Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VI чакырылыштагы) депутаттарынын I кезексиз сессиясы
2016-жылдын 11-июну № 15
Биргелешкен муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын сунуш катын жана Айыл, жер, суу чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке, Дөң-Булак, Куршаб айыл өкмөттөрүнүн таза суу боюнча биргелешкен муниципалдык ишканасы түзүлсүн.
2. Биргелешкен муниципалдык ишкананын түзүлүүсү үчүн үч жактуу келишимге кол коюу, ал ишкананын Мырза-Аке айыл тургундарынын таза суу боюнча маселелерин чечүүгө толук жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жоопкерчилиги айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Биргелешкен муниципалдык ишкананы түзүү үчүн акча каражаты менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А. Келдибековко милдеттендирилсин.
Төрага | С.Т.Жусупов |