Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/59
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн «Жаш муун» жаштар кеңешинин Жобосун бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы, Кочкор-Ата Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн «Жаш муун» жаштар кеңеши жөнүндө Жобону бекитүү боюнча сунуштарды угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн «Жаш муун» жаштар кеңеши жөнүндө Жобосу № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Шаардын аймагында жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме, ишканалардын, орто мектептердин, колледж жана лицейдин директорлору, Коомдук алдын алуу борбору жана мэриянын социалдык бөлүмү ушул жобону жетекчиликке алуу менен иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3. Кварталдык отчёттук мезгилде коомдук алдын алуу борборунун жетекчилигине, аткарылган иштердин отчётун токтоосуз берип туруусу жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын аймагында жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме, ишканалардын, орто мектептердин, колледж жана лицейдин директорлору, Коомдук алдын алуу борборунун жетекчисине жана мэриянын социалдык бөлүмүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я.Т. Абдурахманов |
БЕКИТЕМ
Кочкор-Ата шаардык Кенешинин төрагасы ___________
Я.Т.Абдурахманов.
2017-жылдын 17-ноябрындагы кезектеги VIII сессиясынын
№ 01-05/59 токтому менен.
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы
«Жаш муун» жаштар кеңеши жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор.
1.1. Кочкор-Ата шаардык мэриясынын алдындагы жаштар иштери боюнча Кенеш (мындан ары «Жаш Муун» Жаштар Кенеши) жаштар ишмедигине көмөк көрсөтүүчү, саясаты боюнча Кенеш берүүчү жаш консультациялык коомдук уюм болуп эсептелет.
1.2. «Жаш Муун » Жаштар Кенеши Кочкор-Ата шаарында мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу жана ушул тармакта менчигинин түрүнө карабастан аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын конструктивдүү жана координацияланган ишин камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле кенеш кабыл алган чечимдерди аткарууну мониторингдөө максатында түзүлөт. «Жаш Муун» Жаштар Кенешин түзүү чечими Кочкор-Ата шаардык мэриясы тарабынан кабыл алынат.
1.3. «Жаш Муун» Жаштар Кенеши мөөнөтсүз убакытка түзүлөт.
1.4. «Жаш Муун» Жаштар Кенеши ушул жободо каралган тартипте түзүлөт.
1.5. «Жаш Муун» Жаштар Кенешинин ишмердүүлүгү Кочкор-Ата шаарынын аймагында алып барылат жана анын мүчөлөрүнүн жамааттык, айкындуулук, көз карандысыздык жана тендик, өзүн-өзү башкаруу, коомдук пикирди эске алуу жана коомдук инициативаларды колдоо принциптерине негизделет. Берилген ыйгарым укуктарынын чектеринде макулдашылган чечимдерди ар бир мамлекеттик органдын өз алдынча жана саясий калыстык менен аткарылат.
1.6. «Жаш Муун» Жаштар Кенешинин ишмердигин камсыздоо Кочкор-Ата шаардык мэриясы тарабынан жүргүзүлөт.
1.7. Өзүнүн ишмердүүлүгүндө «Жаш Муун» Жаштар Кенеши Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, Кыргыз Республикасынын ратификацияланган эл аралык келишимдерди, Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.8. «Жаш Муун» Жаштар Кенешинин мүчөлөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгүн коомдук башталыштын негизинде алып барат.
1.9. «Жаш Муун» Жаштар Кенеши юридикалык жак болуп эсептелбейт.
1.10. «Жаш Муун» Жаштар Кенеши өзүнүн символикасына ээ боло алат.
II. «Жаш Муун» Жаштар Кенешинин максаттары жана милдеттери.
2.1. «Жаш Муун» Жаштар Кенешинин негизги максаттары болуп
төмөндөгүлөр эсептелет:
а) Кочкор-Ата шаарынын аймагында жашаган жаштардын кызыкчылыгын көтөрүп чыгуу жана коргоо;
б) Жаштарды Кочкор-Ата шаарынын жегиликтүү өзүн-өзү башкаруу негиздери менен тааныштыруу;
в) жаштар саясатын жүргүзүүдө Кочкор-Ата шаарынын жаштарынын өкүлдөрүнүн жана Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ортосунда өз ара карым катнашты орнотуу.
2.2.«Жаш Муун» Жаштар Кенешинин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) Кочкор-Ата шаарынын территориямында жаштар саясаты маселелери боюнча Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына сунуштарды иштеп чыгып киргизүү;
б) Кочкор-Ата шаарында жаштар саясатын жүргүзүү менен байланышкан Кочкор-Ата шаардык Кенешинин жана Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын укуктук актыларын иштеп чыгууда рекомендацияларды даярдоого катышуу;
в) Кочкор-Ата шаарынын аймагында жашаган жаштардын абалы, эн актуалдуу көйгөйлөрү, жаштар коомдук кошундарынын жана уюмдарынын ишмердүүлүктөрү тууралуу Кочкор-Ата шардык Кенешине, Кочкор-Ата шаардык мэриясына жана Кочкор-Ата шаарынын калкына маалымат берүү;
г) жаштардын укуктук маданиятын жогорулатууга жана коомдук-саясий маалыматтардын жергиликтүүлүгүнө багытталган жаштардын чөйрөсүндө агартуу ишмердигин жүргүзүү;
д) Кочкор-Ата шаарынын жаштарынын, жаштар коомдук кошундарынын социалдык активдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүү;
е) Кочкор-Ата шаарынын жаштарынын жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу жана коргоодо көмөк көрсөтүү.
III. Жаш Муун Жаштар Кенешин түзүү тартиби “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин ишмердүүлүгүнүн бүтүүсү.
3.1. «Жаш Муун » Жаштар Кенеши курамын мэр тарабынан аныкталат.
3.2. «Жаш Муун » Жаштар Кенешине КыргызРеспубликасынын 16 жаштан 35 жашка чейинки жарандары, Кочкор-Ата шаарынын аймагында жашаган тургундар, менчигинин түрүнө карабастан аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык жогорку, орто кесиптик билим берүү мекемелеринен, мектептерден, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлгөн делегаттар мүчө боло алат. «Жаш Муун » Жаштар Кенешинде, башкаруу кызматын ээлеген мүчөлөр, өздөрүнүн кенештеги ишмердүүлүгүн 40 жашка толгонго чейин алып бара алат, эгер ал кызматтарга кайра шайлоолор жана ушул Жобонун 6.3 пунктундагы учурлар орун албаса.
3.3. «Жаш Муун» Жаштар Кенешинин биринчи отурумун уюштуруучу – Уюштуруу комитети түзүлөт.
3.4. Уюштуруу комитети Кочкор-Ата шаардык мэриясы тарабынан ишке ашырылат.
3.5. Ушул Жобонун «Жаш Муун» Жаштар Кенешине делегаттарды шайлоо маселеси карала турган жыйналышты (конференцияны), жетекчи уюмдун отуруму болорго 7 күн калганда Уюштуруу комитетине мындай жыйналыш (конференция) отурум өткөрүлө турган күн жана жай тууралуу билдирүүлөрү керек.
3.6. Уюштуруу комитетинин өкүлү «Жаш Муун» Жаштар Кенешине делегат шайлана турган мындай жыйналышка (коференцияга), отурумга катышууга укуктуу.
3.7. «Жаш Муун» Жаштар Кенешинин курамына ар мекеме уюмдан келген делегаттар кирет.
3.8. Делегатты «Жаш Муун» Жаштар Кенешинин мүчөлөр курамына киргизүү үчүн Уюштуруу комитетине төмөнкү документтерди берүүлөрү керек:
а) делегатту шайлоонун жыйынтыгы же жалпы жыйналыштын (конференциясынын) токтому;
б) Кыргыз Республикасынын паспортунун көчүрмөсү;
в) Кочкор-Ата шаарынын жаштар саясаты чөйрөсүндөгү актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча жазуу түрүндөгү сунуштар;
3.9. Ушул жобонун 3.8 пунктунда көрсөтүлгөн документтерди кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин 7 күндүн ичинде Уюштуруу комитети делегатты «Жаш Муун» Жаштар Кенешинин мүчөлөр курамына кабыл алуу же кабыл алуудан баш тартуу чечимин чыгарат.
3.10. «Жаш Муун» Жаштар Кенешинин ишмердик укугу мөөнөтүнөн- мурда токтотулуусу мүмкүн:
- Кочкор-Ата шаардык мэриясынын «Жаш Муун» Жаштар Кенешин таркатуу чечими менен;
- «Жаш Муун» Жаштар Кенешинин өзүн-өзү тарктуу чечими менен.
IV. Жаштар Кенешинин ишмердик укуктары.
4.1. «Жаш Муун » Жаштар Кенеши өздөрүнүн ишмердүүлүгүн алып
барууда төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
а) Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу уюмдарынан, муниципалдык мекемелерден жана ишканалардан, коомдук кошундардан өздөрүнүн укуктарынын чегинде керектүү маалымат жана документтерди сурап алганы;
б) Кочкор-Ата шаардык Кенешинин жана Кочкор-Ата шаардык мэриясынын кол алдындагы маалыматтык материалдар жана маалымат базасынан Кочкор-Ата шаардык Кенешинин регламентине ылайыкпайдаланууга;
в) «Жаш Муун» Жаштар Кенешинин отурумдарына, «Жаш Муун» Жаштар Кенешинин комиссиясынын отурумдарына Кочкор-Ата шаардык Кенешинин депутаттарын, муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, коомдук кошундардын, окуу жайлардын жетекчилерин чакырууга;
г) Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын жаштар саясаты жана башка маселелер боюнча укуктук актылардын проектилерин талкуулоого жана алар боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды берүүгө;
д) тегерек столдорду, социалдык изилдөөлөрдү жана консультативдик семинарларды, коференцияларды жана жолугушууларды өткөрүү тууралуу сунуштар менен чыгууга жана өткөрүүгө;
е) Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, Кочкор-Ата шаардык Кенештин депутаттары, муниципалдык мекеме жана ишканалардын, коомдук кошундардын жетекчилери менен жаштар саясаты маселелери боюнча өз ара кызматташууга;
е) өздөрүнүн компетенцияына тиешелүү өзүнчө маселелерди чечүү үчүн “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин убактылуу жумушчу топторун түзүүгө;
ж) Кочкор-Ата шаарынын мэриясы тарабынан бир жылдык иш планын ишке ашырууга жумашала турган акча каражатты, Кочкор-Ата шаардык Кенешинин депутаттары шаардык Кенештин сессиясына сунуштоого, ошондой элемекеме-ишканалардын, коомдук кошундардын жетекчилери менен, жаштар саясаты маселелерин чечүү үчүн кызматташууга.
4.2. Жаш муун жаштар Кенеши милдеттүү:
- Аракеттеги мыйзамдарды сактоого;
- Өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн натыйжалары тууралуу Кочкор-Ата шаардык Кенешине жана Кочкор-Ата шаардык мэриясына жылына бир жолу маалымдоо;
- Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруусунун кызыкчылыктарына туура келбеген чечимдердин кабыл алуусуна жана башка аракеттерди жасоого жол бербөө.
V. “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин структурасы жана уюштурулуусу.
5.1. “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин структурасына кирет:
а) “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин төрагасы;
б) “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин төрагасынын орн басарлары (2 киши)
в) “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин Президиуму;
г) “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин катчысы;
д) “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин комиссиялары.
5.2. “Жаш Муун” Жаштар Кенеши, “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин Президиуму, “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин комиссиялары өздөрүнүн ишмердигин отурумдар формасында жүргүзөт.
5.3. “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин отурумдары
5.3.1. “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин отурумдары “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин Президиуму тарабынан зарылдыкка жараша чакырылат, бирок үч айда бир жолудан кем эмес.
5.3.2. “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин отурумдары ошондой эле “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин мүчөлөрүнүн бекитилген санынын ½ кем эмес бөлүгүнүн ошондой эле Кочкор-Ата шаардык мэриясы жана шаардык Кенештин талабы менен чакырылуусу мүмкүн.
5.3.3. “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин отурумдары, “Жаш Муун” Жаштар Кенешине мүчөлөрдүн бекитилген санынын ½ ден кем эмес бөлүгү катышкан учурда иш алып баруу укугуна ээ деп эсептелет.
5.3.4. “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин биринчи отуруму Кочкор-Ата шаардык мэриясы тарабынан чакырылат.
5.3.5. “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин биринчи отурумунда “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин төрагасы, “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин төрагасынын орун басары жана “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин катчысы шайланып, “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин Президиуму жана “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин комиссиялары түзүлөт.
- “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин төрагасынын кызмат ордуна талапкер Кочкор-Ата шаардык мэиясы тарабынан сунушталат.
- “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин төрагасынын орун басары, “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин катчысы кызмат орундарына талапкерлер “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин төрагасы тарабынан сунушталат.
- “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна талапкер “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин төрагасы, “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин төрагасынын орун басары, “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин мүчөлөрү тарабынан сунушталуусу мүмкүн.
- “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин төрагасы кызматына, “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин төрагасынын орун басары, “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин катчысы, “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин комиссиясынын төрагасы кызматтарына: “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин мүчөлөрүнүн эн көп добушун алган талапкер шайланды деп эсептелинет.
5.3.6. “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин отурумунун айныксыз компетенциясына кирет:
- “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын аныктоо;
- Кезектеги календардык жылга “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин иш планын бекитүү;
- “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин төрагасын, “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин төрагасынын орун басарларын, “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин катчысын, “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин комиссиясынын төрагасын шайлоо жана убактылуу жумушчу топторду түзүү;
- “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин төрагасынын “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин комиссияларынын жетекчилеринин очетторун угуу жана отчеттор боюнча чечимдерди кабыл алуу;
- “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин максаттары жана милдеттери менен байланышкан маселелр боюнча чечимдерди кабыл алуу.
5.3.7. “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин чечимдери отурумда жатышкан Кенештин мүчөлөрүнүн ачык же жабык добуш берүүсүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
5.3.8. “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин кабыл алган бардык чечимдери Кочкор-Ата шаардык Кенешине, Кочкор-Ата шаарынын мэриясына жөнөтүлөт. “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин өзгөчө маанидеги чечимдерин массалык маалымат каражаттарында жарыялоого болот.
5.3.9. “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин чечимдери Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары үчүн сунуш берүү мүнөзүнө ээ.
5.4. “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин Президиуму.
5.4.1. “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин Президиуму (мындан ары - Президиум) – анын отурумдарынын арасындагы танапис мезгилинде “Жаш Муун” Жаштар Кенешин башкаруу үчүн түзүлгөн жамааттык уюм.
5.4.2. Президиумдун курамына чечүүчү добуш укугу менен “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин төрагасы, “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин төрагасынын орун басарлары, “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин комиссияларынын төрагалары кирет.
5.4.3. Президиумдун компетенциясына кирет:
- “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин отурумун чакыруу жөнүндө чечим кабыл алуу жана ага даярдык көрүү, өткөрүү;
- “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин комиссияларынын жумушун уюштуруу;
- “Жаш Муун ” Жаштар Кенешинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө;
5.4.4. Президиумдун ишин Жаштар Кенешинин төрагасы жетектейт.
5.4.5. Президиумдун отуруму айына 1 жолудан кем өткөрүлөт.
5.4.6. Президиумдун отурумун эгер анда Президиумдун мүчөлөрүнүн бекитилген санынын ½ бөлүгүнөн кем эмес саны катышкан учурда өткөрүлүүгө укуктуу болуп эсептелинет. Президиумдун чечимдери президиумдун отурумунда катышкан мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсүнүн негизинде көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
5.5. “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин төрагасынын, “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин төрагасынын орун басарларынын, “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин катчысынын ишмердик укуктары.
5.5.1. “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин төрагасы төмөндөгүдөй ишмердикти ишке ашыра алат:
а) “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин отурумдарында, Президиумдун отурумдарында төарагалык кылат;
б) Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер, коомдук ишканалар менен мамилелерде “Жаш Муун” Жаштар Кенешинен өкүл болот;
в) “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин чечимдерине, токтомдоруна жана башка документтерине кол коет.
г) “Жаш Муун” Жаштар Кенешининишин көзөмөлдөп алып барат (координациялайт);
д) “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин мүчөлөрүн керектүү маалымат жана аналитикалык материалдар менен камсыздайт;
е) “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин Президиумун чакырат;
е) “Жаш Муун” Жаштар Кенеши, “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин Президиуму ушул Жобого ылайык жүктөгөн башка ишмердиктерди аткарат.
5.5.2. “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин төрагасынын орун басарлары “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ошондой эле
“Жаш Муун” Жаштар Кенешинин төрагасынын убактылуу жок болуусунда же ана ишмердик укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганда “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин төрагасынын милдетин аткарат.
5.5.3. “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин катчысы:
а) “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин иш кагаздарын;
б) “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин отурумунун өткөрүлүү мезгилин, ордун, күн тартибин жаштар Кенешинин мүчөлөрүнө билдирет;
в) “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин отурумдарынын токтомдорун жазат жана аларга кол коет.
5.6. “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин Комиссиялары.
5.6.1. “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин иши алып барууга тиешелүү маселелерди алдын ала даярдоо жана карап чыгуу максатында “Жаш Муун” Жаштар Кенешинин комиссиялары түзүлөт (мындан ары комиссия).
5.6.2. Комиссиялардын саны, алардын ишмердүүлүгүнүн багыты, курамы Жаш Муун” Жаштар Кенешинин чечими менен аныкталат.
5.6.3. Комиссиянын сандык курамы беш кишиден кем эмес болот.
5.6.4. Жаш Муун” Жаштар Кенешинин комиссиясыөз ишин өз алдынча аныктайт.
5.6.5. Комиссиянын ишин комиссиянын төрагасы жетектейт.
5.6.6. Комиссиянын отуруму зарылдыкка жанаша 3 айда юир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
5.6.7. Комиссия төмөндөгү ишмердиктерди ишке ашырууга укуктуу:
а) Жаш Муун” Жаштар Кенешинин чечимдерин, проектилерин Жаш Муун”
Жаштар Кенешинин кароосуна даярдайт жана кароосуна алып чыгат;
б) Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан, Кочкор-Ата шаардык Кенешинен, муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, коомдук кошундардын жетекчилеринен Жаш Муун” Жаштар Кенешине, Жаш Муун” Жаштар Кенешинин комиссияларына келип түшкөн кайрылууларды карайт;
в) Жаш Муун” Жаштар Кенешинин чечимдерин ишке ашырууга көмөктөшөт, Президиумдун тапшырмаларын аткарат;
г) өздөрүнүн укуктук талааларынын чегинде Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жаштар саясаты маселелери боюнча сунуштарды берет;
д) Кочкор-Ата шаардык Кенешинин тиешелүү комиссиялары, жумушчу топтору мене кызматташат.
VI. Жаш Муун” Жаштар Кенешинин мүчөсүнүн укуктары жана милдеттери.
Жаш Муун” Жаштар Кенешинин мүчөсүнүн ишмердигини мөөнөтүнөн мурда токтоосу.
6.1. “Жаш-Муун” Жаштар Кенешинин мүчөсү укуктуу:
а) “Жаш-Муун” Жаштар Кенешинин чечимдеринин талкуусуна жана кабыл алынуусуна катышуу;
б) “Жаш-Муун” Жаштар Кенешинин ишмердүүлүгүнүн ар түрдүү аспектилери боюнча маалыматтар алууга;
в) “Жаш-Муун” Жаштар Кенешинин өзү мүчөлүктө турбаган комиссияларынын жана жумушчу топторунун отурумдарында кенешүү добуш укугу менен катышууга;
г) өзүнүн компетенциясына тиешелүү маселелерди Жаштар Кенешинин отурумдарына кароого алып чыгууга;
д) “Жаш-Муун” Жаштар Кенеши тарабынан өткөрүлүүчү иш чараларда катышууга;
е) Кочкор-Ата шаардык Кенешинин комиссиясынын ишине кенешме добуш укугу менен Кочкор-Ата шаардык Кенешинин регламентине ылайык катышууга укуктуу.
6.2. “Жаш-Муун” Жаштар Кенешинин мүчөсү милдеттүү:
а) аракеттеги мыйзамдардын, ушул жобонун талаптарын аткарууга;
б) “Жаш-Муун” Жаштар Кенешинин ишмердик укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин аткарууга;
в) “Жаш-Муун” Жаштар Кенешинин отурумдарынын ишине катышууга;
г) өзү мүчөлүккө турбаган “Жаш-Муун” Жаштар Кенешинин комиссияларынын жана “Жаш Муун” жумушчу топторунун отурумдарында чечүүчү добуш укугу менен катышуу.
6.3. “Жаш-Муун” Жаштар Кенешинин мүчөсүнүн ишмердик укугу мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда токтойт:
а) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон учурда;
б) туруктуу жашоо максатында Кочкор-Ата шаарынын сыртка чыгып кеткен учурда;
в) соттун ага карата күнөлүү деп табылган өкүмү күчүнө киргенде;
г) ишмердик укуктарын тапшырууга жеке арызы берилгенде;
д) “Жаш-Муун” Жаштар Кенешинин отурумдарын системалуу түрдө себепсиз калтырганда;
е) “Жаш-Муун” Жаштар Кенешинин мүчөлүк курамына киргизүү үчүнанын талапкердин сунуштаган мекеменин кайра аны чакырып алуусу;
ж) “Жаш-Муун” Жаштар Кенешинин ишмердигин токтоосу.
VII. Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби.
7.1. Ушул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин токтому менен киргизилет.
7.2. Ушул жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунуштары “Жаш-Муун” Жаштар Кенешинин отурумунда алдын-ала талкууланууга жатат.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин
жооптуу катчысы: М.Мадосмонов.