Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын I кезексиз сессиясы
2016-жылдын 11-июну № 10
Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Өзгөн райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө Этика, экология, укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссияна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |