Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-апрелиндеги №01-5/88
Сапар чыгымын төлөө жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы, шаардык Кеӊештин төрагасынын орун басары, төрагасынын милдетин аткаруучусу Абдурахманов Ядгоржон Тусунбаевич 2018-жылдын 14-жана 15-мартында расмий чакыруу менен Өзбек Республикасынын Наманган областына болгон иш сапарына кеткен чыгымды төлөп берүү жана Кыргыз Республикасынан тышкары иш сапарына барган муниципалдык кызматкерлерге иш сапарынын чыгымдарын төлөп берүү 2018-жылдын бюджетин бекитүүдө каралбай калгандыгы жөнүндө мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын берген маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш сапарына барган муниципалдык кызматкерлерге иш сапарынын чыгымын төлөп берүү боюнча мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын берген маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык Кеӊештин төрагасынын орун басары, төрагасынын милдетин аткаруучу Абдурахманов Ядгоржон Тусунбаевич 2018-жылдын 14-жана 15-мартында расмий чакыруу менен Өзбек Республикасынын Наманган областына болгон иш сапарына кеткен чыгымды мыйзам чегинде төлөп берүүнү шаардын мэри А.Т.Жумаевге жана мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Төрага | Я.Т. Абдурахманов |
|