Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-мартындагы №01-5/85
Шаардык Кеңештин иш планын бекитүү жѳнүндѳ
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин 2018-жылга аткарылуучу иштеридин иш-планынын долбоорун угуп жана талкуулап, Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин Регламентин жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин 2018-жылга түзүлгөн иш-планы № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Шаардык Кеӊештин 2017-жылдын 07-мартындагы кезектеги IV сессиясынын «Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылга иш мерчемин бекитүү жөнүндө» № 01-05/12-токтому аткарылган катары көзөмөлдөн алынсын.
3. Шаардык Кеӊештин 2018-жылга бекитилген иш-пландын пунктарынын аткарылышна камсыз кылууну шаардык Кеӊештин жооптуу катчысына жана туруктуу комиссиялардын төрагаларына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
| Төрага | Я.Т. Абдурахманов |
|
БЕКИТЕМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы ____________ Я.Т.Абдурахманов.
XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясынын № 01-5/85-токтомуна тиркеме.
Кочкор-Ата шаардык Кеңештин 2018 - жылга карата түзүлгөн
ИШ МЕРЧЕМИ
№ | Каралауучу маселелердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Материалдарды даярдоого жана аткарууга жооптуулар |
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2018-жылга карата түзүлгөн иш мерчемин бекитүү | I квартал | Шаардык Кеңештин аппараты | |
Жергиликтүү бюджеттин 2017-жылдагы аткарылышын угуу жана 2018-жылга карата бюджетти бекитүү | I квартал | Шаардык мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы, шаардык Кеңештин депутаттары, бюджеттик комиссиясы | |
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2017-жылга аткарган иштеринин отчётун жана 2018-жылга коюлган милдеттери жөнүндө маалыматын угуу | I квартал | Шаар мэри, шаардык мэриянын аппарат кызматкерлери | |
Шаардык Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушуусу жана бир жыл ичинде аткарган иштеринин отчёту | I квартал | Шаардык Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери. | |
Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин бир жылдык аткарган иштеринин, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө отчёту | I квартал | Муниципалдык менчикти башкаруу Департаменти | |
Шаардын аймагында жайгашкан “ Ден-соолукту калыбына келтирүүчү борбордун” жана “Керемет” санаториясынын иштөө абалы | I квартал | Шаардык Кеңештин төрагасы, 4 туруктуу комиссиянын төрага жана төрайымдары | |
Шаардын аймагындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин иштеринин жүрүшү, үй-бүлөлүк дарыгерлердин ишинин абалын текшерүү | I квартал | Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелер боюнча туруктуу комиссиясы | |
Шаардык ички иштер бөлүмүнүн абалы, паспорт бөлүмүнүн паспорт берүү, алмаштыруу, каттоо боюнча ишинин абалы | I квартал | Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | |
Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин абалы, Тазалык ишканасынын иштөө абалы | II квартал | Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелер боюнча туруктуу комиссиясы | |
№15 «Жомок» балдар бакчасынын, (тарбиялык иштери, тазалыгы, тамактануусу) кароо | II квартал | Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелер боюнча туруктуу комиссиясы | |
Бюджеттин алты ай ичинде аткарылышы жана салыктардын түрү боюнча алты айда пландын аткарылышынын маалыматы. | II квартал | Шаардык мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы, салык бөлүмүнүн башчысы, бюджеттик комиссиясы | |
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин токтомдорун жана шаар тургундарынан түшкөн арыздардын аткарылышы боюнча, Кочкор-Ата шаар мэриясынын аткаруучулук тартибин кароо | III квартал | Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары, мыйзамдуулук комиссиясы жана шаардык Кеңештин аппараты. | |
Билим берүү мекемелеринин иштөө абалын (тарбиялык иштери, тазалыгы, тамактануусу)кароо | III квартал | Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелер боюнча туруктуу комиссиясы | |
2018-2019-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө шаардык мэриянын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | III квартал | Шаардын вице-мэри, «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы, | |
Коомдук алдын алуу борборунун бир жыл аралыгында аткарган иштеринин отчёту | IV квартал | Коомдук алдын алуу борборунун төрагасы, Аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин, квартал башчыларынын ж.б. коомдук уюмдар | |
Ар квартал сайын өзүнө бөлүнгөн участкадагы мектептерди кыдырып үй-бүлөөлүк талаш тартыш, зордук-зомбулук, суицид, коомдук тартип жана баланын укугун коргоо боюнча темада жолугушуу өткөрүү | Квартал сайын | Шаардык Кеӊештин депутаттары, квартал башчылар, аялдар кеӊеши, мектептин мугалимдери, Эл башы, Аксакалдар соту | |
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасына туруктуу комиссиялардын аткарган иштери боюнча отчёту | IV квартал | Туруктуу комиссиялардын төрага жана төрайымдары |
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы _______________ М.Мадосмонов.