Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезексиз VII -сессиясы
2018-жылдын 31-январындагы № 1
Ак-Суу айылдык кенешинин 2018-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Ак-Суу айылдык кенешинин 2018-жылга иш планын айылдык кенештин төрагасы Т.Эшалиевдин билдирүүсүн угуп талкуулап Ак-Суу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылдык кенешинин 2018-жылга иш планы бекитилсин.
(Тиркеме тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
3. Токтом www.aksuu.biz.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Ак-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Малабеков |
Ак-Суу айылдык кенешинин 31.01.2018-ж.
№1токтомуна тиркеме.
Ак-Суу айылдык кеӊешинин 2018-жыл үчүн иш планы.
I. Сессияда каралуучу маселелер.
2018-жылдын 1-кварталында
1. «Ак-Суу айылдык кенешинин 2018-жыл үчүн иш планын бекитүү». Айылдык кенештин төрагасы Т.Эшалиев.
2. «Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө». Айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун отчёту. 2018-жылга иш планын бекитүү.
Маселени айылдык кенештин туруктуу комиссиялары даярдашат.
Жооптуу: Шадыканов Д., Добулбеков Т., Мамытов С., Акматов Н.
3. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБнин башчысы башкы-эсепчи А.Кожобековдун отчету.
Маселени «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясы даярдайт. Жооптуу Д.Шадыканов.
4. Ак-Суу айылдык ЖПБсинин 2017-жылда жүргүзгөн иши жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы Н.Момукуловдун отчёту жана 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө.
Маселени «айыл чарба жана экология», «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиялар даярдашат. Жооптуулар Н.Акматов, Д.Шадыканов.
2018-жылдын 2-кварталында
1. Айыл аймагындагы санитардык абал, айылдарды көрктөндүрүү, коомдук жайлардынтазалыгын сактоо боюнча жүргүзүлүүчү иштер жөнүндө.
Маселени «Айыл чарба жана экология» жана «Социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссиялары даярдайт. Жооптуулар Мамытов С. Акматов Н.
2. Жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү жана малдарды дарылоо, профилактика жүргүзүү иштерин уюштуруу боюнча айыл аймагында жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө.
Маселени «Айыл чарба жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссия даярдайт. Жооптуу Н.Акматов.
3. Ак-Суу токой чарбасынын жаратылышты коргоо багытында жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө токой чарба директору П.Жабайкуловдун отчётун угуу.
Маселени «Айыл чарба жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссия даярдайт. Жооптуу Н.Акматов.
2018-жылдын 3-кварталында
1. Айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жер аянттарын пайдалануунун абалы жөнүндө.
Маселени «Айыл чарба жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссия даярдайт. Жооптуу Н.Акматов.
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын алты айында жүргүзгөн иши жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун отчётун угуу.
Маселени айылдык кенештин туруктуу комиссиялары даярдашат.Жооптуу: Шадыканов Д., Добулбеков Т., Мамытов С., Акматов Н.
2018-жылдын 4-кварталында
1. Айылдык кенештин депутаттарынын отчёту (туруктуу комиссиялар).
2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иши жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы У.Качыбековдун отчётун угуу.
Маселени айылдык кенештин туруктуу комиссиялары даярдашат.Жооптуу: Шадыканов Д., Добулбеков Т., Мамытов С., Акматов Н.
II. Уюштуруу маселелри.
1. Депутаттардын өз шайлоочулары менен жолугушууларын уюштуруу. 2018-жылдын январь жана декабрь айларында. Жооптуулар: Айыл башчылар жана жооптуу катчы Т.Чойбекова.
2. Депутаттардын айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлүүчү жыйындарга жана коомдук угууларын чогулуштарына катышууларын камсыз кылуу. Айыл өкмөтүнүн түзгөн графигине ылайык. Жооптуулар: төраганын орун басары К.Төрөкулов, айыл башчылар.
3. Даталуу жана майрамдык күндөргө карата өткөрүлүүчү салтанаттуу иш чараларга айылдык кенештин депутаттарынын катышуусун уюштуруу. Иш чаралардын өткөрүлүшүнө жараша. Жооптуу: К.Төрөкулов.
4. Туруктуу комиссиялардын талаптагыдай иштешин уюштуруу жана камсыз кылуу. Иш планга ылайык . Жооптуу: К.Төрөкулов. Т.Чойбекова.
5. Айылдык кенештин сессиялардын иш планга ылайык жана кезексиз сессияларын зарылдыгына жараша өткөрүүнү камсыз кылуу. Жооптуу: Т.Эшалиев.
Иш план айылдык кенештин 7-чакырылышынын 2018-жылдын 31-январындагы
7 - сессиясында кабыл алынып бекитилди.
Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасы: Т.Эшалиев