Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезексиз VII -сессиясы
2018-жылдын 31-январындагы № 3/1
Ак-Суу жайыт комитетинин төрагасы М.Чокоевдин жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөлөрүнүн өлчөмдөрү жөнүндө
Ак-Суу жайыт комитетинин 2018-жылга жайыт жерлерди пайдаланууга төмөнкү карата жайыт комитетинин төрагасы М.Чокоевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Ак-Суу айылдык Кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу жайыт комитетинин 2018-жылга жайыт жерлерин пайдаланган атуулдарга төмөнкү тартипте мал жандыктардын башын карап чыгып:
1 баш кара мал, жылкы, эшек үчүн 1 жылга 65 сом (1 коэффициент), 1жаштагы кара мал үчүн 1 жылга 45 сом (0,7 коэффициент),
1 баш кой, эчки үчүн 1 жылга 13 сом ( 0,2 коэффициент) менен бекитилсин.
2. Башка айыл өкмөттөрдөн, район, шаарлардан келген чарба мал-жандыктары Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн жогорудагы берилген коэфицент 1,5 эсеге жогорулатылып өндүрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин төрагасынын орун басары К.Төрөкуловго милдеттендирилсин.
4. Токтом www.aksuu.biz.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Ак-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Малабеков |