Редакцияот 04.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 4-апрелиндеги №01-5/87

Сапар чыгымын төлөп берүү жөнүндө

 

     Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы,  шаарыбыздагы № 14 орто мектебинин директору 2018-жылдын 23-мартынан 04-апрелине чейин Россия Федерациясынын Удмурд Республикасында өтө турган мугалимдердин XVI Эл аралык ярмаркасына катышып келүү үчүн Ноокен райондук билим берүү бөлүмү сапар каражатына көмөк көрсөтүүнү суранып жазган катын угуп жана талкуулап «Жегиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    № 14 орто мектебинин директору Орозова Арзыкан Кочкоровнанын 2018-жылдын 23-мартынан 04-апрелине чейин Россия Федерациясынын Удмурд Республикасында өтө турган мугалимдердин XVI Эл аралык ярмаркасына катышып келүү үчүн Ноокен райондук билим берүү бөлүмү сапар каражатына көмөк көрсөтүүнү суранып жазган каты эске алынсын.

 

2.    Орозова Арзыкан Кочкоровнанын Россия Федерациясынын Удмурд Республикасында өтө турган мугалимдердин XVI Эл аралык ярмаркасына катышып келүүгө кеткен чыгымын мыйзам чегинде мүмкүнчүлүкө жараша төлөп берүүнү мэр А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Я.Т. Абдурахманов