Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-мартындагы №01-5/82
«Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын отчётун угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Абдилмурат Нышанкуловдун бир жылдык отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин «Мыйзамдуулу, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Абдилмурат Нышанкуловдун 2017-жыл аралыгында аткарган иштери «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин сессияларында кабыл алынган токтомдорунун мыйзамдуулугун көзөмөлгө алууну туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
| Төрага | Я.Т. Абдурахманов |
|