Загрузка документа…
КАРА-КУЛЬ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-октябрындагы №116/42-6
“Кара-Көл шаардык кеңешинин 04.07.2016-ж. №94/34-6 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин 12.10.2016-ж. №06-7/2462, 21.10.2016-ж. №05-22/2478, 25.10.2016-ж. №04-1/2490 чыгыш сандуу каттарындагы Россия федерациясынын Красноярск шаарында эркин күрөш боюнча өтүүчү эл аралык мелдешке шаарыбыздын спортчусун катыштыруу максатында 50,0миң сом, Кетмен-Төбө шаарчасынын көчөлөрүнө 76400сом, Муниципалдык менчик башкармалыгынын складына жана гаражына 21875сом, Серый көчөсүнүн №17-үйүнө 20825сом жарыктандырууга материалдарды сатып алууга жалпы 119100 сом, көз карандысыз баалочунун кызмат акысына 160,0миң сом акча каражаттарын бөлүп берүү маселесин угуп жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, шаардык кеңештин кезектеги ХXХXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 04.07.2016-ж. №94/34-6 сандуу токтомунда элге билим берүү бөлүмүнө караштуу балдар чыгармачылык үйүнө 2016-жылга “Унаа чыгымдары” беренесине бекитилген 481,2миң сом акча каражатынын эсебинен жергиликтүү бюджеттен 50,0миң сом акча каражатын шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн тиешелүү беренесине жылдыруу жолу менен каржылоого макулдук берилсин.
2. Кетмен-Төбө шаарчасынын көчөлөрүнө 76400 сом, Муниципалдык менчик башкармалыгынын складына жана гаражына 21875 сом, Серый көчөсүнүн №17-үйүнө 20825 сом жарыктандырууга материалдарды сатып алууга жалпы 119100 сом, көз карандысыз баалочунун кызмат акысына 160,0миң сом акча каражаттарын шаардык кеңештин 04.04.2016-ж. №94/34-6 сандуу токтомундагы “Өнүгүү бюджетинде” “Күрөш залын курууга” бекитилген 12 552.2миң сомдун эсебинен ШММБнын тиешелүү беренеси аркылуу бөлүп каржылоого макулдук берилсин.
3. Шаардык мэрия (Еркеев И.М.) жогорудагы иш-чараларды Кыргыз Республикасынын тиешелүү Мыйзам талаптарынын негизинде ишке ашырсын.
4. Шаардык каржы бөлүмү (Осмонкулов Ж.Т.) бул токтомго ылайык 2016-жылдын чыгаша бөлүгү боюнча элге билим берүү, дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн жана ШММБнын тиешелүү беренелерине тактоолорду киргизсин жана мыйзам чегинде каржыласын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Еркеев И.М.) ал эми көзөмөлдөө шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жетешикова Г.С.) жүктөлсүн.
Төрага | М.К.Женбеков |