Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/67
Профилин өзгөртүү боюнча токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы, шаардык Кеңештин 2017-жылдын 05-июлундагы Октябрь көчөсүнүн № 15-үйүнүн 4-батирине таандык болгон дүкөндүн пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча № 01-05/47-токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча «Жер аянттарына укук берүү» комиссиясынын протоколун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын «Жер аянттарына укук берүү» комиссиясынын протоколу эске алынсын.
2. Шаардык Кеңештин 2017-жылдын 05-июлундагы № 01-05/47-токтомунун 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын.
-«Абдулазизов Бекзат Камилжановичтин Кочкор-Ата шаарынын Октябрь көчөсүнүн № 15-үйүнүн жанында жайгашкан дүкөнүн пайдалануу багытын өзгөртүп, тиш дарылоочу оорукана курууга уруксат берилсин».
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык мэриянын «Жер аянттарына укук берүү» комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Я.Т. Абдурахманов |