Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-мартындагы №01-5/79
Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин бир жылдык отчётун угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы, мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин бир жыл аралыгында аткарган иштеринин, ижарага берилген жерлердин, имараттардын ижарадан түшкөн акча каражаттарынын пайдаланышы жөнүндө отчётун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин бир жыл аралыгында аткарган иштеринин, ижарага берилген жерлердин, имараттардын ижарадан түшкөн акча каражаттарынын пайдаланышы жөнүндө отчёту «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Муниципалдык менчиктеги объектилерди коммерциялык багытта ижарага берүүдө, ижара акысын көтөрүү жолу менен бюджеттен тышкары каражаттардын суммасын көтөрүүнү карашсын жана шаардык Кеңештин кароосуну сунуш кылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
| Төрага | Я.Т. Абдурахманов |
|