Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-ноябрындагы №01-05/68
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин муниципалдык кызматчыларынын этикасы Жобосун бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин муниципалдык кызматчыларынын этикасы жөнүндө Жобону бекитүү боюнча сунуштарды угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жана 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын кодексин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин муниципалдык кызматчыларынын этикасы жөнүндө Жобосу № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Шаардык Кеңештин муниципалдык кызматкерлеринин журум турумдары жана жумушка келүүсү менен бирге коомдук иштерге катышуусу ушул жобону жетекчиликке алуу менен иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3. Шаардык Кеңештин этика боюнча комиссиясы, жооптуу катчы жана аппарат кызматкрлери токтомду аткарууга алышсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Я.Т. Абдурахманов |
БЕКИТЕМ Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы ____ Я.Т.Абдурахманов. 2017-жылдын 17-ноябрындагы кезектеги VIII сессиясынын № 01-05/68 токтому менен 1-тиркеме |
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин муниципалдык кызматчыларынын этикасы жөнүндө ЖОБО
I бап. Жалпы жоболор
1. Мыйзамдар
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин муниципалдык кызматчыларынын этикасы жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - этика жөнүндө жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Этика кодексин” жана Мамлекеттик кызматтагы адамдардын жүрүм-турумунун эл аралык кодексинин ченемдерине (1996-жылдын 12-декабрындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 51/59 резолюциясы) жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда коррупцияга каршы аракет кылуу боюнча маселелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты, ошондой эле коомчулук менен таанылган адеп-ахлактык принциптерге, коомдун жана мамлекеттин моралынын ченемдерине негизделген.
2. Этика жөнүндө жобо администрациялык муниципалдык кызмат орундарын ээлеген Кочкор-Ата шаардык Кеңештин муниципалдык кызматчыларына жайылтылат (мындан ары - кызматчылар).
2. Муниципалдык кызматчылардын этикасы түшүнүгү
3. Муниципалдык кызматчылардын этикасы - Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызмат орундарын ээлеген, коомдун моралдык, маданий жана кесиптик жүзүнүн талаптарын чагылдырган ченемдердин жана жүрүш-туруш эрежелеринин жыйындысы.
3. Кызматчылардын этикасынын максаттары жана принциптери
4. Этика жөнүндө жобо кызматчылар үчүн этикалык ченемдерди төмөнкү максаттарда белгилейт:
- кызматчылардын аң-сезиминде коомчулукка жана мамлекетке кызмат кылуунун жогорку адеп-ахлактык принциптерин калыптандыруу;
- жарандардын кызматчыларга болгон ишенимин бекемдөө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөнүн негизи катары бийликтин баркын көтөрүү.
5. Кызматчылардын этикалык принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- чынчылдык жана калыстык;
- жүрүм-турумдагы жөнөкөйлүк жана токтоолук;
- кызмат милдетин аткаруудагы ак ниеттүүлүк, жоопкерчилик жана кесипкөйлүүлүк;
- этика ченемдерин бузуу фактыларына келишпестик.
6. Кызматчылар кызмат өтүүдө этиканын принциптерин жана ченемдерин сактоосу милдеттүү шарт болуп саналат жана аттестациялоодо, баалоодо, кадрлардын резервин түзүүдө эске алынат.
7. Этика жөнүндө ушул жободо жөнгө салынбаган маселелер боюнча жалпы кабыл алынган жүрүм-турумдардын ченемдери колдонулат.
4. Муниципалдык кызматчынын этикасынын негиздери
8. Этиканын негиздери төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:
- кесиптик милдеттер;
- коррупцияны алдын алуу;
- жүрүм-турум маданияты.
II бап. Кесиптик милдеттер
5. Муниципалдык кызматчынын кесиптик милдеттери
9. Муниципалдык кызматты өтүүдө кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы, улуттук жана эл аралык укуктардын ченемдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алууга;
- өз ишинде конституциялык принциптерди негизге алууга: адам, анын укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулук болуп эсептелет;
- өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү жамаатынын уставын, мамлекеттик бийлик органдарынын жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин башка укуктук актыларын жетекчиликке алууга;
- жетекчилердин өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган буйруктарын, тескемелерин жана көрсөтмөлөрүн аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын, коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кайрылууларын өзүнүн кызматтык милдеттеринин чектеринде кароого жана ага байланыштуу пайда болгон маселелерди чечүүгө;
- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен корголууну мамлекеттик жашырын сыр болгон маалыматтарды, ошондой эле өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон, жарандардын жеке турмушуна, ар намысына жана аброюна байланышкан маалыматтарды, анын ичинде муниципалдык кызматын токтоткондон кийин да ачыкка чыгарбоого;
- өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү, билиминин жана квалификациясынын деңгээлин кармоого жана жогорулатууга;
- муниципалдык менчиктин сакталышын жана өнүгүшүн камсыздоого;
- кызматтык этиканын, иш тартибинин, кызматтык нускаманын ченемдерин сактоого, муниципалдык кызматтын баркын кетирген аракеттерди жасабоого;
- ага берилген укуктун чектеринде ыйгарым укуктарын ак ниеттүүлүк менен жүзөгө ашырууга жана кызматтык милдеттерине ылайык кызматтык милдеттерин аткарууга, аларды жогорку кесипкөйлүк деңгээлде аткарууга аракеттенүүгө;
- адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин сактоого, жарандарга жана кызмат ордун ээлегендерге мамиле кылууда адептүүлүктү көрсөтүүгө жана көңүл бурууга;
- кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинен чыкпоого;
- коомчулуктун жана мамлекеттин кызыкчылыктарынын алдында өзүнүн жеке кызыкчылыктарынын басымдуулугуна жол бербөөгө;
- мамлекеттин кадыр-баркынын жогорулашына умтулууга, эл алдында жетекчилерди жана мамлекет жүргүзгөн саясатты ачык сындабоого;
- мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам менен корголгон сырларды, анын ичинде кызматын токтоткондон кийин да, кайсы бир мезгилге чейин, мыйзамдарда белгиленген тартипте сактоого;
- жетекчиликке жана тийиштүү органдарга КРнын мыйзамдарын (мындан ары - мыйзамдар) бузуу фактылары белгилүү болгону жөнүндө кечиктирилгис маалымдоого;
- улуттук, курактык, тилдик, гендердик жана башка белгилер боюнча, ошондой эле саясаттык жана диндик көз караштар боюнча басмырлоого жол бербөөгө.
10. Кызматчы мыйзамдарга ылайык башка милдеттерге ээ боло алат.
6. Кызматчынын ишин уюштуруу
11. Кызматчы иш күнүнүн тартибин сактоого жана коюлган милдеттерди өз убагында аткарууга умтулууга милдеттүү.
12. Кызматчы өзүнүн жумуш ордун ишин аткаруу жана жарандарды кабыл алуу үчүн абдан ыңгайлуу уюштурууга тийиш.
13. Кызматчы кызматтык мүлккө кылдаттык менен мамиле кылууга жана пайдаланууга тийиш. Кызматчы белгиленген жумуш убакыттын ичинде жумушта болуусу жана өз убагында келип кетүүсү милдеттүү.
14. Жумушка мас абалда келүүгө же жумуш ордунда спирт ичимдиктерин, баңгизаттарды колдонууга тыюу салынат. Жумуш ордунда тамеки чегүүгө, ошондой эле өрт жана санитардык коопсуздуктун эрежелерин бузууга тыюу салынат.
III бап. Коррупцияны алдын алуу
7. Кызыкчылыктардын кагылышында кызматчылардын жүрүм-туруму
15. Кызыкчылыктардын кагылышы кызматчынын жеке кызыкчылыктары кызматтык милдеттерин аткарууда коомдун жана мамлекеттик кызыкчылыктары менен дал келбей калганда келип чыгат.
16. Кызыкчылыктардын кагылышы чыккан учурда, же мындай кагылыш чыга турган кезде, кызматчы бул жөнүндө жетекчиликке маалымдоого милдеттүү. Кызыкчылыктардын кагылышы башталарда жетекчи кызматчылар жеке максатта кызматтык ыйгарым укуктарынын артыкчылыгын пайдалануусун болтурбоо максатында, мыйзамдарда белгиленген чараларды кабыл алат.
8. Кызматчылар тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу
17. Кызматчы кызматта коррупцияны болтурбоого жардам берүүгө милдеттүү.
18. Кызматчыга башка кызматчылар тарабынан коррупциянын көрүнүштөрү аныкталгандыгы белгилүү болгон кезде, жетекчиге бул жөнүндө кечиктирилгис маалымдоого милдеттүү. Жетекчи укук коргоо органдарына кайрылууга чейин аныкталган коррупциялык көрүнүш жөнүндө маалымдаган кызматчыны коргоону камсыз кылууга милдеттүү.
19. Эгерде кызматчы мамлекеттик башкаруу же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеке маселелер боюнча кайрылган учурда, ал кызматчы катары таанышпастан, кайрылуу предмети менен гана чектелиши керек.
9. Чыгымдарды жана мүлктөрдү декларациялоо
20. Муниципалдык кызматты өтүүдө кызматчылар декларацияны белгиленген мыйзамдардын тартибинде көрсөтүүгө милдеттүү.
21. Кызматчынын иш жүзүндөгү материалдык абалы менен декларациядагы маалыматтар олуттуу таралгандыгы аныкталган учурда, ага мыйзамга ылайык чаралар колдонулат.
10. Белектерди алуу
22. Кызматчы кызыкдар жактардан белектерди (акчалар, товарлар, кызматтар ж.б.) алуу үчүн кызматтык абалын пайдаланууга укугу жок жана муниципалдык кызматтын беделин шектендирген кырдаалдардан алыс болууга тийиш.
23. Үчүнчү жакка кызматтык милдеттенмелерин аткаруунун аракети (аракетсиздиги) же мөөнөтүнөн кийинкиге жылдыруу түрүндө кандайдыр бир жардамды белек, сыйакы же башка жеке пайдасы үчүн сунуштаганга, же убада берүүгө тыюу салынат.
24. Кызмат боюнча кесиптештер тарабынан туулган күнгө, үй-бүлө салтанаттарына ж.б. арналган белектерди алууга болот. Ушундай белектердин жалпы наркы жыл ичинде кызматчынын бир айлык маянасынын өлчөмүнөн ашпашы керек.
25. Кызматтык иш сапар мезгилинде протоколдук ж.б. расмий иш-чараларга байланыштуу кызматчы алган белектер Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун менчигине акт боюнча өткөрүлүп берилет. Кызматчыларга мыйзамдарда белгиленген тартиптерде белектерди сатып алууга жол берилет.
26. Көрсөтүлгөн чектөөлөр расмий сыйлыктарга жайылтылбайт (сыйлыктар, дипломдор, грамоталар ж.б.)
IV бап. Жүрүм-турум маданияты
27. Кесиптештер менен өз ара аракеттенүүдө кызматчы адилеттүүлүктүн, ак көңүлдүүлүктүн үлгүсү болууга, жагымдуу моралдык климаттын түзүлүшүнө, өз ара жардам берүүгө тийиш.
28. Кызматчы кесиптештерине урматтоо менен мамиле кылууга, эл алдында сындабоого, жетекчинин чечимдерине ачык күмөн саноого укугу жок. Кызматчы жетекчинин чечимдери менен макул болбогон учурда, өз көз карашын жазуу жүзүндө баяндоо менен ага кайрылууга укуктуу.
29. Кызмат боюнча кесиптештер тарабынан бузулган этиканын ченемдери аныкталган учурда, кызматчы мындай фактылар жөнүндө жетекчиге билдирүүгө укуктуу.
30. Кызматчылар субординацияны сактоого, кызматтык мамилелердин чегинен чыкпоого, кесиптештерди урматтоого, мамиле курууда кемсинтүү сөздөрүнөн алыс болууга тийиш.
31. Жетекчи жамаатта кол алдындагыларга урматтоо менен мамиле кылуусу, үлгү болуусу, моралдык колдоосу жана алардын ишин уюштуруусу, кесиптик өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүсү жана кол алдындагыларынын убактысын баалоосу зарыл.
32. Жетекчи кол алдындагылардын керектөөлөрүнө көңүл бурууга, алардын өтүнүчтөрүнө жооп берүүгө, жамааттагы иш абалды колдоого тийиш.
12. Коомдук жана саясаттык иш-аракеттер
33. Кызматчынын коомдук (кызматтан тышкаркы) иш-аракеттери анын чынчылдыгына жана адептүүлүгүнө тегерегиндегилердин күмөн санабоосун алып келбеши керек. Кызматчынын кызматтан тышкаркы иш-аракеттери, же анын коомдук бирикмеге таандык болушу, анын кызматтык милдеттерин аткаруунун калыстыгына жана объективдүүлүгүнө шектенүүнү жаратпашы керек.
34. Кызматчы өз кызматтык абалын пайдалануу менен башка кызматчыларды коомдук бирикмелердин иш-аракеттерине катыштырууга мажбурлабоого тийиш.
35. Кызматчыга белгиленген мыйзамдардагы учурларды кошпогондо, кызматтык жайларда коомдук, саясаттык бирикмелердин жана диндик уюмдардын иш-чараларын өткөрүүгө тыюу салынат.
36. Жумуш убагында, белгиленген мыйзамдардагы учурларды кошпогондо, кызматтан тышкаркы иштер менен алек болууга тыюу салынат.
37. Кызматчы анын иш-аракеттери Конституцияны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга алып келген кырдаалдардан алыс болууга, Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна мүлктүк залал, жарандарга материалдык жана моралдык зыян келтирбөөгө тийиш.
13. Жарандар менен мамилелер
38. Кызматчы кызматтык милдеттерди аткарууда укукка жат таасир этүүдөн объективдүү жана эркин болууга тийиш.
39. Жарандар менен мамилелерде кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- адептүү жана сылык болууга;
- тартиптүүлүгүн жана уюштуруучулугун көрсөтүүгө;
- убаракерчиликти болтурбоого, жеке убагына кылдаттык менен мамиле кылууга;
- кызмат алуучунун бир тарабынын кызыкчылыктарынын артынан түшпөөгө;
- Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кадыр-баркын колдоого.
14. Кызматчынын тышкы келбети
40. Кызматчынын тышкы келбети (чач жасалгасы, кийими) классикалык жана ишкердик стилге ылайыктуу болушу керек, таза жана тыкан болуп, тегерегиндегилердин жактырбоосуна кабылбоого тийиш.
41. Кийимге болгон атайын талаптар протоколдук жана башка расмий иш-чараларга тартылган кызматчыларга көрсөтүлө алат.
15. Пикир алышуунун стили
42. Пикир алышуунун стили кызматчынын маданий деңгээлин аныктайт.
43. Кесиптештер жана башка жактар менен пикир алышууда кызматчылар ак ниеттүүлүк жана ачыктык принциптерин кармоосу зарыл.
44. Кызматтык мамилелерде кол алдындагылар жана кенже кызмат орундагылар жетекчилер, улук кызмат орундагылар менен биринчи саламдашуусу керек, ал эми бирдей кызмат орундагылар, кимиси өзүн көбүрөөк сылык жана тарбиялуу эсептесе, биринчи саламдашат.
45. Кызматчыларды бири-бирине тааныштырууда, биринчи жогорку кызматтагы кызматкерди тааныштырат.
46. Кызматтык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө кызматчы рационалдуулукка, ачыктыкка жана тактыкка умтулууга тийиш.
47. Иш убагын жана бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында, кызматчы милдеттерин аткарууда заманбап маалыматтык технология каражаттарын артыкчылыктуу колдонууга аракеттенүүсү керек.
16. Коомдук иш-чараларга катышуу
48. Кызматчылардын жүрүм-турумунун этикасынын эрежелери расмий коомдук иш-чараларга жайылтылат.
49. Коомдук иш-чараларда кызматчы эл алдында чыгуу усулдарын туура пайдаланууну билиши керек, Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кадыр-баркын шектенүүгө алып келген адепсиз жүрүм-турумдан жана сүйлөп чыгуудан алыс болууга тийиш.
50. Эл алдында чыгууда кызматчы Кочкор-Ата шаардык Кеңеши көрсөткөн көз карашына дал келген маалыматты айтууга укуктуу.
V бап. Этика ченемдеринин бузулушун кароо тартиби
17. Этика боюнча комиссия
51. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин ар бир аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө кызматчынын этикалык жүрүм-турумуна болгон арыздарды жана даттанууларды караган этика боюнча комиссия түзүлөт.
52. Этика боюнча комиссия өз ишин айкындуулук, коллегиялуулук жана ак ниеттүүлүк принциптеринде жүргүзөт.
53. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин аппараттарынын этика боюнча комиссиясынын төрагасы жамаатта кадыр-баркка жана урмат-сыйга ээ болгон, жүрүм турум мамилеси өтө жогору болгон жетекчи же анын орун басары болбогон кызматчылардын ичинен, жамааттын чогулушунда шайланат жана Кочкор-Ата шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан бекитилет.
18. Этика боюнча комиссиянын ишинин, ыйгарым укуктарынын жана иш-милдеттеринин тартиби
54. Этика боюнча комиссия өз ишин жылдык пландын негизинде түзөт.
55. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин муниципалдык кызматчыларынын этика боюнча шаардык аймактык комиссиясынын отуруму Кочкор-Ата шаардык Кеңештин номенклатурасына кирген, Кочкор-Ата шаардык Кеңештин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана алардын орун басарларынын дарегине жазуу түрүндөгү арыздардын түшүшүнө жараша өткөрүлөт.
56. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин аппаратынын муниципалдык кызматчыларынын этика боюнча комиссиясынын отуруму, Кочкор-Ата шаардык Кеңештин аппаратынын муниципалдык кызматчыларынын дарегине жазуу түрүндөгү арыздардын түшүшүнө жараша өткөрүлөт.
57. Этика боюнча комиссиянын отуруму, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, ыйгарым укуктуу деп эсептелет. Этика боюнча комиссиянын добуштары бирдей болуп калган учурда, төраганын добушу чечүүчү болуп саналат.
58. Этика боюнча комиссия төмөнкү иш-аракеттерди жүргүзөт:
- кызматчынын этика ченемдерин бузуу фактыларын белгилейт;
- этикалык жүрүм-турум маселелери боюнча жамаатка окууларды өткөрөт;
- коррупциялык тобокелдикти азайтуу жана кызыкчылыктардын кагылышын жоюу боюнча сунуштарды берет;
- этика маселелери боюнча кызматчылар менен алдын алуу аңгемелешүүлөрүн өткөрөт;
- мыйзамдарга ылайык башка маселелерди карайт.
59. Этика боюнча комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан муниципалдык кызматчыдан анын тартип бузуусунун кырдаалы жөнүндө түшүнүк кат берүүнү талап кылууга;
- муниципалдык кызматчы тарабынан жасалган тартип бузуунун кырдаалын объективдүү, толук жана ар тараптан териштирүүгө багытталган иштерди аткарууга;
- муниципалдык органдын жетекчисине этика маселелери боюнча жана муниципалдык кызматчыларга карата тийиштүү чара көрүү жөнүндө сунуштарды берүүгө;
- мамлекеттик, муниципалдык органдардан жана уюмдардан, кызмат адамдарынан өз иш-милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл маалыматтарды суроого жана алууга;
- Кочкор-Ата шаардык Кеңештин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө жана кызмат адамдарына мыйзамдын бузулуулары менен кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу, же өзгөртүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
60. Этика ченемдеринин бузулушу белгиленген учурда, этика боюнча комиссия төмөндөгүдөй чечимдерди кабыл алат:
- кызматчыны моралдык жактан уяткарат;
- этика ченемдеринин сакталышынын милдеттүүлүгү жөнүндө жазуу түрүндө эскертүү чыгарат;
- кызматчыга карата тартиптик жаза чарасын колдонуу боюнча жетекчиге сунуш берет.
61. Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү этиканын бузулушу жөнүндө ачык айтып чыгууга укугу жок. Тартип бузуу фактылары аныкталган учурларда этика комиссиясы жетекчи менен аны ачыкка чыгаруу маселесинин максатка ылайыктуулугу боюнча макулдашат.
62. Этика боюнча комиссия төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул жобонун, комиссиянын башка ички актыларынын талаптарын сактоого;
- бардык кызматчыларга калыстык мамилеге кепилдик берүүгө;
- кызматчыларга алардын квалификацияларын жана кесипкөйлүүлүктөрүн өркүндөтүүдө жардам берүүгө;
- кызматкерлердин кесиптик эмгекти сүйгөн штатын түзүүгө жардам берүүгө, комиссиянын иш-аракеттерин өнүктүрүү жана чыңдоо кызыкчылыгынан, кызматчылар арасында корпоративдик мамилелерди өнүктүрүүгө.
19. Этика боюнча комиссиянын иш-аракеттерин камсыз кылуу
63. Этика боюнча комиссиянын иш-аракеттерин камсыз кылууга жооптуу болуп комиссиянын төрагасы жана катчысы эсептелет.
20. Этика боюнча комиссиянын иш-аракеттеринин мониторинги
64. Этика боюнча комиссиянын иш-аракеттеринин мониторингин мамлекеттик (муниципалдык) кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
VI бап. Этика ченемдеринин бузулушуна жоопкерчилик
21. Муниципалдык кызматчылардын тартиптик жоопкерчилиги. Кызматтык териштирүүнү жүргүзүү
65. Муниципалдык кызматчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, администрациялык, материалдык жана кылмыштык жоопкерчиликти тартат.
66. Муниципалдык кызматчынын тартиптик жоопкерчилиги деп муниципалдык органдын жетекчисинин (жалдоочунун) муниципалдык кызматчыга карата анын кызматтык милдеттерин укукка каршы аткаргандыгы, аткарбагандыгы, же тийиштүү түрдө аткарбагандыгы (кызматтык тартипти бузгандыгы) үчүн тартиптик таасир этүү (жазалоо) чараларын колдонушу түшүнүлөт.
67. Муниципалдык кызматчыга карата эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялоо, кызматына толук ылайык келбөө жөнүндө эскертүү, класстык ченин төмөндөтүү, кызматынан төмөндөтүү, бошотуу түрүндөгү жазалоо жалдоочу тарабынан кызматчынын эмгек тартибин бузгандыгы, башкача айтканда, ага жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарбагандыгы үчүн, ошондой эле ушул жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн колдонулушу мүмкүн.
68. Муниципалдык кызматчыга карата тартиптик жаза, муниципалдык органдын жетекчиси (жалдоочу) тарабынан кызматтык кылмыш жасалган факты аныкталган, же ырасталган (анын ичинде муниципалдык кызматчы жүрүш-туруш эрежелерин сактабаган) учурда гана колдонулушу мүмкүн.
69. Муниципалдык кызматчы тарабынан жасалган кызматтык кылмыш фактысын аныктоо же ырастоо үчүн муниципалдык органдын жетекчиси (жалдоочу) тарабынан анын өз демилгеси менен, этика боюнча комиссиянын, же муниципалдык кызматчынын сунушу боюнча дайындалган кызматтык териштирүү жүргүзүлүшү мүмкүн.
70. Кызматтык териштирүү жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларынын негизинде, жалпыга маалымдоо каражаттарында муниципалдык кызматчынын кызматтык (тартиптик) кылмыш жасагандыгы жөнүндө маалымат жарыяланган учурда да жүргүзүлүшү мүмкүн.
71. Кызматтык териштирүү муниципалдык органдын этика боюнча комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.
72. Кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан мезгилде, муниципалдык кызматчы эмгек акысын сактоо менен тергөө жүргүзүлгөн бардык убакытка кызматынан четтелиши мүмкүн.
73. Муниципалдык кызматчынын түшүнүк кат берүүдөн баш тартуусу кызматтык териштирүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылбайт. Түшүнүк берүүдөн баш тартуу жөнүндө этика боюнча комиссия акт түзөт.
74. Кызматтык териштирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө жүргүзүлөт.
75. Кызматтык териштирүү бүткөндөн кийин маалымдама жазылып, ал кызматтык териштирүүнүн материалдары менен бирге мамлекеттик органдын жетекчисине (жалдоочуга) биротоло чечимди кабыл алуу үчүн берилет.
76. Кызматтык териштирүү жөнүндөгү маалымдамада төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- кимге карата, качан жана ким тарабынан кызматтык териштирүү жүргүзүлдү;
- кызматтык териштирүүнү дайындоо үчүн негиздер;
- муниципалдык кызматчынын укук тартибин бузгандыгынын фактысын аныктоонун кырдаалы;
- жүргүзүлгөн териштирүүнүн зарыл болгон материалдар менен ырасталган жыйынтыктары.
77. Кызматтык териштирүү төмөнкү учурларда токтотулат же жүргүзүлбөйт:
- муниципалдык кызматчы өзүнүн кылмыш жасагандыгын чын дилден мойнуна алса;
- тартиптик жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү өтүп кеткен учурда;
- жасалган тартип бузууда жазык кылмыш ишинин белгилери табылса.
78. Кочкор-Ата шаардык Кеңешине караштуу комиссия ар кандай муниципалдык кызматчыга карата кызматтык териштирүү жүргүзүүгө, ошондой эле кызматтарда жана Кочкор-Ата шаардык Кеңештин түзүмдүк бөлүмдөрүндө жүргүзүлүп жаткан кызматтык териштирүү боюнча материалдарды талап кылууга укуктуу.
79. Кызматтык териштирүүдө муниципалдык кызматчынын тартип бузгандыгы ырасталган учурда муниципалдык органдын жетекчиси (жалдоочу) ага карата тартиптик жаза колдонот.
80. Муниципалдык органдын жетекчисинин (жалдоочунун) чечиминде жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүдө аныкталган жана тартиптик жаза колдонуу үчүн негиз болгон кырдаалдар көрсөтүлөт.
81. Тартиптик жаза муниципалдык кызматчынын түздөн-түз жетекчисинин өтүнүчү же андай жазаны колдонгон сунушу боюнча, кызмат адамынын өз демилгеси менен мөөнөтүнөн мурда алып салынышы мүмкүн.
82. Тартиптик жазанын мөөнөтүнөн мурда алып салынышы жөнүндө чечим чыгарылат.
22. Этика ченемдерин бузуунун түрлөрү
83. Этиканы бузуу (жорук) - бул этика жөнүндө ушул жободо белгиленген ченемдердин жана жүрүш-туруш эрежелеринин кызматчы тарабынан сакталбашы.
84. Жоруктар анча олуттуу эмес жана олуттуу деп бөлүнөт.
85. Кызматчынын жеке өзүн дискредитациялаган жорук анча олуттуу эмес болуп эсептелет.
86. Жарандардын Кочкор-Ата шаардык Кеңешке болгон ишениминин бузган жорук олуттуу болуп эсептелет.
87. Жорукту квалификациялоодо этика боюнча комиссия бир жылдын ичинде аны кайрадан жасагандыгын көңүлгө алат.
88. Этика ченемдерин кайра бузганда кызматчылардын жоругу анча олуттуу эместен олуттууга кайрадан квалификацияланышы мүмкүн.
23. Этика боюнча комиссиянын чечимдерине даттануу
89. Кызматчы өзүнө колдонулган тартиптик жаза жөнүндө этика боюнча комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда, жетекчиге жазуу түрүндө кайрылууга укуктуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жаза колдонуу жөнүндөгү чечимге карата даттанууга укуктуу.
90. Жетекчи кызматчынын жазуу түрүндөгү арызынын негизинде даттанууну кароо боюнча апелляциялык комиссия түзөт.
91. Апелляциялык комиссиянын курамына этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү, ошондой эле даттанган кызматчыдан кызматтык жактан көз каранды болгон муниципалдык кызматчылар кире албайт.
92. Апелляциялык комиссиянын чечими этика боюнча комиссия үчүн милдеттүү болуп саналат.
Кочкор-Ата шаардык
Кеңешинин Жооптуу катчы М.Мадосмонов.