Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-мартындагы №01-5/80
«Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын бир жылдык отчётун кабыл алуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Талайбек Мамадияровдун бир жылдык отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Талайбек Мамадияровдун бир жылдык отчёту «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин 2017-жыл аралыгында кабыл алынган төмөндөгү төктомдору аткарылган катары көзөмөлдөн алынып салынсын.
- 2017-жылдын 07-мартындагы № 01-05/15-токтому «Жергиликтүү бюджетин 2017-жылга бекитүү жөнүндө»
- 2017-жылдын 07-мартындагы № 01-05/16-токтому «Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин 2017-жылга карата штаттык бирдигин жана бюджетин бекитүү жөнүндө»
- 2017-жылдын 30-мартындагы № 01-05/22-токтому «Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө»
- 2017-жылдын 30-мартындагы № 01-05/23-токтому «Сыйлоо жөнүндө»
- 2017-жылдын 30-мартындагы № 01-05/25-токтому «Мэриянын кайрылуусун кароо жөнүндө»
- 2017-жылдын 07-июнундагы № 01-05/41-токтому «Жаш спортчуларды сыйлоо жөнүндө»
- 2017-жылдын 17-ноябры № 01-05/57-токтому «Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө»
- 2017-жылдын 17-ноябры № 01-05/64-токтому «Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеӊештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
| Төрага | Я.Т. Абдурахманов |
|