Загрузка документа…
КАРА-КУЛЬ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-октябрындагы №114/40-6
“Кара-Көл шаардык кеңешинин 04.07.2016-ж. №94/34-6 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 12.10.2016-ж. №06-7/2384, 12.10.2016-ж. №05-22/2389, 17.10.2016-ж. №05-10/2425 чыгыш сандуу кайрылуу каттарындагы 7-ноябрь Октябрь революциясынын күнүнө карата шаардык ипподромдо улуттук ат оюндарын өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 300,0миң сом, шаардын борбордук көчөлөрүнө 200 даана светодиод көчө жарыктарын жана керектүү материалдарды сатып алууга 100,0миң сом, муниципалдык менчик башкармалыгына имарат курууга 3 804,2миң сом, акча каражаттарын бөлүп берүү маселесин угуп жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, шаардык кеңештин кезектеги ХXХXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 04.07.2016-ж. №94/34-6 сандуу токтомунда элге билим берүү бөлүмүнүн балдар чыгармачылык үйүнүн “Унаа чыгымдары” беренесине бекитилген 481,2миң сомдун эсебинен 7-ноябрь Октябрь революциясынын күнүнө карата шаардык ипподромдо улуттук ат оюндарын өткөрүүгө 250,0миң сом, шаардын борбордук көчөлөрүнө 200 даана светодиод көчө жарыктарын жана керектүү материалдарды сатып алууга 100,0миң сом, ШММБнын “Өнүгүү бюджетинде” “Күрөш залын курууга” бекитилген 12 552,2миң сомдун эсебинен шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына имарат курууга 3 804,2миң сом каржылап берүүгө макулдук берилсин.
2. Шаардык мэрия (Еркеев И.М.) жогорудагы иш-чараларды Кыргыз Республикасынын тиешелүү Мыйзам талаптарынын негизинде ишке ашырсын.
3. Шаардык каржы бөлүмү (Осмонкулов Ж.Т.) бул токтомго ылайык 2016-жылдын чыгаша бөлүгү боюнча элге билим берүү бөлүмүнүн жана ШММБнын тиешелүү беренелерине тактоолорду киргизсин жана мыйзам чегинде каржыласын .
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Еркеев И.М.) ал эми көзөмөлдөө шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жетешикова Г.С.) жүктөлсүн.
Төрага | М.К.Женбеков |