Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-апрелиндеги №01-5/89
Шаардык Кеӊештин депутаты К.Суеровдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы, шаардык Кеӊештин депутаты, үй-бүлөөдө алты бир тууган, алты баланын атасы Канат Суеровдун ушул күнгө чейин алты бир туугандын бирөөсү же балдарына үй куру үчүн жер участка албагандыгы, азыркы күндө төрт кабаттуу көп квартиралуу үйдө тургандыгы боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеӊештин депутатын Канат Суеровдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын аймагынан жеке турак үй куруу үчүн жер тилкеси бөлүнө баштаганда Суеров Канатка жер участкасы ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин баашчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Төрага | Я.Т. Абдурахманов |
|