Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабрындагы №3
Ленин айыл аймагында муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин көрсөтүүнүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл аймагында муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн стандарттары №17 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөттүнүн тиешелүлүгү боюнча аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Б.Токтосуновко милдеттендирилсин.
| Төрага | М. Кенешбаев |
|
Ленин айылдык кеңешинин 21.12.2017-жылдагы
VI-сессиясынын №3 токтомунун №17 тиркемеси
Ленин айыл аймагынын муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин 1-пунктунда кѳргѳзүлгѳң муниципалдык кызматтын стандарты
1. Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Үй – бүлөнүн курамы жөнүндө тактама берүү. |
2 | Кызматтарды көрсөткөн муниципалдык органдын (мекеменин)толук аталышы | Ленин айылдык аймагынын айыл өкмөтү. |
3 | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Айыл өкмөттө каттоодо турган айылдык аймактын тургундары. |
4 | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. |
5 | Көрсөтүлгөн муниципалдык кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кайрылган кызмат алуучуну үй-бүлөсүнүнүн курамындагы мүчөлөрү тууралуу тийиштүү тактама менен камсыздоо. |
6 | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарты | Өзүнчө, шарттарга жооп берген (жарык, ачык, жылуу, отургучтар менен эмеректер менен жабдылган бөлмө) кенсе, жандуу кезекке туруу аркылуу. |
7 | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Инсандыгын тастыктаган документтерди карап чыгуу, текшерип, мөөр коюп, тактама жазып берүү үчүн 15-20 мүнөт убакыт кетет. Жумушчу күндөрү, саат 8:30 – 17:00 гө чейин. |
2. Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү муниципалдык (керектүү маалыматтардын тизмеги), стандартташтырууга жооптуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө маалымдоо | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты Ленин айыл аймагынын айыл өкмөт имаратында төмөнкү жолдор аркылуу алууга болот: - маалыматтык такталарында жайгаштырылган маалыматтарга ылайык; - иш график, бланктарды толтуруу тартиби жөнүндө маалымат (үлгүлөр) аркылуу; - кайрылуу күнүндө жетишпеген документтер тууралуу түшүндүрмө алуу аркылуу; - жоопту катчыдан Маалымат төмөнкүдөй берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрүндө (телефон аркылуу, жеке жолугушуу учурунда); - электрондук түрдө. |
9 | Муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - радио, теле көрсөтүү, маалымат сайттары; - газеталар; - айыл ѳкмѳтүнүн кызмат кѳрсѳтүү бирдиктүү терезеси; - айыл ѳкмѳттүн башчысынын кабылдамасы; - интернет аркылуу; - телефон боюнча. |
3. Тейлөө жана муниципалдык кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Кызмат алуучулар менен пикир алмашууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин карманат: сылык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектеш адамды уга билүү жана анын көз карашын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди салмактоо жана аргументтерди келтирүү. Айыл ѳкмѳттүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербестен, кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек, жарандардын эркиндигин жана аларга карата калыс мамиле кылууну камсыз кылып, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербеши зарыл. Жашы-жете элек балдар менен маектешүүдѳ этияттык менен жүргүзүү керек, психологиялык трамва келтирүүдѳн алыс болуу тийиш. Өзгөчө муктаждыктарга ээ болгон адамдар (угуу, көрүү жана таяныч-кыймыл тутуму боюнча ДМЧА) менен пикир алмашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү түрдө жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Муниципалдык кызмат көрсөтүүдө жашыруундуулукту камсыздоо ыкмасы: - жаранды кабыл алууда кенседе башка адамдар жок болот, сүйлөшүүлөр учурунда айтылган маалыматтар башка жактарга берилбейт жана айтылбайт/ Кызмат жѳнүндѳ маалымат таркатууда кызмат алуучулардын аты-жѳнү, дареги кѳргѳзүлбѳшү зарыл. Жыйын, курултай, сессия жана башка элдик чогулуштарда кызмат алуучуларга башка адамдардын кѳзүнчѳ түз кайрылуу, же кызмат алуучулардын аты-жѳнүн аташка тыйуу салынат |
12 | Керектүү документтердин жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Кызмат алууга керектүү документтердин тизмеси: - Инсандыгын тастыктоочу документ (паспорт); - туулгандыгы тууралуу күбөлүк же көчүрмөсү; - никелешүү жөнүндө күбөлүк же көчүрмөсү; - үй китеби; - өлгөндүгү тууралуу күбөлүк. |
13 | Акы төлөнүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн наркы | акысыз |
14 | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
| Кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү; - кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Электрондук формада көргөзүлбөйт. |
4. Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Муниципалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - бул стандарттын 3-пунктундагы талаптарына дал келбеген учурда; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер жок учурда; |
17 | Даттануу тартиби
| Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси айыл ѳкмѳт башчысына же айылдык кенештин тѳрагасына оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар айыл ѳкмѳтү тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Муниципалдык кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Төмөнкү муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш. |
Ленин айылдык
Кеңешинин катчысы: К.Курманалиев