Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/58
2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыктар жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы, 2017/2018-жылдардын күз-кыш мезгилине карата шаар аймагындагы социалдык объектилердин кышка карата даярдыгы боюнча, шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017/2018-жылдардын күз-кыш мезгилине карата шаар аймагындагы социалдык объектилердин кышка карата даярдыгы боюнча, шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. 2017/2018-жылдардын күз-кыш мезгилине карата от казандардын иштөө даярдыгын камсыздоону жана отундун керек болгон запасын камдоону жылуулук камсыздоо ишканасынын директоруна жүктөлсүн.
3. Билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин терезе, эшик жылчыктарынын жылууланышын жана бардык жылуулук жабдуу системаларынын толук даярдоону мекеменин жетекчилерине жана вице-мэрге жүктөлсүн.
4. 2018-жылдын бюджетинен, шаардагы бардык мектептердин терезелерин заман бап металлопластик терезелерине алмаштырууну жана терезелерди алмаштырып орнотууга кеткен чыгымын эсептеп 2018-жылдын иш-планына киргизүүнү вице-мэрге тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я.Т. Абдурахманов |