Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/61
Кочкор-Ата шаарынын резервдик фонду жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын резервдик фондунун каражаттарын түзүү жана каржылоо тартибин аныктоо боюнча иштелип чыккан Кочкор-Ата шаарынын резервдик фонду жөнүндө Жобосун бекитүү боюнча сунуштарды угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын резервдик фонду жөнүндө Жобосу № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мэр жана каржы–экономика бөлүмү Резервдик фондун каражаттарын ушул Жобону жетекчиликке алуу менен иш жүргүзүшсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Бюджет, каржы, экономика, салык инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я.Т. Абдурахманов |
БЕКИТЕМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңештин
төрагасы ________ Я.Т.Абдурахманов.
2017-жылдын 17-ноябрындагы кезектеги VIII сессиясынын
№ 01-05/ 61 токтому № 1-тиркеме
«Кочкор-Ата шаарынын резервдик фонду жөнүндө» ЖОБО
I глава. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын резервдик фонддорунун (мындан ары - резервдик фонд) каражаттарын түзүү жана каржылоо тартибин аныктайт.
2. Резервдик фонд күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн каралган жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында бюджеттик Кодекси» Мыйзамынын 24-статьясына ылайык түзүлдү.
3. Резервдик фонддун каражаттары тийиштүү финансылык жылга карата Кочкор-Ата шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралбаган күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн белгиленет.
II глава. Резервдик фондду түзүү тартиби
4. Резервдик фонд шаардык бюджеттин чыгымдарынын курамында түзүлөт.
5. Резервдик фонддун көлөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кочкор-Ата шаардык кеңеш тарабынан кезектеги финансылык жылга Кочкор-Ата шаарынын бюджетин чыгышы бөлүгүнүн 1%(пайыздык)өлчөмдө белгиленет.
III глава. Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоонун багыттары
6. Резервдик фонддон каражаттар бул жобо тарабынан каралган максаттуу багытка ылайык чыгымдалат.
7. Резервдик фонддон каражаттар жергиликтүү бюджетти түзүүдө жана бекитүүдө эске алынбаган шаарда өткөрүлүүчү экономикалык, социалдык-маданий иш-чараларды күтүлбөгөн чыгымдарды жабуу үчүн түзүлөт, анын ичинде:
а) расмий күндөргө арналган майрам күндөрүндөгү расмий иш-чараларды өткөрүүгө;
б) шаардык маанидеги иш-чараларды өткөрүүгө;
в) шаардын аймагында турган социалдык-маданий жана административдик объекттердин материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын ремонттоого жана жакшыртууга жарым-жартылай финансылык колдоо көрсөтүүгө;
г) Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына, эмгек ардагерлерине, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, ВИЧ/СПИДке чалдыккан адамдарга, гемодиализ аппаратында дарылануучу жарандарга, |аз камсыз болгон жана табият кырсыктарынын натыйжасында жапа чеккен жарандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
д) табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын-алуу жана жоюу боюнча маселелерди тез арада чечүү, ошондой эле шаардын аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого;
е) спорт иш-чараларынын катышуучуларын, ошондой эле илимдин жана маданияттын ишмерлерин финансылык жактан колдоо көрсөтүүгө;
ж) жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кызматкерлерине өзү же жакын туугандары ооруп же каза болгон учурларда материалдык жардам көрсөтүүгө;
з) кесиптик майрамдарга байланыштуу эмгек сиӊирген кызматкерлерди сыйлоого;
к) табигый кырсыктардан, жаратылыш-техногендик катастрофалардан жапа чеккен социалдык-тиричилик, турак-жай - коммуналдык багыттагы объекттерин калыбына келтирүү жана ремонттоо иштерин каржылоого (атайын жабдууларды, чарба инвентарларын, дары-дармектерди, тамак-аш продуктыларын, күйүчү май сатып алууга);
8. Резервдик фонддун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга тыюу салынат:
а) киреше алып келүүчү коммерциялык максаттарга же ишмердикке;
б) өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигин күтүүгө жана камсыздоого;
в) депутаттардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлеринин өз кызыкчылыктарын канааттандырууга.
г) жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун жана аймактык муниципалдык органдарынын кызматкерлерин эмгек акы өлчөмүн көбөйтүүгө;
д) облуста жана райондо өткөрүлүүчү маракелерди, тойлорду жана башка оюн-зоок иш чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө.
IV глава. Кочкор-Ата шаарынын резервдик фондунун каражаттарын чыгымдоо тартиби
9. Резервдик фондунан каражаттар шаардын мэринин буйругунун негизинде бөлүнөт.
10. Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоо боюнча сунуштарды киргизүү укугу Кочкор-Ата шаарынын мэрине, Кочкор-Ата шаардык Кеңештин депутаттарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматкерлеринин профсоюздук комитеттерине таандык.
11. Резервдик фонддон каражат бөлүү жөнүндө сунуштун демилгечиси сметалык-финансылык документтерди тиркөө менен суралуучу каражаттарды жана анын көлөмүн бөлүү зарылчылыгын негиздөө менен өтүнүчтү шаардын мэрине жөнөтөт.
12. Шаардын мэри бул жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин негизинде сунушталган чыгымдардын максаттуулугу жөнүндө чечим кабыл алат.
V глава. Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоого контроль
13. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык резервдик фонддун акча каражаттарынын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылуусуна каражат бөлүштүрүүчү жана каражат алуучулар жеке жоопкерчилик тартат.
14. Кочкор-Ата шаарынын мэри, Кочкор-Ата шаардык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына резервдик фонддун каражаттарын чыгымдалышы жөнүндө квартал сайын маалымат берет.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы |
| М.Мадосмонов. |