватор кызматтарын көрсөтүү (күйүүчү майсыз) |
27.09.16-ж. №113/40-6 | Муниципалдык менчик башкармалыгы | Муниципалдык менчик башкармалыгы | Акысыз
|
5 | Олимпиада жана спорт оюндарынын катышуучуларын (окуучулар) транспорт менен камсыздоо |
27.09.16-ж. №113/40-6 | Муниципалдык менчик башкармалыгы | Мэрия | Акысыз
|
Аппарат жетекчи : Нурматова К.И.