Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-мартындагы №01-5/78
Коомдук алдын алуу Борборунун бир жылдык аткарган иштеринин отчётун угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы Коомдук алдын алуу Борборунун бир жыл ичинде аткарган иштеринин отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэрясынын алдындагы Коомдук алдын алуу Борборунун бир жыл ичинде аткарган иштеринин отчёту «жактырылсын» деп табылсын.
2. Коомдук алдын алуу Борборунун 2018-жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө 2005-жылдын 25-июнундагы № 82-Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы N 747 «Коомдук алдын алуу борборунун уставын бекитүү жөнүндө» токтомун жетекчиликке алышсын.
4. Аялдар Кеӊешинин иштери, бекитилген Уставдын алкагында иш алып барууну жандандырууну колго алууну жана көзөмөлдөөнү Коомдук алдын алуу Бороборунун төрагасына милдеттендирилсин.
5. Укук бузуулардын алдын алуу, жаштар менен иштөө, ыксыз чыгымдардын кыскартуу, коомдук тартипти сактоо, коомдук жайларда өзүн маданияттуу алып жүрүү иштерин Эл башы, квартал башчылары, Аксакалдар соту, аялдар кеӊеши шаардын имамы жана шаардык ички иштер бөлүмү менен биргеликте шаардагы бардык билим берүү мекемелеринде жүргүзүүнү;
- Коомдук алдын алуу Бороборунун иштерин жакшыртуу максатында, маданий массалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү секцияларын уюштурушсун.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупция менен күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Төрага | Я.Т. Абдурахманов |
|
БЕКИТЕМ
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин
төрагасы _____________Я.Т.Абдурахманов 2018-жылдын 30-мартындагы кезектеги X сессиясынын № 01-5/78-токтомуна № 1-тиркеме.
Кочкор-Ата шаардык мэриясынын алдындагы Коомдук алдын алуу Борборунун 2018-жылга карата ИШ-ПЛАНЫ
№ | Аткарылуучу иштердин мазмуну | Аткарууга жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү | эскертме |
1 | 2018-жылга карата Коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрүнүн отурумунун өткөрүү.(2018-жылга карата коомдук уюумдардын аткара турган иштери боюнча сунуштарды талкулоо) | Б.Артыков Коомдук алдын алуу борборунун мүчөсү,шаар мэриясынын адистери | Январ айы |
|
2 | Кочкор-Ата шаарынын аймагында диний экстермизмге бөгөт коюу боюнча прафилактикалык иш алып баруу.”Хизбут-Тахрир ж.б. агымдарга бөгөт коюу. | КААБдын мүчөлөрү,шаар мэриясы, мекеме ишканалардын жетекчилери, мектеп директорлору, милиция бөлүмчөсү, квартал башчылары, аялдар комитети, жаштар уюуму, Аксакалдар соту ж.б. |
Квартал сайын | Жергиликтүү Кеңештин депутаттары дагы тартылат |
3 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын залалдары боюнча жыйындарды өткөрүү | Квартал башчылары,Эл башчы,милиция бөлүмчөсү,мэриянын тиешелүү адистери | Жыл ичинде,зарыл болгон учурда | МЧСтин адистерин тартуу керек |
4 | Кочкор-Ата шаарынын аймагында жайгашкан окуу жайлардын, мектептердин окуучулары менен жүрүм-турум эрежелери, улуттук каада-салт, өзүнүн жанын өзү кыюу.сойкулук, адепсиздик, терроризм, эсктермизм ж.б. терс адаттар боюнча түшүндүрүү иштерди жүргүзүү | Окуу жайлардын мугалимдери, мектеп директорлору, коомдук уюмдардын башчылары, аялдар комитети, жаштар уюуму, соц. педогогдор, милиция бөлүмчөсү (коомдук алдын алуу борборунун катышуусу менен) |
Квартал сайын | Шаар мэриясы методикалык көргөзмөлөрдү уюуштурууга материалдык жардам көрсөтүү зарыл |
5 | Мектепке тартылбай калган окуучулардын тизмесин аныктоо жана анын себептерин тескөө,социалдык жагдайларына мониторинг жүргүзүү | Жаштар уюуму, квартал башчылары, милиция бөлүмчөсү |
Квартал сайын | Соц педогогдордун катышуусу керек |
6 | Жаш өспүрүмдөр арасында укуктук билимди жогорулатуу жана мыйзамга баш ийген жүрүм-турумду калыптандыруу максатында мектептер арасында кароо сынактарды, викториналарды, жолугушуларды өткөрүү,(УАМС Афган,Баткен) | Мектеп директорлору соц.педогогдор, жаштар уюуму | 2018-жыл сентябрь | Депутаттарды катыштыруу |
7 | Үй-бүлөөлүк зомбулуктарды, зордуктоолорду, суицид, норкомонии болтурбоо максатында укук коргоо кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрүү | Коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрү | 2018-жыл май айы | Соц.педогогдору уюуштуруусу керек |
8 | Жашы жетпеген кыздарды ала качууга,нике кыюуга тыйуу салынгандыгы үчүн мыйзамдарды түшүндүрүү | Ар түрдүү жыйындарда (КААБдын мүчөлөрү, молдолор) | системалуу |
|
9 | Шаардык мэриянын ар түрдүү иш чараларына активдүү катышуу. жашылдандыруу көрктөндүрүү иштерин колго салуу |
КААБдын мүчөлөрү | Өз убагында зарыл мезгилдер |
|
10 | “Таза Коом” программасынын алкагында коррупцияга шектүү болгон адамдарды мэрияга жана укук коргоочуларга маалымдап туруу |
КААБдын мүчөлөрү |
системалуу | Чара көрүүнүн жооптору тиркелет |
11 | “Жаңы доорго кырк кадам”программасынын алкагында укук бузуулардын санын азайтууга көмөктөшүү | Милиция бөлүмчөсү, Аксакалдар соту, соц.адистер, жаштар уюуму |
системалуу |
|
12 | Жугуштуу оорулулардын алдын алуу боюнча (спид,туберкулёз,ж.б) профилактикалык иштерди жүргүзүү | Аймактык үй-булөөлүк дарыгерлер тобу.жаштар уюуму |
Ар дайым |
|
13 | 31-августь Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлө турган иш чарада, коопсуздук жагдайды түзүүгө биргелешкен топторду түзүү | Шаар мэриясы , милиция бөлүмчөсү, мекеме уюумдар, КААБ | Августь 2018-жыл | Жактарды тартуу |
14 | “Коопсуз ордо” иш чарасы боюнча шаардан чыккан, шаарга кирген адамдардын тизмесин аныктоо,шаар мэриясына маалымат берүү | Квартал башчылары,милиция бөлүмчөсү |
Ар дайым | СНБ менен байланышта болуу керек |
15 | Аксакалдар сотунун иштеринин мыйзамдуулугунун натыйжасы боюнча ар кварталда маалыматын угуп туруу.(кагаз жүзүндө) | Аксакалдар сотунун катчысы |
Ар бир кварталда |
|
16 | Ар бир кварталдын иштеринин натыйжасына баа берип туруу жана ошого жараша баалоо | КААБдын төрөгасы жана катчысы | Ар квартал сайын |
|
17 | Аялдар комитетин, жаштар уюумунун аткарган иштеринин жыйынтыгына маалымат алуу | КААБдын төрөгасы анын орун басарлары | Ар бир квартал сайын |
|
18 | “Таза Коом”алкагында КААБдын чоң иш чарасын өткөрүү | Шаар мэриясы укук коргоо органдары, КААБ | 2018-жыл октябрь | Б.Артыков уюуштурат |
19 | КААБдын бир жылда жүргүзгөн иштери боюнча шаардык Кеңешке отчёт берүү | КААБдын төрөгасы Б.Артыков катчысы К.Мусабекова | Жыл аягында |
|
Коомдук алдын алуу борборунун төрөгасы _______________ Б.Артыков.
Катчысы ________________ К.Мусабекова