Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезексиз VII -сессиясы
2018-жылдын 31-январындагы № 5
ЖЧК «Көмүр Кен» ишканасынын арызын кароо жөнүндө
ЖЧК «Көмүр Кен» ишканасынын кайрылган арызын карап чыгып ЖЧК «Көмүр Кен» ишканасына берилген №5498 СЕ лицензиянын негизинде «Разрез Кара-Су №2» Северный площадь участкасынан убактылуу жер казынасын пайдалануу жумуштарына 51,7 га жер бөлүп берүү жөнүндө айылдык кенештин депутаттары, талкуулап Ак-Суу айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЖЧК “Көмүр Кен” ишканасына №5498 СЕ лицензиясына негиз «Разрез Кара-Су №2” Северный площадь участкасынан убактылуу жер казынасын пайдалануу жумуштарына 51,7 га жер аянтына уруксат берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер аянтына тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Аксы райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын негизинде салык жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөө ЖЧК “Көмүр Кен” ишканасынын жетекчиси Т.Б. Бекмуратовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н. Акматовго милдеттендирилсин.
5. Токтом www.aksuu.biz.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Ак-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Малабеков |