Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/65
2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194-токтому менен бекитилген концепцияны жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы «Жаңы доорго кырк кадам» программасын ишке ашыруу боюнча № 602 токтомунун алкагында 2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун төрагасы, вице-мэр Немат уулу Жайнактын маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун төрагасынын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194-токтому менен бекитилген концепцияны ишке ашыруу боюнча 2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча өткөрүлгөн коомдук угуулардан өткөрүлүп даярдалган өнүгүү программасы алымча кошумчасы менен бекитилсин.
3. Кочкор-Ата шаарынын жылына кабыл алып келген жылдык иш-планын бекитүүдө 2018-2022-жылдарга Кочкор-Ата шаарынын өнүгүү программасынын приоритеттүү багыттарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы «Жаңы доорго кырк кадам» программасын ишке ашыруу боюнча № 602 токтомунда көрсөтүлгөн иш-пландын тийиштүү пункттары эске алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Я.Т. Абдурахманов |