Редакцияот 20.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 20-январындагы №1

“Сузак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик админстрациясы жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна жана Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна шайлоону өткөрүү жөнүндө 2017-жылдын 20-январындагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколун карап чыгып ,Сузак айылдык Кеңешинин кезектеги II-сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколу бекитилсин.

2.Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна жалпы депуттардын көпчүлүк добушун алган Сариев Аскарбек Надирбекович Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна шайланды деп эсептелинсин.

3.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

Төрага

Ж. Хакимов