Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/57
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын жарандары Раззаков көчөсүнүн тургуну, II группадагы майыбы, 1993-жылы туулган Турсункулов Акылбек Кочкорбаевич 2002-жылдан бери сахар диабети менен ооруп көзү көрбөй, азыркы күндө чет жакта Россия Федерациясында тагыраак айтканда Москва шаарында көзүнөн операция жасатууга жазган арызын жана № 15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинин мугалими Калматова Азизанын кызы Мамутова Нурперинин тубаса дүлөй жана сүйлөбөгөндүктөн чет өлкөгө Турцияга операция жасатууга жазган арызын угуп жана талкуулап шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусуна жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчилике алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын жарандары Раззаков көчөсүнүн тургуну, II группадагы майыбы, 1993-жылы туулган Турсункулов Акылбек Кочкорбаевичке, № 15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинин мугалими Калматова Азизанын кызы Мамутова Нурпериге жергиликтүү бюджеттен 20000(жыйырма миң) сомдон жалпысы болуп 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты социалдык бөлүм үчүн ажыратылган суммадан бөлүп берилсин.
3. Арыз ээлерин акча каражаты менен камсыз кылууну мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча» жана «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
Төрага | Я.Т. Абдурахманов |