Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/62
Эсептөө палатасынын аудитинин актысынын сунушун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2016-жылдын 01-январынан 2016-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктоо актысы боюнча шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Мамадияровдун сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө палатасынын аудиттин жыйынтыктоо актысы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Эсептөө палатасынын аудиттин жыйынтыктоо актысында белгиленген Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын аппарат кызматкерлерине тийиштүү чара көрүүнү мэр А.Т.Жумаевге тапшырылсын.
3. Бюджеттин киреше бөлүгүн толук толтуруу иш-чараларын уюштурууну салык жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчыларына милдеттендирилсин.
4. Мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин;
- Бюджеттик каражаттарды максатсыз чыгымдоого жол бербөөнү;
- Т.Мурзакановго негизсиз эсептелген 7500(жети миң беш жүз) сом эмгек акыны ордуна коюуну;
- Дебитордук карыздарды жоюу боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү;
- Жылдын жыйынтыгы менен негизги каражаттарга жана товардык материалдык баалуулуктарга сапаттуу инвентаризация өткөрүүнү жана инвентаризация өткөрүүнүн жыйынтыгын 2018-жылдын 01-июнунан кечиктирбей шаардык Кеңешке маалымат берүүнү;
- Бюджеттик жоготууларга жол бербөөнү.
5. Бухгалтериядагы кызматкерлердин кесиптик билимин жогорулатуу боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү мэриянын аппарат жетекчиси Адылбек кызы Динарага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | Я.Т. Абдурахманов |