Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-апрелиндеги №01-5/90
Сыйлоо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясына караштуу Коомдук алдын алуу Борборунун төрагасынын, 2017-жыл аралыгында шаарыбызыдын өсүп өнүгүүсүнө, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыӊдоого, үрп адаттарды тарыхый жактан чыӊдоого, ыймандуулука үйрөтүү жана коомдук тартиптин алдын алуу чараларына активдүү катышкандыгы үчүн, «2017-жыл ыйман, адеп жана маданият» жылына карата коомдук алдын алуу борборунун кээ бир мүчөлөрүн Эгемендүүлүк күнүнө карата 31-август күнү салтанаттуу түрдө «Ардак грамота» менен сыйлоону сунуштаган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коомдук алдын алуу Борборунун төрагасы Артыков Базаркулдун, коомдук алдын алуу борборунун мүчөлөрүн, Эгемендүүлүк күнүнө карата 31-августа салтанаттуу түрдө «Ардак грамота» менен сыйлоону сунуштаган кайрылуусу эске алынсын.
2. Коомдук алдын алуу борборунун төмөндөгү мүчөлөрү, 2017-жыл аралыгында шаарыбызыдын өсүп өнүгүүсүнө, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыӊдоого, үрп-адаттарды тарыхый жактан чыӊдоого, ыймандуулука үйрөтүү жана коомдук тартиптин алдын алуу чараларына активдүү катышкандыгы үчүн Эгемендүүлүк күнүнө карата 31-августа салтанаттуу түрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын «Ардак грамотасы» менен сыйлансын.
- Дарманкулов Аскарали Аксакалдар сотунун төрагасы;
- Нышанов Таирбек Шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы;
- Курбаналиев Жолдошали Эл башы;
- Артыков Базаркул Коомдук алдын алуу борборунун башчысы;
- Мусабекова Калдаркан Коомдук алдын алуу борборунун катчысы:
3. Тоткомдун аткарылышын камсыз кылууну мэриянын социалдык бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеӊештин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
| Төрага | Я.Т. Абдурахманов |
|