Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын I кезексиз сессиясы
2016-жылдын 8 августу № 14
“Мырза-Аке Тазалык” ишканасынын бюджетин кайрадан кароо жөнүндө
“Мырза-Аке Тазалык” ишканасынын 2016-жылдын 6 айында кайрадан кароо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мырза-Аке Тазалык” ишканасынын 2016-жылдын 6 айында аткарган иши белгиленсин.
2. Катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылуу 200 (эки жүз) сом өлчөмдө бекитилсин.
3. “Мырза-Аке Тазалык” ишканасынын сметасы алымча кошумчасы менен бекитилсин.
4. Таштанды ташуучу тракторго кошумча дагы бир телешка чиркетип ташууну, айыл боюнча таштанды ташуу схемасын чийип, ошол схеманын негизинде таштанды ташууну уюштуруу, айыл ичиндеги таштандыларды өз убагында санитардык норманын талабына ылайык ташуу “Мырза-Аке Тазалык” ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |