Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-мартындагы №01-5/81
«Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымынын бир жылдык отчётун кабыл алуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы Арстанбаева Касиеттин бир жылдык отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылары жөнүндө Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы Арстанбаева Касиеттин бир жылдык отчёту «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин 2017-жыл аралыгында кабыл алынган төмөндөгү төктомдору аткарылган катары көзөмөлдөн алынып салынсын.
- 2017-жылдын 05-июлу № 01-05/45-токтому «Жомок балдар бакчасынын иштөө абалынын жүрүшү жөнүндө»
- 2017-жылдын 30-мартындагы № 01-05/22-токтому «Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө»
- 2017-жылдын 17-ноябрдагы № 01-05/57-токтому «Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө»
3. Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин 2017-жылдын 30-мартындагы кезексиз V сессиясында кабыл алынган № 01-05/23- «Сыйлоо жөнүндө» токтому жокко чыгарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеӊештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
| Төрага | Я.Т. Абдурахманов |
|