Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын I кезексиз сессиясы
2016-жылдын 11-июну № 12
Бабыр айылына балдар бакчасын ачуу жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Бабыр айылынын тургундарынын айылга балдар бакчасын ачуу боюнча арызын, аталган айылдын жалпы элдик жыйынын токтомун, айыл башчысынын жана Социалдык маселелер, жаштар саясаты, спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын токтомунун долбоору менен таанышып чыгып, талкуулап учурдун муктаждык талабын орундатуу жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бабыр айылына 50 орундуу 2 тайпа “Бабыр” балдар бакчасы ачылсын, Бабыр айылындагы А. Матаевдин жеке менчик үйү С. Мойдунов атындагы орто мектебинин жаңы имараты ачылып, эски мектептин орду бошогонго чейин балдар бакчасына калтырылсын.
2. С. Мойдунов атындагы орто мектебинин эски имараты бошогондон кийин, ал имарат “Бабыр” балдар бакчасынын имаратына айландыруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттине бала бакчаны камсыздоо үчүн кетирүүчү чыгымдарды эсептеп чыгып, айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөтүүлөрдү киргизүү жагы жана бюджетти бөлүштүрүү жагы Өзгөн райфин бөлүмүнө жана Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына дайындалсын.
4. Суралсын райондук билим берүү, санитардык-эпидемиология көзөмөл борбору, өрт коопсуздугу, жаратылышты коргоо бөлүмдөрүнөн талапка ылайык бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы.
5. Райондук мамлекеттик администрациясынан токтомду бекитип берүү жана Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |