Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/60
Кочкор-Ата шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарына даректүү социалдык жардам берүү тартиби жөнүндө Жобосун бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарына даректүү социалдык жардам берүү тартиби жөнүндө Жобосун бекитүү боюнча сунуштарды угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарына даректүү социалдык жардам берүү тартиби жөнүндө Жобосу № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Шаардык мэриянын социалдык бөлүмү, үй-бүлөөлүк медициналык борборунун дарыгерлери, Эл башы, квартал башчылары ушул жобону жетекчиликке алуу менен иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3. Кочкор-Ата шаарынын даректүү социалдык жардам алуучу тургундарынын тизмесин так жүргүзүүнү үй бүлөөлүк медициналык борборунун жетекчисине жана мэриянын социалдык бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Даректүү социалдык жардам берүүдө акча каражаттын туура жетишине жыл башында так эсептеп бюджетке киргизүүнү мэриянын социалдык бөлүмүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын аймагында жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме, ишканалар, Эл башы, квартал башчылар, үй бүлөөлүк медициналык борборунун жетекчисине жана мэриянын социалдык бөлүмүнө тапшырылсын.
Төрага | Я.Т. Абдурахманов |
БЕКИТЕМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы
Я.Т.Абдурахманов.
2017-жылдын 17-ноябрындагы
кезектеги VIII сессиясынын
№ 01-05/60 токтомуна № 1-тиркеме
«Кочкор-Ата шаарынын жарды жана жеңилдик алууга укугу бар тургундарына даректүү социалдык жардам берүү тартиби жөнүндө» ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Жеңилдик алууга укугу бар Кочкор-Ата шаарынын жарды тургундарына жана жарандарына даректүү социалдык жардам берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы N 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категориялардын акчалай компенсацияларын төлөп берүү жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын "Куралдуу күчтөрдүн согуш ардагерлери жана оорук эмгекчилери жөнүндө", "Мамлекеттик жөлөкпулдун көлөмүн белгилөө жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
2. Жобо даректүү социалдык жардам берүү тартибин, муктаждык критерийин аныктоо менен, аны алуу үчүн документтерди кабыл алуу, жол-жоболоштуруу жана эсепке киргизүү тартибин жөнгө салат, жардамдын көлөмүн бекитет.
3. Жобо шаардык социалдык өнүктүрүү бөлүмү (мындан ары ШСӨБ) аркылуу Кочкор-Ата шаарында туруктуу каттоосу болгон учурда, жеңилдик алууга, ошондой эле компенсациялык төлөмдөрдү алууга укугу бар жарды тургундарга жана жардамга өтө муктаж жарандарга карата колдонулат.
4. Кочкор-Ата шаарында туруктуу жашаган башка өлкөлөрдүн аз камсыз болгон жарандарына Кыргыз Республикасында жашап туруу укугу жол-жоболоштурулган учурда жана ал бул өлкөдө жеңилдиктер менен пайдаланбагандыгы жөнүндө өзү жашаган өлкөдөн маалымкатты көрсөтүүсү боюнча гана өзгөчө учурда аларга даректүү социалдык жардам көрсөтүлөт. 3 айдан 6 айга чейинки мөөнөткө убактылуу каттоо баракчасы бар жактарга даректүү жардам көрсөтүлбөйт.
5. Даректүү социалдык жардам көрсөтүү жергиликтүү бюджеттин социалдык бөлүмүнө бөлүгөн акч каражатынын эсебинен накталай жана акчасыз эсеп менен (накталай эмес түрдө) жүргүзүлөт.
II. Бул жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер
6. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
а) жакыр үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси эң эле кедейчиликтин чегинен төмөн болгон үй-бүлө;
б) аз камсыз болгон үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси эң эле кедейчиликтин чегинен төмөн болгон үй-бүлө;
в) эмгекке жарамсыз жарандар - он алты жашка чыга элек балдар (жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары - алар окуусун бүткөнгө чейин, баштапкы кесиптик окуу жайлардын окуучулары, күндүзгү негизде окуган, жыйырма үч жашка чыкканга чейин орто жана жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттери); медициналык - социалдык эксперттик комиссия (мындан ары - МСЭК) тарабынан эмгекке жарамсыз деп табылган ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар; пенсия курагына жеткен жарандар;
г) муктаждуулукту аныктоо - даректүү социалдык жардам көрсөтүү үчүн тийиштүү үй-бүлөнүн кирешесинин бардык булактарын изилдеп билүү;
д) жыйынды кирешени аныктоодо эске алынуучу үй-бүлөнүн курамы - никеден, туугандыктан же бала асырап алуудан улам келип чыга турган мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга жана милдеттерге байланышкан, чогуу чарба жүргүзүшкөн жана жалпы бюджетке ээ болгон чогуу жашаган адамдар;
е) жарды үй-бүлөнүн социалдык паспорту - жарды үй-бүлөнүн курамы, жашоо деңгээли, үй-бүлөнүн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануусу жөнүндө анкета, булардын негизинде жарды үй-бүлөгө социалдык колдоо көрсөтүү чаралары иштелип чыгат;
ж) киши башына орточо жыйынды киреше - бир айга же бир жылга үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө эсептелген үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси;
з) кепилденген эң төмөнкү киреше - дотациялоо аркылуу балдары бар жарды үй-бүлөлөрдү камсыз кылууга мүмкүндүк бере турган жашоо минимумун эске алуу менен бюджеттик мүмкүнчүлүктөрдүн эсебинен жана экономиканын абалынан аныктала турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын белгиленүүчү көрсөткүч, жашоо үчүн керектүү киреше;
к) мамлекеттик жөлөкпул - балдары бар, ай сайын берилүүчү жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул;
л) комиссиялар - социалдык маселелерге тиешелүү жарандардын каттарын жана арыздарын кароо үчүн Кочкор-Ата шаарынын мэриясына жана Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдында түзүлүүчү органдар квартал башчылар.
Шаардык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- Социалдык маселелер боюнча Кочкор-Ата шаарынын вице-мэри;
- Кочкор-Ата шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиялардын депутаттары;
- Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы квартал башчылары
- мэриянын социалдык бөлүмүнүн адистери;
- мэриянын юристи;
- Эл башы.
III. Даректүү социалдык жардам берүү тартиби жана шарттары
7. Даректүү социалдык жардам шаардык социалдык өнүктүрүү бөлүмү жыл сайын милдеттүү түрдө каттоодон өтүү менен турак-жай-тиричилик шарттарын текшерген актынын, арызчынын статусун аныктаган социалдык паспортун жана документтеринин негизинде арыз берүү принциби боюнча берилет.
8. Даректүү социалдык жардам үчүн кайрылган адам төмөнкү тийиштүү документтерди берет;
- инсандыгын тастыктаган документ(паспорт);
- жашаган жеринен жана үй-бүлөсү тууралуу маалымкат;
- окуган жеринен, калкты жумуш менен камсыз кылуу органдарынан маалымкат.
Бул жобо тарабынан башка тийиштүү документтерди берүүнү талап кылуучу жарды жарандарга даректүү социалдык жардамдын түрү каралат (баланын төрөлгөндүгү, нике, никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, пенсиялык күбөлүк, майыптыгы тууралуу МСЭК маалымкаты, камкордук тууралуу чечим (багуу), жеңилдиктерди алуу укугун берүүчү күбөлүктөрдүн көчүрмөсү).
9. Бул жобого ылайык багар көрөрү жок карыяларга, ата-энесинен эрте ажыраган балдарга тубаса инвалид төрөлгөн балдарга белгиленет.
10. Маркумду көмүүгө:
а) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын жана майыптарын 20000(жыйырма миң) сом берилет;
б) каражаты жок, жарды, жалгыз бой пенсионерлерди көмүүгө 10000(он миң)сом көлөмүндөгү акча компенсациясы берилет;
компенсация алуу үчүн төмөнкү документтер берилет:
- каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн же маалымкаттын көчүрмөсү, көмүү фактын далилдөөчү жашаган жеринен маалымкат, жеңилдик берилген пенсиялык күбөлүктүн көчүрмөсү.
Жалгыз жашаган, жарды пенсионерлерди көмүүгө комиссиясынын чечиминин жана жогоруда аталган документтердин негизинде жардам көрсөтүлөт.
Жалгыз жашаган каза болгондун мурасына талапкер туугандары табылган учурда комиссия сарпталган бюджеттик каражатты алар тарабынан калыбына келтирүү тууралуу маселени карап чыгат.
11. Улуу Жеңиш майрам күнүнө карата, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында орукта жан аябай кылган эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин орден, медалдары менен сыйлангандарга, 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде иштеп, "За оборону Ленинграда" медалы, "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйлангандарга, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) күч менен мобилизацияланган жана кийин акталган граждандарга, экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында болгон мурдагы жашы жете элек туткунда болгондорго 30000(отуз миң) сом, Улуу Ата Мекендик согушта каза болгондордун жесирлерине 2018-жылда тартып жылына бир жолу 15 000(он беш) сом (өмүр бою).
12. Жылына бир жолу төмөнкүлөргө берилет:
а) Советтер Союзунун Баатырынын жесирине - 1000 сом;
б) Аскердик, интернационалдык милдетти аткарууда жана ЧАЭС авариясынын кесепетин жоюуга катышып каза болгондордун үй-бүлөсүнө - 1000 сом;
в) 1932-жылга чейин төрөлгөн жана Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында тылда сиңирген эмгеги жана ак ниет кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланбаган тылдын эмгекчилерине - 1000 сом;
г) Социалдык стипендияларды төлөө шаардык социалдык өнүктүрүү бөлүмү аркылуу жүргүзүлөт.
13. Томолой жетим студенттерге, атайын орто окуу жайларынын студенттерине орто окуу жайларынын (мындан ары - ООЖ) жана мектеп окуучуларынын мектеп администрациясынын берген тизмесинин негизинде окуу жылына жана кышка карата– 10 000(он миң) сом өлчөмүндө, жогорку окуу жайларынын (мындан ары - ЖӨЖ) студенттерине – 10 000 сом өлчөмүндө ЖОЖ тарабынан түзүлүүчү тизменин жана далилдөөчү документтердин: ата-энесинин өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн, баланы багуу тууралуу чечимдин негизинде берилет. Тизме ар бир окуу семестрине жаңыртылып түзүлөт. Аз камсыз болгон үй бүлөөлөрдүн балдарына жана жарым жетим окуучу балдарга окуу жылына карата жана кышка карата – 5000(беш миң) сом өлчөмүндө акча каражаты берилет.
Төлөө накталай акча аркылуу жүргүзүлөт.
14. Жылуулук берүү мезгилинин убагында жеткирип берүү зарылчылыгына жараша расмий катталган электр жылуулук берүүчү отунканалары жок жана жылытуу максаттарына жаратылыш газын пайдаланбаган жарандардын төмөнкү категорияларына үй-бүлөгө 300кг эсебинен катуу отун (көмүр) менен төмөнкүлөр камсыздалынат:
а) жашы боюнча жалгыз жашаган пенсионерлерге жана майыптыгынын себебине карабастан I-II топтогу жалгыз бой энелерге;
б) жакыр үй бүлөөлөргө
в) менчиктин түрүнө карабастан, жылытуу максатында катуу отун менен (далилдөөчү документтери: техникалык паспорттун, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн, уставдын, текшерүү актынын көчүрмөсү болгон учурда мекемеге 10,0 тоннаңа чейин көмүр менен) колдонуучу ден соолуктун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мекемелерге.
15.Жылына бир жолу берилүүчү материалдык жардам Кочкор-Ата шаарында туруктуу катталган жардамга абдан муктаж жана жарды тургундарга, 5(беш) балалуу жана андан көп энелерге(улуу баласы 18жашка толбогон же студент болгон), пенсиянын өлчөмү 2500сомдон аз болгон жалгыз бой карыяларга, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусунун жесирлерине, тылда кызмат кылгандарга, 18 жашка толбогон I жана II группадагы майып балдары бар энелерге шаардык мэриянын түзгөн тизмесине ылайык шаардык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен төмөндөгүлөргө берилет:
а) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары барып дарылануу менен байланышкан 16 жашка чейинки балдарды дарылоого 20 000(жыйырма миң)сом өлчөмдө (дарылоо мекемесинин эсебине ылайык);
б) коммуналдык кызматтарга, газ, жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоого төлөмдөр боюнча карыздарды жоюуга 5000(беш миң) сом өлчөмүндө;
в) эгиздер төрөлгөндө жана үч бала төрөлгөндө бөбөктөр бир жашка толгонго чейин эгиз төрөгөн энеге 30000(отуз миң) сом үч эм төрөгөн энеге 50 000(элүү миң)сом өлчөмүндө, эгерде ал бала төрөлгөн күндөн тартып 12 айдан кеч эмес кайрылса.
Жылына бир жолу берилүүчү материалдык жардам үй-бүлөөгө арыз ээсинин турак-жай-тиричилик шарттарын текшерүү актысына ылайык же муктаждыгын далилдеген документтердин негизинде (паспорт, үй-бүлөнүн курамы, окуусу тууралуу маалымкат, ошондой эле коммуналдык кызматтарга, газ, жылуулук жана электр энергиясына карыздары барлыгы) бир жылда бир жолу берилет.
Комиссиялар Кочкор-Ата шаарынын мэринин, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасына же анын орун басарынын атына жиберилген арызды карап чыгат.
Айрым учурларда көрсөтүлгөн материалдык жардамдын кошумча түрлөрү жана көлөмү Кочкор-Ата шаарынын мэри, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы тарабынан белгиленет.
16. Медициналык багыттагы жылына бир жолу берилүүчү үй-бүлөгө материалдык жардам арыз ээсинин дарыланууга муктаждыгын далилдеген Үй Бүлөөлүк Медициналык Борборунун жетекчиснинин жолдомо документтердин негизинде (паспорт, үй-бүлөнүн курамы, дарылануунун, дары-дармек препараттарынын, операцияны өткөрүү наркын далилдеген документтердин) бир жылда бир жолу берилет.
- пенсиялык күбөлүктүн негизинде:
а) пенсионерлер жалгыз бой карыялар 5000(беш миң)сом;
б) 18 жашка чейинки курактагы жетим балдарга медициналык корутундунун негизинде 5000(беш миң)сомдон 10000(он миң)сомго чейин;
в) ЧАЭС авариясын жоюуга катышкандардын үй-бүлө мүчөлөрү (аялы, күйөөсү жана 18 жашка чейинки курактагы балдар) 5000(беш миң)сом;
г) 18 жашка чейинки инвалид төрөлгөн балдарга медициналык корутундунун негизинде 5000(беш миң)сомдон 10000(он миң)сомго чейин;
д) кургак учук оорусу менен ооруган жергиликтүү тургундарга үзүн күбөлөндүргөн документтин негизинде дарыланууга 7000(жети миң) сом өлчөмүндө берилет;
ж) ВИЧ СПИД жана онкологиялык оорусуна чалдыккан, жергиликтүү тургундарга өзүн күбөлөндүргөн документтин негизинде дарыланууга жалпысынан 200 000(эки жүз миң) сом өлчөмүндө социалдык бөлүмгө бөлүнгөн акча каражатынын суммасынын ичинен каралат;
з) аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, мэриянын социалдык бөлүмүндө социалдык паспорту ачылган жана медициналык корутунду жазылган жарандарга 3000(үч миң)сом өлчөмүндө акча каражаты берилет;
е) бөйрөк оорусуна чалдыккан гемодиализ аппаратында дарылануу менен жүргөн шаардын жергиликтүү тургундарына өзүн күбөлөндүргөн документинин негизинде 50 000(элүү мин) сом өлчөмүндө социалдык бөлүмгө бөлүнгөн акча каражатынын суммасынын ичинен каралат;
Жарандардын дары-дармек каражаттарын дайындоого контроль Үй Бүлөөлүк Медициналык Борборунун жетекчилерине жүктөлөт. Дары-дармек каражаттары үчүн берилүүчү акча каражаты Үй Бүлөөлүк Медициналык Борборунун дарыгери жазган жеңилдиктер боюнча тактама кат боюнча берилет жана жеңилдик берилген рецебинин жазууга жоопкерчиликти Үй Бүлөөлүк Медициналык Борборунун дарыгерлери тартат.
17. Балдардын жайкы эс алуусун уюуштуурууда тоголок жетим, жарым жетим, аз камсыз болгон үй бүлөөлөрдүн балдары жылына бир жолу социалдык бөлүмгө бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен 300 000(үч жүз миң) сом акча каражаты каралат.
IV. Контроль
18. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык социалдык колдоо көрсөтүү боюнча тандалган текшерүүлөрдү жүргүзөт.
19. Тийиштүү кызматтардын жетекчилери анык эмес маалыматтарды бергендиги жана акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин
Жооптуу катчысы М.Мадосмонов