Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабрындагы №2
Ленин айыл аймагынын 2018-2023-жылдарга туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын программасы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл аймагынын 2018-2023-жылдарга туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын программасы №16 тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркемелер 22-баракта тиркелет.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Токтосуновко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика, айыл чарбасы жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
| Төрага | М. Кенешбаев |
|
Ленин айылдык Кеңешенин VI-сессиясынын 2-токтомуна №16 тиркеме
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ
СУЗАК РАЙОНУ
ЛЕНИН АЙЫЛ АЙМАГЫ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы
“Жаны доорго кырк кадам № 602” токтомунун негизинде түзүлгөн Ленин айыл аймагынын “2018-2023-жылдарга туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын ПРОГРАММАСЫ
Ленин айылы, 2017-жыл.
Кириш сөз
Айыл аймагы тарабынан кабыл алынган Ленин айыл аймагынын “2018-2023-жылдарга туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын Программасы” жергиликтүү экономикалык өнүгүү программасы аймактагы жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүн, ишкерлер чөйрөсүн пландаштырууга тартуу жараяны менен коштолгон. Экономикалык өнүгүүнүн стратегиясында аймактык экономиканын, анын чөйрөлөрүнүн жана секторлорунун, айрым тармактарынын өнүгүүсүнүн максаттары аныкталып, аларга жетүүнүн көбүрөөк натыйжалуу жолдору, каражаттары жана ыкмалары тандалып алынат. Артыкчылыктуу багыттар ички дүң продукциянын, өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүнүн өсүү темпи, калктын жыргалчылыгынын жана анын кирешелеринин деңгээли, инфляциянын темптери сыяктуу макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн өз ара чырмалышкан тутуму менен мүнөздөлөт. Жергиликтүү экономикалык өнүгүү планын турмушка ашырууда жамааттардын өкүлдөрүн тартуу жамааттын келечекке коюлган пландын жыйынтыгына болгон кызыгуусун гана көрсөтпөстөн, ошондой эле катышуучулук жана менчик сезимин жогорулатат, акырында пландын туруктуулугуна, реалдуу ишке ашуусуна оң таасирин тийгизет.
Өлкөбүздөгү жашыл экономика саясаты да программаны иштеп чыгууда негизги принциптердин бири катары бааланды. Азыркы учурда коомдун экология маселелерине болгон кызыгуусу артып барууда, ишканалардын, аймактардын ишмердүүлүгүндөгү жаратылышты коргоо маселесине коюлуучу талаптар катаалдашып бара жатат. Айрыкча айлана чөйрөгө зыян келтирбей, тамак аш коопсуздугунун эл аралык стандарттарына өндүрүлгөн продукциянын сапатында эске алуу зарыл деп табылган. Ошондой эле айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө органикалык жолду тандоо, заманбап натыйжалуу технологияларды колдонуу айыл аймагындагы ишкерлердин негизги багыттарынын бири болуп калды.
Жергиликтүү экономикалык өнүктүрүүдө учурда өлкөбүздө эң актуалдуу маселелердин бири катары каралган мамлекеттик жана жеке сектордун өнөктөштүгү форматын колдонуу да негизги көңүл борборуна алынган
Ушуга байланыштуу жергиликтүү өнүгүүнүн каралып жаткан программасы аны түзүү боюнча түзүлгөн жумушчу топ тарабынан учурдагы абалды талдоо жана керектөөлөрдү, артыкчылыктарды аныктоо баскычтарында жергиликтүү калктын катышуусу менен иштелип чыгылды. Мындан сырткары жергиликтүү экономикалык өнүгүүнүн программасынын долбоору жергиликтүү калктын коомдук угуу учурундагы сунуштарын жана комментарийлерин эсепке алуу менен кошумчаланды.
1. Ленин айыл аймагы боюнча жалпы маалымат.
Географиялык абалы жана климаты. Ленин айыл аймактын аймагы областын борбору Жалал-Абад шаарынан 20 километр, Сузак районун борбору Сузак айылынан 25 километр аралыкта, Жалал-Абад шаарынын түндүк тарабынан орун алган. Айыл аймагы Көк-Арт өрөөнүнүн Көк-Арт дарыясынын чыгыш тарабында жайгашып, Кыз-Көл, Багыш, Кызыл-Туу, Тайгараев аймактык башкарууларынын аймактары менен чектешет. Айыл аймактын курамында Ленин, Орто-Сай, Жыгач-Коргон элдүү айылдары бар. Бардыгы атайын макамга ээ, калкы көп улуттуу, ынтымак жашаган эл.
Ленин айыл өкмөтү 1996-жылы Кыргыз Республикасында жер комитеттер жоюлуп, айыл өкмөттөр түзүлгөн учурда административдик-территориялык аймак болуп түзүлгөн.
Жалпы аянты 3373 га.
Деңиз деңгээлинен бийиктиги 760 м.
Жакынкы аэропортко чейинки аралык 16 км.
Жакынкы темир жол станциясына чейинки аралык 16 км.
Климаттык шарттары. Айыл аймактын климаты кышы суук, жайы – ысык, температуралык минимум – -25 градус, максимум – +40 градус. Жери дыйканчылыкка ылайык кенен түздүк жерде жайгашкан. Климатынын мээлүүндүгү, жаан-чачындын нормада түшүшү, сугат суусунун жетиштүүлүгү бак-дарак өстүрүүгө, дан өстүрүүгө, жашылча өстүрүүгө өтө ыңгайлуу.
Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы Айылдык Кеңеш саналат. Анын курамы 21 депутаттан түзүлүп, мунун ичинде экөөсү аялдар. Айылдык Кеңештин курамында туруктуу 4 комиссия иштейт. Аткаруу бийлиги болуп Айыл өкмөтү саналат, мында 15 штаттык бирдик бекитилген, бүгүнкү күндө бул жерде иштеген 15 адамдын төртөөсү (26,6%) аялдар.
Демографиялык абал. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл аймагында отурукташкан 1467 кожолукта жалпысы болуп 7067 адам жашайт. Анын ичинен 3364 адам – эркектер (47,6%), аялдардын саны – 3703 адам (52,4%). 2015-жылга салыштырмалуу калктын саны 6 адамга же 0,008% га өскөн.
Калкынын улуттук курамынын 86% ын кыргыздар, 0,8%ын өзбектер жана 13,2% ын башка улуттун өкүлдөрү түзөт.
Жаш курагы боюнча алганда 2016-жылы 16 жашка чейинки балдардын жалпы саны 2535 болуп, жалпы калктын санынын 35,9% ын түздү, анын ичинен кыз балдар 1204 адам (47,5%), эркек балдар 1331 адам (52,5%) болду. Эмгек жашындагы элдин жалпы саны 4039 адам же 57,2%, мунун ичинде аялдар 2153 адам, эркектер 1886 адам. Пенсия жашындагылардын жалпы саны 493 адам же жалпы калктын 6,9%ын түзөт.
Бүгүнкү күндө айыл аймагы боюнча 731 адам миграцияда жүрүшөт, мунун ичинен 376 адам – аялдар, 355 адам эркектер. Сырткы миграциянын көлөмү ичкиге караганда бир далай аз: сырткы миграцияда 192 адам (26,3%) адам болсо, ички миграцияда 539 адам (73,7%) адам бар. Өткөн жылкыга салыштырмалуу мигранттардын саны 38 адамга кыскарган.
2. Айыл аймагынын учурдагы экономикалык абалы
Айыл аймагындагы жалпы экономикалык көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй: 2016-жылы айыл чарбасы боюнча өндүрүлгөн жалпы дүң продукциянын көлөмү 312635 миң сомду түз, 2015-жылга салыштырмалуу өсүү 102,1%ды түздү. Мунун ичинен талаачылыкта 191070 миң сомдук дүң продукция өндүрүлгөн болсо, мал чарбасында 121564 миң сомдук дүң продукция өндүрүлдү. Салыштырмалуу салмагы боюнча алганда талаачылык 61,1% ды түзүп, басымдуулук кылат. Мал чарбасынын үлүшү 38,9%ды түзгөн.
Айыл аймагында өнөр жай продукциясы өндүрүлбөйт. Ал эми чекене товар жүгүртүүдө 382431 миң сомдук продукция өндүрүлүп, жалпы айыл чарбасынан да көбүрөөк киреше алып келген. Мындагы өсүү 2015-жылга салыштырмалуу 103,7%ды түзөт. Ал эми акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр тармагында 19184,2 миң сомдук продукция өндүрүлгөн, өсүүнүн көрсөткүчү 109,9%ды түздү.
Айыл аймагына 2016-жылда тартылган инвестициялардын көлөмү 15737 миң сомду түзүп, өткөн жылдын көрсөткүчүнүн 33,5% ына барабар болду
Ленин айыл аймагындагы 1477 кожолуктун ичинен өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 245 ке тең болуп, жалпы кожолуктардын 16,6%ын түзөт. Жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 10 же болбосо 0,68%. Натыйжада айыл аймагы боюнча жакырчылыктын көрсөткүчү 17,3% га барабар. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 1,9%га азайган.
Айыл аймагы дотациялык айыл аймак. 2016-жылдагы айыл аймагынын жалпы кирешеси 11485,2 миң сом болуп, мунун ичинде кирешенин өздүк булактары 5512,3 миң сомду түздү (48,0%), ал эми республикалык бюджеттен 5972,9 миң сомдуктеңдөөчү гранттар берилди (52,0%).
Бүгүнкү күнгө карата айыл аймагында 1 нан бышыруучу цех, 24 соода түйүнү (магазин, камоктор ж.б.), 2 баня иштейт. Айыл аймагында катталган дыйкан-фермердик чарбалардын саны 1045, 1 ветеринардык сервис, 1малдарды жасалма уруктандыруу пункту, жалпы аянты 100 кв.м. болгон 2 теплица бар.
Жайыттардын абалы. Ленин айыл аймагынын жайыттарынын жалпы аянты 473 га, анын ичинен ички жайыттардын аянты 97 гектар, калган бөлүгү сырткы жайыттар. Сырткы жайыттар Калмак-Кырчын айылына жакын болгон Как-Көл участкасында жайгашкан. Бул жайыттарга чейинки аралык 50-55 кмди түзөт. Жайыттардын абалы жакшы, деградацияга кабылган эмес, бирок жолдун абалы начарлап барууда. Сырткы жайытка баруучу жолдун 7 км бөлүгүн сүрдүрүп, тегиздеп оңдоо керек.
Жайыт комитетинин иш-кагаздарына ылайык пайдалануунун сезондуулугу боюнча жайыттар жазгы-күзгү, жайкы, жазгы-жайкы жана кышкы болуп бөлүнүшөт. Жазгы жайыттарга жаюу мезгили 15-марттан башталып, 15-майда бүтөт. Жайкы жайыттарга мал 15-майдан баштап жайылат, бул жайыттарды пайдалануу 1-октябрга чейин созулат. Күзгү жайыттар 1-октябрдан 30-ноябрга чейин пайдаланылат. Кышкы жайыттар 1-декабрдан 15 мартка чейин пайдаланылат.
Жайыттардын, айрыкча ички жайыттардын күрдүүлүгүн көтөрүү үчүн көп жылдык чөптөрдү эгүү зарыл. Бул маселенин көтөрүлгөнүнө бир нече жыл болгону менен аны ишке ашырууга далалат болгон эмес. Буга айыл өкмөтүнүн каражаты жетишсиз, ал эми фермерлердин кызыкчылыгы болгон жок. Фермерлердин кызыкчылыгын жаратуу үчүн 97 гектар ички жайыттарды аларга бөлүп берүү зарыл. Мунун натыйжасында көп жылдык чөптөржок дегенде бир жолу орулуп, экинчи өсүмү күзгү жайыттын кызматын аткарып калмак.
Ошол эле учурда жайлоонун экологиясына терс таасир берип жаткан дагы бир көйгөй – бул койлордон кыркылып алынган жүндөрдүн чачыранды абалда калып кетүүсү. Мунун алдын алуу үчүн айылдарда же жазгы жайыттарда кой кыркым пунктун уюштуруу зарыл. Жайлоого кетүүнүн алдынан ушул пунктта кыркымды уюштуруп, жүндү экологияны бузбай тургандай кылып сактап калууга жана кайра иштетүүгө болот.
Мал чарбачылыгынын абалы.Мал чарбачылыгы айыл аймагынын калкынын кирешесинин негизги булактарынын бири. Мал чарбачылыгынын көлөмү 38,9% көрсөткүчтү түзөт. Айыл аймагындагы мал-жаныбарлардын саны 2016-жылы төмөнкүдөй көрсөткүчтөргө ээ болду: ири мүйүздүү малдар – 2695 баш, 2015-жылга салыштырмалуу өсүү 35 башты же 1,3%ды түздү, жылкы – 324 баш, өткөн жылга салыштырганда 31 башка же 9,6%га өскөн, койлор – 4917 баш болуп, өсүү 14 башка же 0,3% га тең болду, , канаттуулар – 7650 баш.
Бирок, мал чарба продукцияларын кайра иштетүү жергиликтүү бийлик жана жашоочулар тарабынан жолго салынган эмес. Жарандар мал жандыктарынын башын көбөйтүү жана тирүүлөй сатуу менен гана киреше көрүп келишет. Малдын асылдуулугу жакшы деңгээлде, элдер сүт, эт багытындагы малдарды көбөйтүшкөн. Мунун натыйжасында айыл аймагы боюнча 2016-жылы 376 тонна эт, 2441 тонна сүт, 11 тонна жүн өндүрүлгөн. Саалынып алынган сүттүн бир бөлүгү калктын өзүнүн керектөөсүнө жумшалып, калган бөлүгү сатылат. Бирок арзан баада сатылгандыктан, бул ишмердүүлүк натыйжалуу болбой келет. Сүт продукциясы үчүн кошумча нарк чынжырчасын уюштуруу зарылдыгы бар.
Жыгач-Коргон айылында малды жасалма уруктандыруучу 1 пункт уюшулган, бирок уруктандыруу боюнча жүргүзүлгөн алгачкы тажрыйбалардын жыйынтыгы жакшы деңгээлде болбой калган. Ветврачтардын сөзү боюнча жергиликтүү малдардын көбү жасалма уруктандырууну көтөрө алышпайт экен. Анын үстүнө калк арасында уруктандыруунун кымбаттыгы айтылып (600-700 сом), каалоочулар анча деле көп эмес. Уруктандыруу март-май айларында жүргүзүлөт, жылына 20 нын айланасындагы мал уруктандырылат. Ошонун ичинен айыл аймагынан болгону 4-5 мал уруктандырылат, калгандары коңшулаш айылдардан, шаардан келишет. Бирок малдын асылдуулугун арттыруу маселелери элди кызыктырат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн ветеринарлардын билимин тереңдетүү, элдин арасында асылдандыруунун артыкчылктары жөнүндөгү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.
Мындан сырткары мал чарбасындагы кездешип жаткан мал ооруларынын алдын алуу максатында айыл аймагындагы жалгыз ветсервистин кызматынын сапатын жакшыртууга жетишуу, сапаттуу ваксина менен камсыз кылуу жана өз учурунда малдарды ар кандай инфекцияларга каршы эмдөөлөрдү жүргүзүү талапка ылайык. Ошону менен бирге паразитардык оорулардын алдын алуу боюнча жууткана уюштуруу зарыл. Ички жайыттардын чегинде бирБеккер чуңкуру бар, бирок мал чарбасындагы өндүрүш таштандыларын чыгаруу үчүн атайын чуңкур куруу зарылчылыгы бар.
Айыл аймагында өндүрүлгөн сүттүн көлөмү жакшы деңгээлде, бирок кайра иштетүүгө шарттын жоктугу өндүрүлгөн сүттүн бир далай бөлүгүнүн ысырап болуусуна алып келүүдө. Коңшулаш Октябрь айылында сүт жана сүт азыктарын кайра иштетүүчү мини завод иштейт. Ушул завод менен келишим түзүү аркылуу айыл аймагынын эли үчүн сүттү пайдалуу сатуусуна шарт түзүүгөболот. Ушуга байланыштуу ар бир айылда сүт кабыл алуу пункттарын уюштуруу зарыл.
Талаачылыктын абалы.
Ленин айыл аймагынын жаратылыштык климаты талаачылыктын дээрлик бардык өсүмдүктөрүн өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. 2016-жылда талаачылык эгиндеринин өндүрүлүүсү төмөнкүдөй көлөмдө болду: Жалпы дан эгиндеринин көлөмү 3069 тонна болуп, 2015-жылга карата 39,5 тоннага көп өндүрүлдү, өсүү 1,3% ды түздү. Мунун ичинен күздүк жана жаздык буудай 863 тонна, арпа 150 тонна, дандык жүгөрү 1830 тонна, күрүч 224 тонна өндүрүлгөн. Мындан сырткары картошка 490 тонна, май өсүмдүктөрү 245 тонна, жашылча 2310 тонна, бакча өсүмдүктөрү 2106 тонна, мөмө-жемиштер 1250 тонна, жүзүм 20 тонна өндүрүлгөн. Талаачылык өсүмдүктөрүнөн жалпысы болуп 237431,4 миң сомдук продукция өндүрүлгөн.
Айыл аймагынын мурдагы аталышы Винсовхоз болгон, б.а. айыл аймагы – жүзүм өстүрүүчү жана андан винонун түрдүү сортторун чыгаруучу адистештирилген совхоз болгон. Айыл аймагында жайгашкан вино чыгаруу заводунун продукциясы, айрыкча Мускат сортундагы винолору Кыргызстанга эле эмес, жакынкы чет өлкөлөргө да белгилүү болгон эле. Бирок Союздун тарашы менен бул чарба жоюлуп, завод да таланып кеткен. Бүгүнкү күндө жүздөгөн гектар жүзүм талааларына башка эгиндер эгилип жатат. Бирок бул өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү начар, анткени жерлердин көп бөлүгү таштак жерлер. Жүзүм талааларынан болгону 15-20 гектардай жер калган. Бүгүнкү күндө өндүрүлгөн жүзүм Жалал-Абад шаарындагы вино жана вино буюмдарын чыгарган “Алманбет” ЖЧК сына тапшырылат. Айыл аймактын калкы жүзүм өндүрүүнүн артыкчылыгы көп экендигин түшүнүп жетишти, ошондуктан да жүзүм талааларын кайрадан тиктөө зарылдыгын белгилешкен, анткени жүзүмдүн кирешелүүлүгү башка өсүмдүктөрдөн көп. Талааларга олтургузуу үчүн мурдагы вино сортундагы жүзүмдөрдүн көп сандагы көчөтү керек. Биринчи кезекте жүзүм көчөтүн өстүрүү үчүн атайын питомник уюштуруу зарыл. Мындан сырткары жүзүм талааларын иштетүү үчүн гусеницалуу трактор, Т-16 маркасындагы жүзүм ташуучу трактор сыяктуу атайын техникалар керек, б.а. айыл аймагында айыл чарба багытындагы техникалык кызмат көрсөтүүчү сервисти уюштуруу керек.
Багбанчылык. Багбанчылыкты өнүктүрүүгө калктын кызыкчылыгы жылдан-жылга өсүп барат, анткени бул тармак сарптоолорду аз талап кылган, түшүмдүүлүгү көп тармак.Айыл аймагында таза жана сапаттуу алма өсөт. Бирок айыл аймагы боюнча атайын көп аянттарга эгилген бак-дарактан Октябрь мамлекеттик сорт участогундагы 15,5 гектар аянттагы бакты гана атоого болот. Мөмө-жемиштердин көп бөлүгү элдин өздүк бактарында жетиштирилет. Мөмө-жемиштерди сатуу рыногу кеңири, өндүрүлгөн продукция Жалал-Абад шаарында тез эле сатылат, андан сырткары кардарлар өздөрү келишип, түз эле үйлөрдөн сатып алып кетишет.
Жогоруда аталган Октябрь МСУ ишканасынын аталышы гана мамлекеттик болгону менен, өзү чарбалык эсеп менен иштеген ишкана. Жалпы жеринин аянты 53 гектар. Жетекчиси Мадумаров Саибджандын демилгеси менен алма багынан сырткары бул участокто 2,4 гектар шабдаалы багы бар. Бактар мөмөгө кирген. 1 гектар жерге помидор, 2 гектар дарбыз, 2 гектар жерге бадыраң, 3 гектар жерге башка жашылча-жемиштер өстүрүлдү. Ишкер Мадумаров тарабынан дагы 7 гектар жерге жаш көчөттөр олтургузулган, калган 20 жерди да бакка айландырууга, жашылча жемиштерди өстүрүүгө, өндүрүлгөн продукцияны жөн эле сатып калбастан, консервалоо жолу менен ага кошумча нарк чынжырчасын колдонууну ниеттенет.
Бүгүнкү күндө айыл аймагында жалпы аянты 100 чарчы метр болгон 2 күнөскана бар, экөөсү тең Жыгач-Коргон айылында. Булар айыл аймагынын тамак-аш коопсуздугун камсыз кылууга бир далай салымын кошо алышты. Бирок бүгүнкү күндө натыйжалуу иштетилбей калды. Мунун негизги себеби катары күнөскана ээлеринин тажрыйбасынын аздыгын атоого болот. Демек, атайын окууларды уюштуруу зарыл. Айыл аймагынын тургундары Орто-Сай жана Ленин айылдарында күнөскана куруу ниеттери бар.
Айыл аймагынын тургундары багбанчылыкты андан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар, анткени сатуу рыногунун бар жана жакын болуусу (Октябрь айылы, Жалал-Абад шаары) булардын продукцияларынын кирешелүүлүгүнө шарт түзөт. Анын үстүнө жаңыдан курулуп жаткан Жалал-Абад -Балыкчы жолу дал ушул айыл аймактын территориясынан өтөт, бул сатуу рыногунун кеңейүүсүнө, тейлөө кызматтарын уюштурууга шарт түзөт.
Айыл аймагындагы ички жолдордун, электр энергиясы менен камсыз кылуунун абалы. Таза суу жана гигиена. Ленин айылаймагынын ички автожолунун узундугу 30 км.,анын ичинен 14 км жол асфальтталган, калган 16 километри шагал жолдор. Жолдордун абалы жакшы эмес, эгемендүүлүктөн бери капиталдык ремонттон өткөн эмес. Жолдун начарлыгынан машиналардын бузулуусу көп болуп жатат, машина оңдош үчүн Жалал-Абад шаарына барышат. Айыл аймагында техниканы түшүнгөн адистер бар, ошондуктан машиналарды техникалык тейлөө станциясын уюштуруу керек.
Электроэнергия менен 100% камсыз болгон, көчөлөрү жарыктандырылган.Таза суу менен айыл аймагындагы 1460 кожолуктун баары, б.а. 100% камсыз болгон. Ичүүчү таза суу боюнча көйгөйлөр толук чечилген.
Сугат суу менен камсыз болуусу да 100%, б.а. айыл аймагындагы эгин талааларынын баарына суу барат. Чарбалар аралык маанидеги арыктардын узундугу 6 км. Ички чарбалык арыктардын жалпы узундугу 28 км, анын ичинен лоток коюлганы 4 км, бетондолгону – 4 км, калган 20 километри жер арыктар. Чарбалар аралык арыктардын 2 километри, коллектордук дренаждык тармактын 23 километри учурдагы оңдоп-түзөөгө муктаж.
Айыл аймагындагы экологиялык абал. Ленин айыл аймагында экологиялык жактан көчкү же сел кооптуу жерлер жок. Бирок “жашыл” экология жагдайында көңүл бураарлык маселелер жок эмес. Бул биринчи кезекте таштандылардан булгануунун алдын алуу маселеси. Таштанды чыгаруучу атайын Ленин айыл аймагынын турмуш-тиричилик муниципалдык коммуналдык ишканасы тузулуп 2017-жыл 23-ноябрда Жалал-Абад областыкоюстицияданкаттодон өткөрүлгөн. Таштандыларды чыгаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп ташылып чыгарылат. Демек таштанды чыгаруу үчүн атайын орундарды даярдоо, мыйзамсыз таштанды төгүлүүчү жерлерди көзөмөлгө алуу керек.
Мындан сырткары айдоо жерлердин кыртышын пестициддерди көп колдонуунун айынан бузулуусунан сактап калуу маселеси бар. Бул багытта көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу, органикалык жер семирткичтерди колдонуу, жайыттарды деградациядан сактап калуу маселелери боюнча эл арасында түшүндүрүү жана жайылтуу иш-чараларын жүргүзүү керек. Айтылган бул иш-чараларды ишке ашыруу үчүн экологиялык туруктуулукту сактоо боюнча атайын программаларды иштеп чыгып, “жашыл” инвестицияларды тартууну уюштуруу зарыл. Алардын натыйжалуулугун арттыруу максатында жерге туруктуу көзөмөл жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлүүсү керек.
“2018-2023-жылдарга туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын Программасынын” алкагында айыл аймакта айыл чарба эгиндерин сугат суу менен камсыздоого жетишүү.
№ |
Аткарылуучу иштер |
Каржылоо булагы | Иш аткарылгандан кийиннкандай натыйжа болот. |
Аткаруу мөөнөтү |
Аткарууга ким жооптуу |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
1 | Көк-Арт дарыясындагы Ленин АА суу бөлүшүрүлгөнОбьединияющий каналына суу тосмо куруу көйгөйүн, Сузак райондук, Жалал-Абад областык, Кыргыз Республикасында бул маселени чечүү боюнча компетентүү органдар менен биргеликте чечүү | Эл аралык донорлордон. Республикалык жана Жергиликтүү бюджеттин эсебинен. | Сугат суу маселеси чечилип, эгиндерди үзгүлтүксүз сугаруу ишке ашат. Мөмөлүүбак-дарактын, эгиндердин түшүмдүүлүгү көбөйөт | 2018-2023-жылдар | Айыл өкмөтү |
2 | Ленин АА-дагы “Шаймерден- суу” СПА-сына тиешелүү 14 км., бетон каналын жана 45 км, жер каналын шагыл,топурак толгон жерлерин тазап туруу | Үлүш жер иштетүүчүлөрдүн салымы менен. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен. | Сугат суу иши жакшырат, эгиндерди үзгүлтүксүз сугаруу ишке ашат.
| 2018-2023-жылдар | “Шаймерден- суу” СПА-сы. Райондук УОС, Айыл өкмөтү менен биргеликте. |
3 | Айыл аймакта жашаган элдин менчик малдарынын асыл тукумдуулугун жогорулатуу, мал чарбасынан алынуучу продукциялардын сапатын жана санын жогорулатуу | Элдин салымы менен | Малдарынын асыл тукумду- лугу жогорулайт. Мал чараба- дан алынуучу продукциянын сапаты саны өсөт.Элдин кирешеси көбөйөт. | 2018-2023-жылдар | Айыл өкмөтү Тийишүү адистер: айыл башчылары, мал чараба адиси |
Айыл чарбасын өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, курчап турган чөйрөөнү коргоо.
№ | Милдеттер | Иш-чаралар аракеттер | Күтүлүүчү натыйжа | Аткаруумөөнөтү, Ким аткарат |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1 | Айыл чараба продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү | Талаачылыктан түшүмдүүлүктү жогорулатуу. Мал чарбада асылдандырууну жогорулатуу мененайылчарабасынын продукциянын дүң көрсөткүчүн жогорулатуу млн. сом 2018-ж. 315,5 2019-ж. 320,7 2020-ж. 326,6 2021-ж. 332,4 2022-ж. 340,0 2023-ж. 345,0 | Дүң продукциянын өсүшү. млн.сом 2018-ж. 3,4 2019-ж. 5,2 2020-ж. 5,9 2021-ж. 6,2 2022-ж. 7,6 2023-ж. 5,0 | 2018-жылдан 2023-жылга чейин. Айыл өкмөт |
2 | Айыл чарба кооперативдерин уюштуруу | 2018-ж .1 2019-ж. 2 2020-ж. 4 2021-ж. 4 2022-ж. 3 2023-ж. 2 | Айыл чарба кооперативдерин уюштурулат. | 2018-жылдан 2023-жылга чейин.Айыл өкмөт |
3 | Пайдаланылбай калган жерди кыскартуу | 2018-ж. 10 га 2019-ж. 19 га 2020-ж. 50 га | Пайдаланылбай калган жерди кыскартылып бүткөрүлөт. | 2018-жылдан 2023-жылга чейин.Айыл өкмөт |
Экономиканы өнүктүрүү жана жаны жумуш орундарын түзүү 2018-20123 жылдарга.
№ | Милдеттер | Иш-чаралар,аракеттер | Күтүлүүчү натыйжа | Аткаруумөөнөтү, Ким аткарат |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
1 | Киреше салыктын,аренданын баардык түрлөрүнө мониторинг жүргүзүү. Айыл чараба багытындагы жер, там арка жана айыл чарба багытындагы эмес жер салгыын пландоо | Мин сом. 2017-ж. 681,9 2018-ж. 739,8 2019-ж. 745,6 2020-ж. 755,4 2021-ж 760,3 2022-ж. 770,4 2023-ж. 780,6 | Киреше булактар көбөйөт. Айыл өкмөт-түн калкынын социалдык-экономикалыкденгээлижогорулап,жакыр, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн саны кыскарат. | 2018-жылдан 2023-жылга чейин Айыл өкмөт |
2 | Транспорт салыгын топтоо | Мин сом. 2017-ж. 495,0 2018-ж. 498,0 2019-ж. 502,0 2020-ж. 505,0 2021-ж. 507,0 2022-ж. 510,0 2023-ж. 511,0 | Киреше булактар көбөйөт. Транспорт каттамындагы жолдор ремонттолуп, абалы жакшырат. | 2018-жылдан 2023-жылга чейин Айыл өкмөт |
3 | Мамлекеттик Жерди кайра бөлүштүрүү ижарасынын төлөмдөрүн карап чыгуу | Мин сом. 2017-ж. 715,0 2018-ж. 821,2 2019-ж. 845,5 2020-ж. 900,4 2021-ж. 930,5 2022-ж. 940,5 2023-ж. 1001,1 |
|
|
4 | Жумуш орундарын туруктуулугун сактоону камсыздоо | Орто-Сай айылында- гы айыл чарбасына жараксыз жерге 2016 -жылы курулган тоок фермасынын инкуба- торун туруктуу иштетүүнү камсыздоо.
| 10 жумуш оорду сакталат. | Жеке ишкер Абдыкеримов Азамат. КөмөктөшүүЛенинАӨ |
5 | Каклкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо | Айыл аймактагы таза суу системасын турук-туу иштөөсүн камсыздоого өз үбагында ремонтто, техникалык тейлөө иштерин аткарып туруу. |
Ленин СООППВ –да 7 адам жумуш менен камсыздалып турат. Ленин, Орто-Сай,Жыгач-Коргон айылдарындагы каклк артезиан ичүүчү таза суу мененүзгүлтүк-сүз камсыздалат. | 2018-жылдан 2023-жылга чейин. Ленин МТТКЧ-сы, Айыл өкмөт |
Айыл аймагынын келечектеги 2018-2023 –жылдардагыэлеси:
Ленин айылдык аймагыэкономикалык жактан туруктуу өнүккөн, жашоочулары бакубат жашоого багыт алышкан аймак болуп, келечекте социалдык-коммуналдык инфраструктурасы оңдолгон, айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жана аларды кайра иштетүүгө багыт алган, билимдүү, ден-соолугу чың жана сергек жашоого, патриоттуулукка тарбияланып,өлкөбүздун экономикасынын өсүп өнүгүүсүнө салымын кошкон жаштары, жигердүү калкы бар айыл аймагы.
Максаты.
Ленин айыл аймагынын экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу максатында малдын асылдуулугун арттыруу, таалачылыктын түшүмүн көбөйтүү жана экологиялык таза продукцияны өндүрүү, кайра иштетүүнү жолго коюу менен аймактын жашоочуларынын үй-бүлөлүк кирешесин жылына 3% дан кем эмес көтөрүү.
Артыкчылыктуу өнүгүү багыттары:
1. Айыл чарбасын өнүктүрүү
1.1. Талаачылыкты жана бакчылыкты өнүктүрүү
· Жүзүм өндүрүүнү кайрадан жандандыруу, жүзүм көчөттөрүн өстүрүүчү питомникти уюштуруу.
· Айыл аймагында жүзүм талааларын иштетүү үчү техникалык сервис кызматын уюштуруу жана аны талапка жооп бере турган техника менен камсыздоо.
· Органикалык жер семирткичтерди иштетүүнүн натыйжалуугу, айдоо аянттарын которуп эгүү жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
· Жогору түшүм берүүчү сапаттуу үрөөндөр менен камсыз кылуу.
· Айдоо аянттарынын жер кыртышынын сапаттуулугуна туруктуу көзөмөл жүгүзүүчү комиссия түзүү.
· Кыш мезгилинде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында Орто-Сай жана Ленин айылдарында күнөскана куруу.
· Дыйкан чарбаларды ирилештирүүнүн натыйжалуулугу жөнүндөгү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана кооперативдерди түзүү.
· Дүң жыйымды 191070 мин сомдон 15 % жогорулатып 192980 мин сомго жеткирүү.
1.2. Мал чарба продукциясынын натыйжалуулугун арттыруу.
· Эл арасында малды асылдандыруу боюнча маалымат кампаниясын өткөрүү
· Ветеринардык кызматтардын сапатын жакшыртуу.
· Малды асылдандыруубоюнчаадистерди кайра даярдоо.
· Жасалма уруктандыруу пунктунун ишин жандандыруу, малдын асылдуулугунун артыкчылыктары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
· Паразитологиялык оорулардын алдын алуу үчүн “жууткана” уюштуруу долбоорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
· Как-Көл жайлоосунун инфраструктурасын жакшыртуу (7 км жолду оңдоо).
· Жайыттардын күрдүүлүгүн жогорулатуунун, деградациялануусунун алдын алуунун планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
· Тоюттун сапатын жакшыртуу багытында иш-чараларды уюштуруу жана ишке ашыруу.
· Дүң жыйымды 121564 миң сомдон 122779,64 миң сомго жеткирүү
1.2. Мал чарба продукциясын кайра иштетүүнү уюштуруу
· Ар бир айылда сүт кабыл алуу пункттарын уюштуруу.
· Ленин айылында мал союу цехин ачуу.
· Ветсервистин карамагында көчмө кой кыркым пунктун уюштуруу.
· Жүндү кайра иштетүүчү ишкананы түзүү долбоорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
2. Өнөр жайын жана чекене товар жүгүртүү тармагын өнүктүрүү
2.1. Өнөр жай тармагынын абалын заманбап талаптарга ылайык келтирүү
· Кошумча нарк чынжырчасын арттыруу максатында экспортко ылайыкташтырылган кайра иштетүү өнөр-жай ишканаларын (мөмө-жемиш, жашылчаларды консервацияло цехин) ачуу.
· Бар болгон ишканалардын тейлөө сапатын жогорулатуу.
2.2. Чекене товар жүгүртүү жана кызмат көрсөтүү тармагын өнүктүрүү
· айыл чарба тармагында техникалык кызмат көрсөтүү станциясын уюштуруу жана ишке киргизүү
· элге кызмат көрсөтүүчү тамак-аш тармагындагы ишканаларды, өзгөчө Жалал-Абад -Балыкчы авто жолунун жээгинде (кафе, чайкана, базар ж.б.у.с) уюштуруу.
3. Айыл аймагындагы экологиялык абалды жакшыртуу
· Айылдарды жашылдандыруу, “жашыл” инвестицияларды тартуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
4. Жергиликтүү Кенеш тарабынан ишкерлер менен жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ортосундагы мамилени жөнгө салуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана бекитүү
· Айыл өкмөтүнүн алдында жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү боюнча түзүмдү (структураны)түзүү.
· Айыл аймагында инвестициялык климатты жакшыртуу максатында ишкерлер жана жергиликтүү бийлик, инвесторлор арасында туруктуу диалогдук аянтчаларды калыптандыруу.
Тиркеме 1.
1) «Мөмө жемиштерди консервалоочу атайын цех куруу» долбоору
Айыл өкмөтү тарабынан жер болунуп берилет, ал эми жеке ишкер өз салымын кошуу менен инвестиция тартылып, ал акча каражатына консервациялоо учун жабдуулар сатып алынат. Дыйкан- багбандардын жылдык кирешесинин колому жыл сайын өсөт. Экономикалык база чындалып, туруктуу жашоо болот. (Помидор, бадыран, болгарский перец, технологияныбилишет, бренди иштепчыгууж.б.)
Тиркеме 2.
1) «Жүзүм өстүрүүбоюнча питомник уюштуруу» долбоору
Айыл өкмөтү тарабынан атайын питомник өстүрүүгө, жүзүм отургузуу үчүн жер тилкеси ажыратылып бөлүнп берилет. Атайын питомник учунжер бар. Жеке ишкер тарабынан айдоо, себуу иштери жургузулот, ал эмитартылган инвестиция кочотсатып алууга, жераянтын тосууга, жерди иштетууго жумшалат. Питомник ишке киргизилип калса тургундардын экономикасы туруктуу осууго багыт алат.
(технологиясыбелгил, ачыкжерде эле, жерлеришкерлердинозцнон, агрономический консультация зарыл)
Тиркеме 3.
Ленин айыл аймагындагы Сортту сыноо учаскасынын 20 гектар жерине бак өстүрүү.
Бизнес долбоордун баяндамасы
1. Долбоордун аталышы: “Ленин айыл аймагындагы Сортту сыноо учаскасынын 20 гектар жерине бак өстүрүү” долбоору
2. Рынокту изилдөө. Долбоордун зарылдыгын негиздөө.
Ленин айыл аймагынын калкы акыркы жылдары багбанчылыкка көбүрөөк көңүл бура башташты. Бул багытта элдин мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү деңгээлде: көп жылдык бак-дарактар жакшы өсөт, сапаттуу мөмө берет; сатуу рыногу кеңири. Бүгүнкү күндө айыл аймакта өндүрүлгөн мөмө-жемиштерге суроо-талап көп. Кардарлар өздөрү келип үйлөрүнөн алып кетишет. Бирок баасы бир далай төмөн, ошондой болсо да продукциянын көлөмүнүн көптүгү элдерге бир далай жакшы кирешеге ээ болуусуна мүмкүнчүлүк берет. Сатуу рыногунун бар болуусу бул багыттагы иштерди өнүктүрүүнү талап кылууда.
Жолугушууларда айыл аймагынын ишкери,Октябрь сорт сыноо участкасынын жетекчиси Мадумаров Саибджан ушул участкадагы 20 гектар жерди (учурда көп жылдык чөптөр бар) баккаайландыруу идеясын айтты. Ишкер ушул идеяны ишке ашырууга толук даярдыгын жана кокон гиларс, шабдоолу, курма бактарын жаратууга кызыкдар экендигин билдирди. Сугат суу маселесинен көйгөй жок, колунда туруктуу иштеген 3 кызматкери бар. Мезгилдүү жумушчуларды жалдап иштетүүгө болот.Ишкер жерди иштетүү, жумушчуларга эмгек акысын төлөө маселелерин аткара алат. Бул бактын мөмөлөрү 3-4-жылдан кийин айыл аймактын, жакынкы рыноктордун мөмө-жемишке болгон суроо-талаптарын камсыз кылууну 10% чейин көтөрө алат.
Долбоордун жыйынтыгында 20 гектар көп жылдык мөмө-жемиш багы жаратылат. Анда кеминде 8 адам туруктуу эмгектенишет. Мындан сырткары ишкер бак мөмө байлаганга чейинки 3-4-жылдын ичинде бактын арасына көп жылдык тоют чөптөрүн эгүүнү пландаштырып жатат. Бактын арасындагы чөптөр кол менен орулгандыктан, жыйноо учурунда дагы 20 адамга кошумча жумуш орду жаралат.
3. Долбоордун максаттары жана милдеттери.
Максаты:Айыл аймагындагы Сортту сыноо участкасындагы 20 гектаржерди бакка айландыруу менен калктын мөмө-жемишке болгон суроо-талабын канааттандырууну 10%га, ал эми бак ээлеринин үй-бүлөлүк кирешесин 50%га чейин көтөрүү.
Милдеттери:
1.Айыл аймагындагы 20 гектар жердибак олтургузууга даярдоо.
2. Ушул 20 га жерге мөмө-жемиш бактарын олтургузуу.
3. Калкты мөмө-жемишке болгон суроо-талабын канааттандырууга салым кошуу.
4. Бак ээлеринин үй-бүлөлүк кирешесин арттыруу.
4. Долбоордон күтүлүүчү жыйынтыктар жана натыйжалар.
А) Продуктылары:
· Айыл аймагында20 гектар мөмө-жемиш багыжаратылат.
· Айыл аймагынын эли жана жакынкы аймактагы эл мөмө-жемиштер менен камсыз болушат.
· Кошумча тоют даярдоо мүмкүнчүлүгү жаралат.
· Бак ээлери болушкан ишкерлердин үй-бүлөлүк кирешеси артат.
· 10 туруктуу жана 20 мезгилдүү жумуш орду пайда болот.
· Айыл аймагынын өзүндө мөмө-жемиштердиөндүрүүнүн көлөмү артат.
· Тоют базасы жакшырат.
· Бак ээлеринде кошумча киреше булактары жаралат.
5. Долбоордун негизги мүнөздөмөлөрү:
a. Кыскача баяндама.
Жергиликтүү ишкерлер арасында жыйын өткөрүлгөн, бул жыйында ушул сунуш киргизилген. Аты аталган ишкер сунушту ишке ашырууга даяр экендиктерин билдирген.
Эмки кезекте бул ишкер Айыл өкмөтүнүн адистери менен биргеликте долбоордук сунуштама даярдап, донордук уюмдарга кайрылат. Долбоор ишке аша турган болсо ишкер 20 гектар жерди кайра иштетип, бак олтургузууга даярдайт. Мындан сырткары ишкерлер тарабынан жумушчу күчү тартылып, аларды эмгек акы менен камсыз кылышат, ошондой эле жерди иштетип, ага көп жылдык чөптөрдү эгүүнү аткарышат. Башка иштер донордук каражаттардын эсебинен болот. Болжолдуу түрдө 12500 мөмө-жемиш бактарынын көчөттөрү олтургузулат жана болжолдуу 5000 метр узундуктагы бактын чеги тор сетка менен курчалат. Бак мөмө-жемишке киргенден кийин калкка кызмат көрсөтүү менен алардын арасында маалымат кампаниясын, маркетингдик иш-чараларды уюштуруу зарыл. Бул кампанияны уюштурууда айыл өкмөтү колдоо көрсөтөт.
b. Түз кызмат көрүүчүлөрдүн тиби
· Жергиликтүү калк, бак өстүрүүнүн эсебинен кирешесин арттырууну каалаган ишкерлер
c. Кыйыр кызмат көрүүчүлөрдүн тиби
· Кошуна айыл аймактарынын, кошуна айылдардынжашоочулары, дүң кардарлар.
6. Долбоордун катышуучулары жана өнөктөштөрү
· Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы
· Жергиликтүү жеке ишкерлер
· Калк, кардарлар
· Донордук уюмдар
7. Каржылык план.
a. Жумшалуучу каражаттар, каржылоо булактары.
Капиталдык чыгымдар
№ | Чыгымдардын аталышы | Суммасы | Каржы булактары |
| ПСД иштеп чыгуу |
| Жергиликтүү бюджет, адистер, жеке ишкерлер |
| Жерди даярдоо | 60 000 | Ишкер |
| Бак тигүү, тосмолорду (ограждение)орнотуу иштеринин эмгек акысы, тосмонун стойкаларынбетондоо үчүн шагал төктүрүү | 300 000 | Ишкер |
| Көчөттөрдү сатып алуу (12500 даана) | 2 500 000 | Донордук уюмдар |
| Бакты тосмолоо: а) 500рулон зым тосмо; б) 1500стойка (1,5 м, 7 см.); в) Цемент 150 кап |
500 000 225 000 45 000 |
Донордук уюмдар |
| Кошумча жумуштар | 100 000 | Ишкер |
| жыйынтыгы: | 3 730 000 |
|
Операциялык чыгымдар.
№ | Чыгымдардын аталышы | Суммасы | Каржы булактары |
| Эмгек акы | 0 |
|
| Социальный фонд | 0 |
|
| Жалпы чарбалык чыгымдар | 0 |
|
| Административдик чыгымдар | 0 |
|
| Маркетингдик чыгымдары | 0 |
|
| Жыйынтыгы: | 0 |
|
8. Эсеп NPV
9. ИнвестициянынрентабелдүүлүгүнүнэсебиPI.
10. Ички киреше нормаларынын эсеби (Расчет внутренней нормы доходности)IRR.
11. Долбоордун юридикалык планы
a. Долбоордууюштуруунуформасы.Мамлекеттик жеке сектордун өнөктөштүгү форматында болот
b. Өнөктөштөрдүн укуктук мамилелери.Өнөктөштүк келишими түзүлөт,ошол келишимде ар бир тараптын жоопкерчилиги так даана жазылат, ошол келишимдеги шарттарга жараша мамиле жөнгө салынат
12. Долбоордунжумушчу планы.
№ | мөөнөтү | Ишаракеттер
| жоопкерлер |
1 | 2018-жыл,февраль | Зарыл болгон иш-кагаздарды даярдоо | Айыл өкмөтү, ишкер |
2 | 2018-жыл, март | Жерди даярдоо | Ишкер |
3 | 2018-жыл, март-апрель | Бакты тигип бүтүрүү | Ишкер, донордук уюмдар |
5 | 2018-жыл, июнь-август | Бакты тосмолоо | Ишкер, донордук уюмдар |
Тиркеме 4. Айыл аймагындагы Ленин жана Орто-Сай айылдарына бирден күнөскана куруу.
Бизнес долбоордун баяндамасы
1. Долбоордун аталышы:Ленин айыл аймагында кыш мезгилинде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ленин жана Орто-Сай айылдарындакүнөскана куруу
2. Рынокту изилдөө. Долбоордун зарылдыгын негиздөө
Ленин айыл аймагы талаачылыгы жетишээрлик деңгээлде өнүккөн, калкы жер-жемиштер, жашылча жемиштер менен өздөрүн толук камсыз кыла алышат. Бирок кыш мезгилиндеги жашылчалардын жоктугу, ал эми сакталган жер-жемиштердин сапатынын начарлашы витаминдердин жетишпестиги менен байланышкан ооруларды пайда кылат. Жаңыдан бышып жетилген жашылчалардын кыш мезгилиндеги баасы кеми 250 сом. Мындай баага сатып алып жегени бардык эле үй-бүлөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү жок.
Айыл аймагынын Жыгач-Коргон айылында 2 күнөскана бар. Алардын продукциясына кардарлар көп, элге да пайдасы чоң тийет. Эл бул иштин пайдалуулугуна көзү жеткени менен каражаттарынын жетишсиздигинен өздөрүнүн кызыгуусун ишке ашыра албай келишет.
Кыш айларында жаңыдан үзүлгөн жашылчалар менен камсыздоо максатында айыл аймагынын калган 2 айылында да күнөсканаларды куруп, айыл аймагынын калкын жаңыдан жетилген, витаминге бай, негизги баасы өздүк наркына жакын жана базардагыдан бир далай арзан нарктагы жашылча-жемиштер менен камсыз кылуу көйгөйүн чечүү зарыл.
Ал эми айыл аймагындагы ишкерлердин, жалпы эле калктын бул багыттагы кызыгуулары бар. Долбоор ишке ашкан учурда айыл аймактын өзүндө жашылчалар өстүрүлүп, калктан ашканы жакынкы жана коншу шаарларга сатылат. Жыйынтыгында айылда жашаган тургундар жыл бою жашылча жемиштер менен жана туруктуу жумуш орундар менен камсыз болот. Экономикалык жактан пайдалуулугу боюнча алганда күнөскана курган үй-бүлөлөрдүн кирешеси ушул стратегияда белгиленген 4 жылдык мөөнөт ичинде 35-50% жогорулайт.
Долбоордо каралган бизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогору. Себеби сатуу рыногу кеңири, булардын өндүргөн продукциясынын суроо-талаптуруктуу болуп турат. Ошондуктан бул долбоорду ишке ашыруу – бул мезгилдин талабы деп айтсак болот.
3. Долбоордун максаттары жана милдеттери.
Максаты:Ленин жана Орто-Сай айылдарындакүнөсканаларды куруу менен айыл аймагынын калкынын тамак-аш коопсуздугун камсыздоо жана күнөскана курган үй-бүлөлөрдүн кирешесин жылына 10%дан жогорулатуу.
Милдеттери:
1.Айыл аймагындагы аталган эки айылга күнөскана куруу
2. Элди жаңыдан жетилген жашылчалар менен камсыздоо жана муну менен алардын ден-соолугун чыңдоо
3. Күнөскана ээлеринин үй-бүлөлүк кирешесин арттыруу.
4. Долбоордон күтүлүүчү жыйынтыктар жана натыйжалар.
А) Продуктылары:
· Ленин айыл аймагындагы Ленин жана Орто-Сай айылдарындакүнөсканакурулат жана керектүү жабдуулар менен камсыздалат.
· Айыл аймагынын эли кыш мезгилинде да жашылчалар менен камсыз болушат.
· Күнөскана иштеткен ишкерлердин үй-бүлөлүк кирешеси артат.
· 8жаңы жумуш орду пайда болот.
· Айыл аймагынын өзүндө жашылчаларды ар убакта өндүрүүгө шарт түзүлөт.
· Айыл аймагынын калкынын ден-соолугуна кам көрүлөт.
· Күнөскана ээлеринде кошумча киреше булактары жаралат.
5. Долбоордун негизги мүнөздөмөлөрү:
a. Кыскача баяндама.
Жергиликтүү ишкерлер арасында жыйын өткөрүлгөн, ошол жыйында ушул сунуш киргизилген. Кийинки жыйында күнөскана курууга кызыкдар жана өз салымын кошо ала турган ишкерлердин тизмеси аныкталат, алардын арасында конкурс уюштурулуп, жеңип чыккан адамдар менен өнөктөштүк боюнча келишим түзүлөт. Кызыкдар жеке ишкерлер Айыл өкмөтүнүн адистери менен биргеликте долбоордук сунуштама даярдап, донордук уюмдарга кайрылат. Айыл өкмөтү тарабынан күнөсканалар үчүн жер ажыратылып берилет. Күнөскананы курууда ишкер тарабынан пайдубалдары курулат, жумушчу күчү сарпталат жана күнөскананын жери талап кылынган деңгээлде кайра иштетилет, электр энергиясы менен камсыз кылынат. Инвестициялар керектүү жабдууларды (күнөскананынкаркастары, жылытуучу системалар ж.б.) сатып алуу үчүн суралат. Жеке ишкер донордук уюмдардын колдоосу менен керектүү жабдууларды сатып алып орнотушат. Калкка кызмат көрсөтүү менен алардын арасында маалымат кампаниясын, маркетингдик иш-чараларды уюштуруу зарыл. Бул кампанияны уюштурууда айыл өкмөтү колдоо көрсөтөт.
b. Түз кызмат көрүүчүлөрдүн тиби
· Жергиликтүү калк, күнөскана иштетүүнүн эсебинен кирешесин арттырууну каалаган ишкерлер
c. Кыйыр кызмат көрүүчүлөрдүн тиби
· Кошуна айыл аймактарынын, кошуна айылдардынжашоочулары, дүң кардарлар.
6. Долбоордун катышуучулары жана өнөктөштөрү
· Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы
· Жергиликтүү жеке ишкерлер
· Калк, кардарлар
· Донордук уюмдар
7. Каржылык план.
a. Жумшалуучу каражаттар, каржылоо булактары.
Капиталдык чыгымдар
№ | Чыгымдардын аталышы | Суммасы | Каржы булактары |
| ПСД иштеп чыгуу |
| Жергиликтүү бюджет, адистер, жеке ишкерлер |
| Инженердик кызматтарды төлөө | 100 000 | Ишкерлер |
| Жер участокторун ажыратуу (ар бир айылда) |
| Жергиликтүү бюджет |
| Күнөскана комплексин сатып алуу жана куруу (4 комплект) | 2 400 000 | Донордук уюмдар |
| Өндүрүлгөн продукцияга тара даярдоо цехин куруу | 100 000 | Ишкер |
| Айланы чөйрөнү жагымдаштыруу | 100 000 | Ишкерлер |
| Кошумча жумуштар |
|
|
| жыйынтыгы: | 2 700 000 |
|
Операциялык чыгымдар.
№ | Чыгымдардын аталышы | Суммасы | Каржы булактары |
| Эмгек акы | 0 |
|
| Социальный фонд | 0 |
|
| Жалпы чарбалык чыгымдар | 0 |
|
| Административдик чыгымдар | 0 |
|
| Маркетингдик чыгымдары | 0 |
|
| Жыйынтыгы: | 0 |
|
8. Эсеп NPV
9. ИнвестициянынрентабелдүүлүгүнүнэсебиPI.
10. Ички киреше нормаларынын эсеби (Расчет внутренней нормы доходности)IRR.
11. Долбоордун юридикалык планы
a. Долбоордууюштуруунуформасы.Мамлекеттик жеке сектордун өнөктөштүгү форматында болот
b. Өнөктөштөрдүн укуктук мамилелери.Өнөктөштүк келишими түзүлөт,ошол келишимде ар бир тараптын жоопкерчилиги так даана жазылат, ошол келишимдеги шарттарга жараша мамиле жөнгө салынат
12. Долбоордунжумушчу планы.
№ | мөөнөтү | Ишаракеттер
| жоопкерлер |
1 | 2018-жыл,февраль-март | Зарыл болгон иш-кагаздарды даярдоо | Айыл өкмөтү, ишкерлер |
2 | 2018-жыл апрель-сентябрь | Күнөсканаларды куруп бүтүрүү, жерлерин агротехникалык талаптарга ылайык даярдоо | Ишкерлер, донордук уюмдар |
3 | 2018-октябрь айынан баштап | Жашылчаларды олтургузуп, өстүрө баштоо | Ишкерлер |
4 | 2018-2019-жылдар | Күнөсканалардынайланысынжагымдаштыруу | Ишкерлер |
Тиркеме 5. Айыл аймагынын ар бир айылында сүт кабыл алуу пункттарын уюштуруу.
Бизнес долбоордун баяндамасы
1. Долбоордун аталышы:Ленин айыл аймагындагы айылдарда атайын сүт кабыл алуу пункттарын уюштуруу
2. Рынокту изилдөө. Долбоордун зарылдыгын негиздөө
2016-жылы айыл аймагы боюнча 2441 тонна сүт продукциясы өндүрүлгөн. Бирок бул продукция өздүк керектөөгө жумшалып, кандайдыр бир бөлүгү сатылганы менен ашыкчасы ысырап болгон, б.а. анчалык көп эмес деңгээлде гана киреше алып келген (азыраак бөлүгү литри 10-15 сомдон сатылган, калганы сатылган эмес). Сүттү кайра иштетүү жолго коюлган эмес. Сүттүн өздүк наркы базардагы баадан жогору экенин байкоого болот. Демек кайра иштетүүнү жолго коюу менен сүттүн баасына болгон кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү мүмкүн.
Бул багытта пайдаланууга мүмкүн болгон мүмкүнчүлүк катары Октябрь айылында сүттү кайра иштетүүчү цехтин бак экендиги саналат. Бул цехтин продукциялары өрөөнгө таанмыал боло баштады. Ушул цехке сырьё көп керек, сырьёну камсыз кылуу максатында айыл аймагынын ар бир айылында сүт кабыл алуу пункттарын ачуу зарыл. Муну менен айыл аймагынын калкы сүттү кымбатыраак жана накталай акчага сатууга мүмкүнчүлүк алышат жана өз айылында өткөрүп берүү менен жол кире, сүттү сатууга убакыт кетиришпейт. Ошону менен бирге адамдардын сүттүн көлөмүн көбөйтүүгө, демек малдын асылдуулугун арттырууга, сүт багытындагы малдарды багууга кызыкчылыгы пайда болот.
Бул долбоорду ишке ашырууга кызыкдар ишкерлер бул багытта иш алып барууга даяр. Бул долбоор атаандаштыкка жөндөмдүү, анткени сүттү сатуу рыногу кеңири.
3. Долбоордун максаттары жана милдеттери.
Максаты:Сүт продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана анын натыйжалуугун арттыруу аркылуу айыл аймагынын тургундарынын кирешесин жылына 3%дан кем эмес жогорулатуу
Милдеттери:
1.Айыл аймагынын ар бир айылындажеке ишкерлердин карамагында сүт кабыл алуу пункттарынуюштуруу
2. Сүттү өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана аны сактоо технологияларын жайылтуу боюнча маалымат кампаниясын уюштуруу
4. Долбоордон күтүлүүчү жыйынтыктар жана натыйжалар.
А) Продуктылары:
· Ленин айыл аймагында сүттү өндүрүүнүн көлөмүн арттыруу жана сүттү сактоо технологияларын жайылтуу боюнча маалымат кампаниясынан 500 дөн ашуун жашоочулар маалымат алышат.
· Айыл аймагынын ар бир айылында бирден сүт кабыл алуу пункттары ачылып,ишке кирет.
· Сүттү кабыл алуу жана сактоо үчүн керектүү болгон жабдуулар сатылып алынат.
· 6жаңы жумуш орду пайда болот.
· Жылына өндүрүлгөн сүттүн көлөмү 3-4га өсүп турат.
· Жергиликтүү калктын сүттү өндүрүүнүн көлөмүн арттырууга кызыкчылыгы артат жана сүттү сактоо технологиялары боюнча билими тереңдейт.
· Сүт багытындагы асыл тукум парода мал жандыктарынын саны көбөйөт.
5. Долбоордун негизги мүнөздөмөлөрү:
a. Кыскача баяндама.
Айыл өкмөтү ишкерлер менен биргеликте долбоордук сунуштама даярдап, донордук уюмдарга кайрылат. Жергиликтүү ишкерлер арасында жыйын өткөрүлгөн, сүт кабыл алуу пункттарын ачууга кызыкдар жана өз салымын кошо ала турган ишкерлердин тизмеси аныкталат, алар менен өнөктөштүк боюнча келишим түзүлөт.Эгерде пунктту жеке ишкердин өзүнүн каражаттары менен ачууга мүмкун болбосо, анда донордук уюмдарга кайрылабыз. Пунктту уюштурууга ишкерлер тарабынан өзүнүн үйлөрүндө атайын бөлмөлөр даярдалат. Бул бөлмөлөр санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бере тургандай кылып салынат же кайра курулат.Инвестициялар керектүү жабдууларды (муздаткыч, атайын идиштер ж.б.) сатып алуу үчүн суралат. Жеке ишкерлер донордук уюмдардын колдоосу менен сүттү кабыл алуу үчүн зарыл болгон жабдууларды сатып алып орнотушат. Калкка кызмат көрсөтүү менен алардын арасында маалымат кампаниясын уюштуруу зарыл. Бул кампанияны уюштурууда айыл өкмөтү колдоо көрсөтөт.
b. Түз кызмат көрүүчүлөрдүн тиби
· Жергиликтүү калк, сүт сатуунун эсебинен кирешесин арттырууну каалаган жашоочулар
c. Кыйыр кызмат көрүүчүлөрдүн тиби
· Кошуна айыл аймактарынын жашоочулары
6. Долбоордун катышуучулары жана өнөктөштөрү
· Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы
· Жергиликтүү жеке ишкерлер
· Сүттү кайра иштетүү заводунун адистери
· Донордук уюмдар
7. Каржылык план.
a. Жумшалуучу каражаттар, каржылоо булактары.
Капиталдык чыгымдар
№ | Чыгымдардын аталышы | Суммасы | Каржы булактары |
| ПСД иштеп чыгуу |
| Жергиликтүү бюджет, адистер, жеке ишкерлер |
| Инженердик кызматтар |
|
|
| Жер участогун ажыратуу |
| Ишкерлер |
| Жабдуулардысатып алуу (3 комплект) | 900 000 | Донордук уюмдар |
| Кабыл алуу пункттарындагы курулуш иштери (3 даана) | 300 000 | Ишкерлер |
| Айланы чөйрөнү жагымдаштыруу | 30 000 | Ишкерлер |
| Кошумча жумуштар |
|
|
| жыйынтыгы: | 1 230 000 |
|
Операциялык чыгымдар.
№ | Чыгымдардын аталышы | Суммасы | Каржы булактары |
| Эмгек акы | 0 |
|
| Социальный фонд | 0 |
|
| Жалпы чарбалык чыгымдар | 0 |
|
| Административдик чыгымдар | 0 |
|
| Маркетингдик чыгымдары | 0 |
|
| Жыйынтыгы: | 0 |
|
|
|
|
|
8. Эсеп NPV
9. ИнвестициянынрентабелдүүлүгүнүнэсебиPI.
10. Ички киреше нормаларынын эсеби (Расчет внутренней нормы доходности)IRR.
11. Долбоордун юридикалык планы
a. Долбоорду уюштуруунун формасы. Мамлекеттик жеке сектордун өнөктөштүгү форматында болот
b. Өнөктөштөрдүн укуктук мамилелери. Өнөктөштүк келишими түзүлөт,ошол келишимде так даана ар бир тараптын жоопкерчилиги жазылат, ошол келишимдеги шарттарга жараша мамиле жөнгө салынат
12. Долбоордунжумушчу планы.
№ | мөөнөтү | Ишаракеттер
| жоопкерлер |
1 | 2018-2023- жылдарфевраль | Зарыл болгон иш-кагаздарды даярдоо | Айыл өкмөтү, ишкерлер |
2 | 2018-2023-жылдармарт-август | Сүт кабыл алуу пукттарынын курулушун аяктоо, керектүү жабдуулар менен жабдуу, кабыл алууну уюштуруу | Ишкерлер, донордук уюмдар |
3 | Дайыма | Кабыл алуу пункттарындагы санитардык-гигиеналык абалды сактоо | Ишкерлер |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы “Жаны доорго кырк кадам № 602” токтомунун негизинде түзүлгөн Ленин айыл аймагынын “2018-2023-жылдарга туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын Программасын” Ленин айыл өкмөт башчысынын 29-ноябрь 2017-жыл № 139 буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ документтештирип иштеп чыкты.
Ленин айыл өкмөтүндө төмөндөгүдөй курамда жумушчу топ түзүүлсүн:
Курманалиев Кочкорали-айыл өкмөт башчысынын орун басары, жумушчу топбашчысы, Курманалиев Кадыралы- айыл өкмөттүн жооптуу катчысы, жумушчу топбашчысынын орун басары, жумушчу топ мүчөлөрү: МамырасуловМамасыдык – социалдык маселелер боюнча башкы адис, Жолдошева Айнура – Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы, Сулайманова Чынаркан - Киреше боюнча сектор башчысы, Атабаев Ашим–Ленин айылынын айыл башчысы,Жер маселелери боюнча адис, Арзыкулов Сооронбек – Жыгач-Коргон айылынын айыл башчысы Рыспаев Жулкунбай –Орто-Сай айылынын айыл башчысы Алдакеева Канышай - социалдык маселелер б\ча жетектөөчү адис.
Ленин айылдык
Кеңешинин катчысы: К.Курманалиев