Редакцияот 17.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/64

Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен (средства передаваемые) жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө келген 2 170 400(эки миллион бир жүз жетимиш миң төрт жүз) сом акча каражатынын 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражатын балдар бакчасынын ремонтуна алгандан калган 670 400 (алты жүз жетимиш миң төрт жүз) сом суммадан 200 000(эки жүз миң) сом аппарат кызматкерлеринин сапар чыгымы үчүн, «Ассалом» кайрымдуулук фонду тарабынан пансиондун экинчи имаратын куруп жаткан куруучулардын тамак ашы үчүн 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражатын жана шаардык китеп кананын стелаждарын оңдоо үчүн 40000(кырк миң) сом акча каражатын бөлүп берүү боюнча шаардык мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын кайрылуу катын  угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексин» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Шаардык мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын бюджетке өзгөртүү киргизүү боюнча жазган кайрылуу каты эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен (средства передаваемые) жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө келген 2 170 400(эки миллион бир жүз жетимиш миң төрт жүз) сом акча каражатынын балдар бакчасынын ремонтуна алынган суммадан калган 670 400 (алты жүз жетимиш миң төрт жүз) сом суммадан 200 000(эки жүз миң) сом аппарат кызматкерлеринин сапар чыгымы үчүн, «Ассалом» кайрымдуулук фонду тарабынан пансиондун экинчи имаратын куруп жаткан куруучуларга шаардын салымы катары тамак-ашы үчүн 90 000 (токсон миң) сом, курулуш материалдарын алууга 60  000 (алтымыш миң) сом бардыгы  150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражатын жана шаардык китеп кананын стелаждарын оңдоого 40000(кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. «Ассалом» кайрымдуулук фонду тарабынан пансиондун экинчи имаратын куруп жаткан куруучуларга шаардын салымы катары 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражатын мыйзамдуу жана максаттуу пайдаланышын көзөмөлдөөнү муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин башчысы Г.И.Осмоновага жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуунун мэр А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

Я.Т. Абдурахманов