Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын I кезексиз сессиясы
2016-жылдын 11-июну № 13
Адыр айылына балдар бакчасын ачуу жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Адыр айылынын тургундарынын айылга балдар бакчасын ачуу боюнча арызын, аталган айылдын жалпы элдик жыйындын токтому, айыл башчысынын жана Социалдык маселелер, жаштар саясаты, спорт жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын токтомунун долбоору менен таанышып чыгып, талкуулап учурдун муктаждык талабын орундатуу жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Адыр айылына 50 орундуу 2 тайпа “Адыр” балдар бакчасы ачылсын, Адыр айылындагы М. Сулайманов атындагы орто мектебинин бош имараты бала бакча үчүн жаңы имарат курулганга чейин балдар бакчанын колдонуусуна калтырылсын.
2. М. Сулайманов орто мектебинин эски имаратынын жерин балдар бакчасын курууга бөлдүрүп берүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттине бала бакчаны камсыздоо үчүн кетирүүчү чыгымдарды эсептеп чыгып, айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөтүүлөрдү киргизүү жагы жана бюджетти бөлүштүрүү жагы Өзгөн райфин бөлүмүнө жана Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына дайындалсын.
4. Суралсын райондук билим берүү, санитардык-эпидемиология көзөмөл борбору, өрт коопсуздугу, жаратылышты коргоо бөлүмдөрүнөн талапка ылайык бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы.
5. Райондук мамлекеттик администрациясынан токтомду бекитип берүү жана Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоого алуу жагы суралсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |