Загрузка документа…
КАРА-КУЛЬ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-октябрындагы №115/41-6
“Кара-Көл шаарынын күнүн белгилөө жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 12.10.2016-ж. №06-5/2385 чыгыш сандуу кайрылуу катындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 6-февралындагы “2016-жыл тарых жана маданият” жылына карата өткөрүлүүчү иш-чаралар планынын 7-бөлүмчөсүн аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу “ жөнүндөгү мыйзамынын 18,41-беренелерине таянып жыл сайын октябрь айында “Кара-Көл шаарынын күнүн белгилөө” жөнүндөгү маселесин угуп жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, шаардык кеңештин кезектеги ХXХXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жыл сайын 28-октябрь күнү “Кара-Көл шаарынын күнү” деп белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Еркеев И.М.) ал эми көзөмөлдөө шаардык кенештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Орунова Ж.Ж.) жүктөлсүн.
Төрага | М.К.Женбеков |